Алюминий (лат.
Aluminium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 3-мезгилинин IIIА группа элементи. К.н. 13; ат. м. 26,9815; жер кыртышында таралышы боюнча металлдар ичинен 1-орунду ээлеп 8,8 % түзөт. А. жаратылыш минералдары: KАlSi3O8, NaAlSi3O8, NaAlSO4, Ca(AlSiO4)2, KАl(SiO3)2 – талаа шпатттары, Na2OAl2O32SiO3 – нефелин, Al2O32H2O3 – боксит, Na3[AlF6] – криолит. Жалпысынан А. жаратылышта алюмосиликаттар, боксит, корунд жана криолит түрүндө учурайт. А. моноизотоптуу элементтер катарына кирет. Окистенүү даражасы +3, кээде +1,+2 А.өндүрүүчү мамлекеттерге Орусия, Гренландия, Норвегия, Швеция, Австралия, Бразилия, Гвинея, Орто Азиядан Тажикстан кирет. Таза А. (99,996%) тыгызд. 2,70 г/см3 (20оС), эрүү темп-расы 660,24оС кайноо темп-расы 2500оС. А. Si, Cu, Zn, Mn ж. б. элементтер менен ар түрдүү касиеттеги, өтө бышык куймаларды пайда кылат. Абада тез окистенип, Al2O3 жука кабыкчасы менен капталат. Ал А. андан ары окистенүүдөн сактайт. Жогорку темп-рада азот, көмүртек, күкүрт менен реакцияга кирип, нитрид (AlN), карбид (Al4C3), сульфид (Al2S3) берет. Галогендер менен да реакцияга кирет. Щелочто оңой эрип суутекти бөлүп чыгарат да алюминатты пайда кылат. Бул касиети А. амфотердик мүнөзүн көрсөтөт:
2Al+2NaOH+10H2O 2Na[Al(OH)4(H2O)2]+3H2
Мындай касиетке А. оксиди жана гидроксиди да ээ. Алюминий өнөр жайларда криолитте (Na3AlF6) эритилген бокситти электролиздөөдөн алынат. Электролит курамы (м. б-ча): 75-90 % Na3 [AlF6], 5-12 % AlF3, 2-10 % CaF2, 1-10 % Al2O3: молярдык катышы NaF: AlF3 = 2,20: 2,85. А. 1827-ж. немец химиги Ф. Велер AlCl3 калий менен калыбына келтирүүдөн алган. Таза А. жылуулукту, электр тогун жакшы өткөргөн, коррозияга туруктуу, чоюлгуч, жеңил, оңой ширетилүүчү, күмүш сымал ак металл. А. электр тех-сында, авиацияда, өнөр жайларда, металлургияда, архитектурада, ядролук реакторлордо, турмуш тиричиликте керектелүүчү буюмдарды жасоодо кеңири колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Алюминий, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.