Токтогул ГЭСи — Кыргызстандагы суу электр энергиясын өндүрүүчү жана ирригациялык эң ири ишкана.
Кетментөбө өрөөнүнүн чегинде, Нарын дарыянын нугунун кууш жеринде курулган. 1962-ж. курула баштап, 1975-жылдан иштейт. Төрт агрегаты бар, жалпы кубаттуулугу 1200 мВт; долбоор боюнча жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмү 4,4 млрд кВт/саат.
Суу сактагычтын көлөмү 19,5 млрд м3; Бирок электр энергиясын чыгарга пайдалуу көлөмү болгону 8,5 млрд м3 түзөт. Плотинасынын бийиктиги 215 м. Иштегенден бери 96 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүргөн. ГЭСте 180 адам иштейт (2001).
Иштегенине 40 жылдын чамасы болгондуктан ири жанылануусу - бөтөнчө электр-механикалык жабдыктарынын - талап. (2013).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Токтогул ГЭСи, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.