Робот (чехче robot, robota – барщина, милдеттүү эмгек, rob – кул) – айлана-чөйрө менен аракетинде жарым-жартылай же толугу менен адам сымал (антропоморфтуу) кыймылдоочу машина.
«Робот» терминин алгачкы жолу чех жазуучусу К. Чапек чыгармасында колдонгон. Ал көбүнчө адам кейпинде жасалат. Өнөр-жайда, илим изилдөөдө, куткаруу ишинде өнөр-жайлык Робот колдонулат. Анын үч түрү бар: а) өзгөрүлбөс программалуу; б) адам-оператор башкаруучу; в) адамсыз эле максаттуу («акыл менен») иштөөчү, б. а. жасалма интеллектүү Робот Ал негизги 3 блоктон – кабыл алуу жана аткаруу механизмдеринен, башкаруу блокторунан турат. Роботту түзүүдө адамды тууроо гана эмес, кээ бир татаал жана бир өңчөй операцияларды адамдан жакшы аткарууга мүмкүнчүлүгү бар системаны түзүү максаты коюлат. Азыркы Робот – программалык-башкарылуучу манипулятор, ал өтө так, тез жана өтө кооптуу же адам бара алгыс шартта (космосто, деңиз түбүндө) иштей алат. Робот адамдан күчтүү, берилген операцияларды адамдан тез аткарышы менен экономикалык жактан пайдалуу болушу керек.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Робот, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.