Ордо Оюну

Ордо оюну кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири.

Ордо оюнуна ондон жыйырмага чейин оюнчу катыша алышат. Ордо оюну тапталган түз жерде, көбүнчө кырманда ойнолгон. Ошондой эле кой короодо ойноого да ыңгайлуу. Ордо оюнуна диамерти 14 метр болгон тегерек чийилет. Ордонун борборунун жыдымасына «кан» салынат. Анын айланасында бир оюнчуга бештен эсептелип, тегерек формада бөгүнөн чүкөлөр түзүлөт. Эгерде мелдешке 20 киши катышса, анда ордого 98 чүкө жана «кан» салынууга тийиш. Анткени «кан» эки чүкөгө эсеп кылынат.

Ордону көбүнчө топоздун томпою менен атышкан. Анткени уйдукунан топоз томпою оор жана катуу келет. Кийинчерээк тоо текенин мүйүзүнөн узундугу 8 см, туурасу 6 см, калыңдыгы 2,5 см болгон абалак жасап, ордо атышкан. Ордону абалак менен Ысык-Көл, Нарын, Чүй өрөөнүндө атышса, Түштүк облустарда жана Таласта томпой менен гана ойношкон.

Учурда ордо оюнунун бирдиктүү эрежеси иштелип чыгып, томпой менен гана ойноо каралган. Ордо оюнунда ура атуу, топ бузуу, кыңай атуу, кадамак кадоо, тоорумай, чалмай атуу жана чертүү ыкмалары кеңири колдонулат. Ошондой эле тыюу салынган бир нече кыймыл-аракеттер, жыдымайдын түрлөрү дагы так эрежеге салынган. 

Эрежелери

Оюнчулардын саны 12—20 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер; аянтча,

Оюнда колдонуучу аспаптар: чүкөлөр, алардын саны катышуучуларга жараша болот, ар бир оюнчуга 5 чүкөдөн салынат.

Кан — диаметри 6 мм, калыңдыгы 2 мм. келген мүйүздөн же сөөктөн да, тегерек формада болот. (Канды бир тыйдык чака тыйындан жасоого болот). Ордо атыш үчүн оюнчулар томпой же абалактты колдонушат.

Абалак мүйүздөн жасалып, узундугу 3 см., кеңдиги 3 см.. жана калыңдыгы 2,5 см. келген тик бурчтуу формада болот.

Оюн үчүн «калыс» — чен узундугу 40 см. келген жыгач чыбыктан жасалат, анын жоондугу ар кандай болушу мүмкүн,

Оюнга даярдануу

Ордо оюну үчүн диаметри 14 метр келген тегерек аянтча чийилет. Чийим 5 мм. ашпаган кеңдикте акиташ менен сызылат. Бул сызыктан тышкары бир метр кеңдикте экинчи айлантма сызык чийилет.

Чийимдин дал ортосунда кеңдиги 2 см. жана тереңдиги 1 см. ашпаган чуңкур казылат да, анда «кан» жайгашат. «Канга» кошуп үч чүкө салынат да, алар «кан» менен бирге 5 чүкө келип эсептелинет. Анын айланасына бардык оюнчулардын санына ылайык ар бирине 5тен чүкө тизилет (кан менен үч ашык бир оюнчуга).

Ордону эки жаат болуп ойношот. Ар бир жаатта б—10 киши болот.

Ордо боюнча мелдешке кеминде 18 жаштагы оюнчулар катыша алышат.

Ордо боюнча калыстар тобу шайланат. Башкы калыс, аянтчадагы калыс, секретарь учётчик, катышуучулардын алдындагы калыс жана врач.

Оюндун турлору

Эки жааттын ортосундагы беттешүү мурдатан жүргүзүлгөн чүчү кулак кармоонун негизинде өткөрүлөт.

Оюн башкалардын алдында эки жаат чийимдин сыртында маңдай тескей тизилишет.

Башкы калыстан чакыруусу боюнча эки жааттын башчылары аянтчадагы тегеректин ортосундагы калыска барышып, бири – бири менен кол алышып учурашат.

Бир бирин куттуктагандан кийин башкы калыс, оюндун кезегин аныктоо үчүн сологой чүкөнү калчайт.

