Цитоплазма

Цитоплазма (цито...

жана плазма) ― клетканын плазма мембранасы менен ядронун ортосундагы бөлүгү.

Ал көп фазалуу коллоиддик тутум ― гиалоплазмадан жана андагы органиоддерден, микротүтүкчөлөрдөн, микрофибриллдерден, бүртүкчөлөрдөн турат. Гиалоплазма түрдүү биополимерлерден, белок, нуклеин к-талары, углеводород ж. б. заттардан түзүлөт. Цитоплазма плазма мембранасы аркылуу тышкы чөйрө менен, ядро кабыкчасы аркылуу ядро менен байланышта болуп, алар менен зат алмашат. Цитоплазмада ядродо жүрүүчү бардык метобола процесстери жүрөт. Цитоплазма аркылуу клетканын органиоддери, структуралык элементтери бири-бири менен механикалык, химиялык байланышат, заттар клеткада бир орундан экинчи орунга ташылат, запас азык заттар сакталат. Жаныбар клеткасынын цитоплазмасы эктеплазмадан жана эндоплазмадан турат.

Булактар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Элдик медицинаАт — адамдын канатыМенингитФотосинтезТоголок МолдоОюнЭркин сөз айкашыАлюминийАКШдагы жарандык согушТүрМаалымат технологиясыКыргыздын чен бирдиктериУзак жолПунктуацияОмор СултановСейтекАйгүл гүлүАлмамбетЭлементтер мезгилдик системасыБайыркы Египет маданиятыФранцияКыргыз Республикасынын БаатырыЖасалма интеллектКыргыз адабиятыДем алууКозу карындарОптикаКан тамырларЖай мезгилиКалендарьЭпосМейкиндик жана убакытКомуз күүсүРиторика.Риторика илими.Латын АмерикасыТоголок Молдонун чыгармаларыКыргызстандагы металлдарМексикаАйлана-чөйрөКлеткаУкукГаздардагы электр разрядыМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыБизнес-планМоскваТамсилОрфографияПирамида (геометрияда)Отоо чөпБайдылда СарногоевКет БукаКутурмаДинУкук бузууБилим берүүКүндөрдүн аталышыКелишимЖогорку окуу жайыКыргыз Республикасынын экономикасыЖылкыМакаров тапанчасыЖер-суу реформаларыАлай районуДен соолукСары-ЧелекЕвропаСын атоочБайыркы кыргыздарЖаратылышБайтик баатырМамлекеттик бюджетБайчечекейКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыАндронов маданиятыБарпы АлыкуловЛирикаКалпак🡆 More