Кара-Кулжа Району

Кара-Кулжа району — Ош облусундагы административдик бирдик.

Түндүк жана түндүк-батышынан Өзгөн, чыгышынан Нарын облусунун Ат-Башы, батышынан Алай райондору, түштүгүнөн Кытай менен чектешет. Район 1937-жылы уюшулган. Аянты 5,7 миң км2 (Ош облусунун аймагынын 19,6%и). Калкы 99 536 киши (2020). Ооданда 11 айыл өкмөтү, 43 кыштак бар. Борбору — Кара-Кулжа кыштагы. Жери негизинен тоолуу, Кара-Кулжа жана Тар сууларынын алабынан орун алган. Эң бийик жери 4900 м (Үч-Сейит массивинде), эң жапызы —780 м. Райондун аймагында Фергана тоо тизмегинин чыгыш тармактары (Үч-Сейит, Тасырак-Сай ж. б.), Академик Адышев, Алайкуу кырка тоолору, Алай-Куу, Кара-Кулжа, Кулун, Капчыгай, Ажыке өрөөндөрү жайгашкан. Табигый ресурстарынан Кара-Кулжа, Кулун, Терек жана башка минералдуу суулары, курулуш материалдардын кендери бар.

Кара-Кулжа району
Өлкө

Кыргызстан

Административдик борбор

Кара-Кулжа

Расмий тили

Кыргыз тили

Калкы

99 536

Деңиз
денгээлинен бийиктиги
 • Бийик чекити
 • Эң төмөнкү чекити



 4 900 м
 780 м

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Телефон коду

+996

Климаты

Климаты континенттик. Кышы суук, кар арбын жаайт. Январдын орт. температурасы —10—14,8 °C; жайы ысык, кургак, июлдуку 25—35,3 °C.

Табияты

Тар (куймалары: Кулун, Терек, Алайкуу, Акбогуз жана башка), Кара-Кулжа (Сур-Таш, Тасыракай жана башка). Көлдөрү: Кулун, Көл-Кайыңды жана башка. Эгилме ландшафт 780— 1000 м бийикте. Андан жогору каралжын боз топурактуу талаа (1000—2000 м), кара топурактуу бийик тоо талаасы, токой (2500—3000 м), альп жана субальп, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Райондун аймагында облустун калкынын 7,9% жашайт (2011). Төрөлүүнүн деңгээли 22,8%о, өлүм-житим 5,2%о, табигый өсүш 19,7%о (2008). Калкынын 46%и эмгек жашына чейинкилер, 45,9%и эмгек жашындагылар, 7,6%и эмгек жашынан өткөндөр. Калкынын 60,9%и деңиз деңг. 1000—1500 м, 18,0%и — 1500—2000 м, 21,1%и 2000—2500 м бийикте отурукташкан. Калктын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 15 киши. Кара-Кулжа районунун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт. Райондо 22,5 миң бодо мал (а. и. 12,5 миң саан уй), 116,3 миң кой, эчки, 15,4 миң жылкы, 25,1 миң үй канаттуулары болгон; 9,5 миң т эт (тирүүлөй салмакта), 19,5 миң т сүт, 342 т жүн өндүрүлгөн. Жалпы жер фондусу 571,2 миң га (2000), анын ичинен айыл чарбага жарактуу жери 340,1 миң га (жеринин 59,4%и). Айдоо аянты 13,6 миң га (анын 4,0 миң гасы сугат жер), 0,2 миң га бак-дарактар, 16,1 миң га чабынды, 310,0 миң га жайыт. Дан-эгиндери (7,8 миң га, а. и. буудай — 5,0 миң га), картөшкө (0,9 миң га) ж. б. өстүрүлөт (2002). Өнөр жай тармагы райондун татаал экон. геогр. абалына байланыштуу өнүккөн эмес (облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 0,6%ин берет). «Ак-Терек» АК (тейлөө үйү) иштейт. Райондо негизинен автомобиль транспорту өнүккөн. Анын аймагынан Өзгөн — Кара-Кулжа — Кызыл-Жар, Кара-Кулжа — Сары-Булак — Гүлчө автомобиль жолдору өтөт. Райондо 2010-жылы автомобиль транспорту менен жүк ташуу 51,1%ке, жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү 11,1%ке өскөн. Райондо 49 жалпы билим берүүчү (анын ичинен музыкалык) мектеп, 2 мектепке чейинки мекеме, китепкана болгон. Райондук жана 12 участкалык оорукана, учук диспансери, 24 ФАП, 17 үй-бүлөлүк врачтар тобу жана башка медициналык мекемелер иштейт.

Административдик-аймактык түзүлүшү

Райондо 12 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 55 айыл бар:

Булактар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5

Tags:

Кара-Кулжа Району КлиматыКара-Кулжа Району ТабиятыКара-Кулжа Району Административдик-аймактык түзүлүшүКара-Кулжа Району БулактарКара-Кулжа РайонуАжыкеКапчыгайКара-КулжаКара-Кулжа, Кара-Кулжа районуНарын облусуОш облусу

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Саспаев АманТиричиликФразеологизмдерДем алууАбдыкерим СыдыковТактоочОозул (стоматит)Энесай кыргыздарыАдабий сынАнатай ӨмүркановХронологиялык жадыбалНарын дарыясыҮндөштүкКыргыз ашканасыМолекулаМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Чагатай улусуКыргызстандын шаарларыБайламтаМодал сөздөрМенингитЫктымалдуулук теориясыТөрөбай КулатовМоңголдорАк-Талаа районуСоциалдык психологияТоголок Молдонун чыгармаларыВирусХромосомаларКан тамырларФранцияКыргызстандагы металлдарКитептин тарыхыАльберт ЭйнштейнАтом ядросуКыргызстандын экологиялык көйгөйүИлептүү сүйлөмКыргызстандагы майрамдарКоомГезитМамлекеттик башкарууКалкКонфликтМутацияТурусбеков Жусуп«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруЭмгек укугуКубатбек ЖусубалиевЖусуп АбдрахмановКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиБирдиктер системасыАарыАбиотикалык факторлорБириккен Улуттар УюмуКыргызстанНарын облусуСоветтер Союзунун баатырларыБалбай баатыр Эшкожо уулуБаланын психикасынын өөрчүшүЛатын АмерикасыКакырык чыгаруучу дарыларАзот кислотасыПризмаКоло дооруМуктар АуэзовКыргыз Республикасынын экономикасыЖалал-АбадОрфоэпия (лингвистика)СтрессОрозбак уулу СагымбайТемирКлиматФотосинтезЖакыпӨтмө мааниТүгөлбай СыдыкбековФирмаАмерика🡆 More