Жаратылышта жандуу организмдер белгилүү комплекстерди – жаратылыш коомдорду түзүшөт.
Мындай түрлөрдүн бир бири менен байланыштагы комплекстери, белгилүү бир аймакты ээлеп жашашат да биоценозду пайда кылышат.
Биоценоз - (био... жана гр. koinos жалпы) белгилүү бир географиялык мейкиндикте тарыхый эволюциялык жактан бири-бири менен тыгыз байланыштагы өсүмдүк, жаныбар жана микроорганизмдердин популяцияларынын жыйындысы. Биоценоз терминин немец биологу К. Мёбиус киргизген (1877). «Биоценоз» тирүү организмдердин эволюциялык өнүгүүсүндөгү табигый тандалуунун натыйжасы болуп эсептелет. Биогеоценозду түзүүчү организмдердин тиричилик үчүн күрөшү табигый-эволюциялык факторлордун натыйжасында пайда болгон. Биоценозго кирген өсүмдүк жыйындысы фитоценоз, ал эми жаныбарлардыкы зооценоз деп аталат. Биогендик зат алмашуу катнаштары боюнча организмдер автотрофтор, гетеротрофтор жана сапрофагдар болуп бөлүнөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Биоценоз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.