Мүнөз (грек тилинен χαρακτηρ — айырмалоочу, өзгөчөлөөчү, белги) — кишинин жүрүш-турушун, кыймыл-аракетин мүнөздөгөн жеке психикалык касиеттеринин жыйындысы.
Мүнөз ар бир кишинин өзгөчө кыял-жоругу, кайталангыс жеке сапаты болуп эсептелет. Мүнөздө кишинин кайраттуулугу, эмоциялык өзгөчөлүктөрү, тышкы чөйрөнүн таасирин сезүү темпераменти жана акыл өзгөчөлүгү байкалат. Мүнөз жеке кишиге таандык туруктуу касиет, бирок аны тарбиялоо менен өзгөртүүгө болот. Мүнөз кишинин жүрүш-турушун, кылык-жоругун, табиятка, коомго жана өзүнө кылган мамилесин көрсөтөт. Мүнөздүн калыптанышында социалдык шарт, үй-бүлөдөгү, мектептеги таалим-тарбия, айланадагылардын жүрүш-турушу өтө маанилүү. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн мүнөзүн калыптандырууда алардын жакшы кыялдарын чыңдоого, терс кыялдардан четтетүүгө аракеттенүү зарыл.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мүнөз (психология), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.