Бир Клеткалуу Организмдер

Бир клеткалуу организмдер - денелери бир клеткадан турган жаныбарлар жана өсүмдүктөр.

Булар бүт дээрлик жөнөкөй көзгө (микроскопсуз) көрүнбөгөн организмдер. Өсүмдүктөр дүйнөсүнө кирүүчү Б. к. о. - протофиттер, ал эми жаныбарлар дүйнөсүнө кирүүчүлөрү протозоа деп аталат. Б. к. о бөлүнүү жана жыныстык жол (коньюгация) менен көбөйөт. Аларга бактериялар, балырлар менен козу карындардын кээ бирлери, жөнөкөйлөрдүн көпчүлүгү кирет. Булар сууда, топуракта жана организмдерде (мителер) жашайт. Жаныбарларда жана өсүмдүктөрдө жашагандары аларды жабыркатат.

Бир Клеткалуу Организмдер
Прокариоты.
Бир Клеткалуу Организмдер
Оптическая микроскопия простейших.

Бир клеткалуу жаныбар же эң жөнөкөйлор - микроскоп менен көрүүнүчү эн майда, көзгө илээшпеген жаныбарлар. Алардын денеси бир клеткадан турат. Денеси негизин цитоплазма жана бир же бир нече ядролор түзүшөт. Дененин формасы ар түрдүү: уузунча, ийик, жана шар сымал. Кыймылдоо, азыкнуу, дем алуу, бөлүп чыгаруу, көбөйүү өңдүү тиричилик кызматтарын дененин өзгөчө бөлүктөү аткарат. Алар жер бетинде жана суудагы ар кандай чөйрөлөрдө: денизде, тузсуз сууларда, көлмөдө, нымдуу топуракта, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана кишинин организмде жашашат.

Бир клеткалуу жаныбарларды 1676- ж. Антон Левенгук ачкан. Азыркы убакта эң жөнөкөйлөрдун 3 миндей түрү белгилүү.

Түзүлүшү

Сут эмүүчүлүрдүн кан кан денечелеринде учураган лейшмандардын өлчөмү 2- 4 мкм, бурсарияныкы 1,5 мм. Фораминиферлердин кабы- туурасынан 5- 6 см келет.

Бир клеткалуу жаныбарлардын денесинин формасы да ар түрдүү. Бирөөнүн формасы жалпагыраак узун келет, экинчисиники ийикке окшойт, башкалары тоголок шар сымалдуу, нурларын чачкан күнгө окшогондору да бар. Көпчүлүк бир клеткалуулардын туруктуу формасы болбойт. Бир клеткалуулардын денесинин ич жагын цитоплазма ээлейт. Ал эки катмардан турат.: биринчиси, жукараак тунук желатин сымал сырткары катмар- эндоплазма. Цитоплазмада бир же эки, же андан да кобуроок ядролор, ошондой эле ар түрлүү органчалар: азык эритүүчү, болуп чыгаруучу вакуолдор, ашыкча заттар, азыктар болот.

Дем алуусу

Эң жөнөкөй жаныбарлар башка көп клеткалуу жаныбарлар сыяктуу эле кычкылтек менен дем алышат.Аларга керектүү болгон кычкылтек дене каптоолору аркылуу ичине кирип, цитоплазмага өтөт да, татал органикалык заттардын кычкылдандырып сууга, көмүр газынын ж.б заттарга айландырылат. Бул учурда бир клеткалуу жаныбарлардын жашоосуна керек энергия болуп чыгат. Эн жөнөкой кычкылтекти ар түрдүү керектешет. Түзүлүшү кыймыл аракеттери өзгөчө, инфузорияларда, дем алуу жай кыймылдаган амебага караганда тез жүрөт, демек, алар кычкылтекти көп керетешет.

Көбөйүшү

Эн жонокойлордун кобойушу ар кандай жолдор менен журот. Кобунчо эн жонокойлордо болунуп кобойу жолу учурайт. Андан башка жыныстык жол мен да кобойушот . Болунуп кобойудо бир да жеке жандык, озунчо эки жаш жандыкка ажырайт. Болунуу ядродон баштап, ал чоюулуп, акырын узарат да , орто жеринен бөлүнүп көбөйүшөт.

Колдонулган адабияттар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

Tags:

Бир Клеткалуу Организмдер ТүзүлүшүБир Клеткалуу Организмдер Дем алуусуБир Клеткалуу Организмдер КөбөйүшүБир Клеткалуу Организмдер Колдонулган адабияттарБир Клеткалуу ОрганизмдерБактерияларБалырларЖаныбарларЖөнөкөйлөрКозу карындарОрганизмӨсүмдүктөр

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жүрүм-турумКыргызстандагы таш дооруКөркөм сүрөт искусствосуИшеналы АрабаевБишкек чебиВенераИскактын көтөрүлүшү (1873–75)Мутациялык селекцияЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүМутацияЖырткычтарБайтик баатырБелок структураларыАлмаАлай районуКасымалы ЖантөшевКыргызстандын Россияга каратылышыСак цивилизациясыМонгол империясыКубаттуулукКүндөрдүн аталышыАлгачкы СоветтерПроекцияЖумушсуздукКалыгул Бай уулуКуркуре дарыясы (Чулышман куймасы)Курманбек эпосуАмерика Кошмо ШтаттарыПопуляцияЖаныбарАсан КайгыАбдылас МалдыбаевИнсанОш коогалаңы (1990)Юнусалиев Болот МураталиевичКыргызстандын гимниРюноске АкутагаваФосфорКурал-жаракАксонометриялык проекцияларАлфавитТөлөгөн КасымбековДем алуу системасыАмир ТемирКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиБеш жүз сомМолдоваЛексикологияКвадратКыргыз оюм чийимдериАнатай ӨмүркановТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүЖамийла (повесть)Каныбек ОсмоналиевОсмоналиев КачкынбайТамак сиңирүү системасыКасымалы БаялиновМамбетимин уулу КазыбекКызылча (оору)HTMLРадиоактивдүүлүкКөп маанилүү сөздөрБиринчи майКамсыздандырууТурусбеков ЖусупАныктоочБагыныңкы сүйлөмУсубалиев Турдакун УсубалиевичАлаш (партия)Дезоксирибонуклеин кислотасыКүзМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыАйлардын кыргызча аталышыРадикализмЛатын АмерикасыХлорКара-Кулжа району🡆 More