Оюндун мүнөзү жана узактыгы. Ордо боюнча оюн эки топко (жаатка) бөлүп өткөрүлөт да, айланма. системасы же оюндан чыга калуу системасы боюнча жүргүзүлөт.

Оюн эки топтун биринде ар бир оюнчуга кемин» де бирден чүкө жетпей калганга чейин жүргүзүлөт, Эгерде команда «топ» бардык ашыктардан ажырап, бирок «каны» болсо, анда ага оюнду улантууга укук берилет, мындай учурда чүкөсү жок топтун щ бир оюнчусуна «кан» берилет.

Эгерде топтордун бири ат калчоо (өкчөшүп) боюнча топ бузуп, бардык чүкөлөрдү жана «канды» чыгарып кетсе, анда ордо экинчи топко салынып берилет да ал топ бузду укугуна ээ болот. Эгер бул топ да өз кезегинде бардык чүкөлөрдү чыгарып кетсе, анда оюн кайрадан ат калчоо боюнча башталат. Эгерде бардык оюн атылып бүткөндөн кийин ордодо чүкөлөр калса, салдырып алган топ жеңилген болуп эсептелет. Оюндун узактыгы эки сааттан ашпайт. Эгер бул убак аяктагандан кийин эки топтун бири да жеңишке жетишпесе, анда оюн токтотулат да, жеңищ топтордун уткан чүкөлөрүнүн санына жараша аныкталат. Чүкөлөрдүн саны бирдей болуп калган учурда оюндун натыйжасы тең болду келип эсептелет. Эгерде ордодогу чүкөлөр алынып бүткөндөн кийин «кан» чертилип жаткан учурда белгилеген убакыт бүтүп калса, оюн «канды эки топтун бири чертип алганга чейин узартылат.

Жеңишкен топтордун оюнчуларына — 2 упай (өчкө) берилет, тең чыгышса — I упайдан берилет, жеңилгендерге — утуш упайы берилбейт.

Топтордун орундары бардык оюндарда утуп алынган упайлардын саны боюнча аныкталат.

Эки жана андан кеп топтордун упайлары толуп калган учурда орундар бардык оюндарда утуп алынган чүкөлөрдүн саны боюнча аныкталат. Чүкө атуунун түрлөрү жана эрежелери.

1.Ура атмай ура атуу деген оюнчу ордонун борборунда  жатка  тол  чүкөлөрдү же ириңдегендери чийимден  туруп атуу  болуп  эсептелет.  Оюнчу  ураатуу мезгилинде арткы такасы (сОюнчогу) менен чийимди  басып, бутунун  башын борборго түздөп, экинчи  бутун чийимдин  сыртына, өзүнө  ыңгайлуу абалга коюп, мээлеген чүкөсүн атат. Оюнчу ура атуу менен чийимден чүкөнү чыгарганда ага кийинки ата турган оюнчунун каалаган жеринен жана кың кайлата атууга укук берилет

2.Кыңкай  атуу — чийимден алысыраак чүкөнү борборго түздөтпөстөн  чийимден  туруп  кыйгачынан атуу болуп эсептелет. Бул учурда оюнчу чийимди баскан бутунун башын борборго түздөп, экинчи бутун арт жагына  өзүнчө  ынгайлуу  абалга  коюп  чүкөнү чийимден кыйгач чыккандай  кылып атат. Оюнчу чүкө чыгаргандан кийин гана кыакай атууга болот.

3.Кадамак чийимге 2  метрге чейинки  аралыкта жаткан чүкө кадамак деп аталат, Кадамак кадоодо (атууда)  оюнчу төмөндөгү  эрежелерди  сактоого тийиш.

а) оюнчу кадамакчы бутун башын борборго түздөп, экинчи бутун өзүнө ыңгайлуу абалда чийимдин сыртына сунуп жиберет.

б)кадалуучу чүкө чийимден 3040 см. аралыкта жатса кадамакчы бутунун сОюнчогун арткы чийимге коёт.

в) чүкө чийимден 3040 см. жетпеген аралыкта болсо бутунун сОюнчогун кадоого коёт.

г) эгерде чүкө чийимдин үстүндө же чийимден 5 10 см. алыс эмес аралыкта жатса, кадамакчы бутунун сОюнчогу менен чийимди  басып, буту чүкөдөн 10 см, алыс аралыкка (томпой айлангандай кылып) коёт.

Кадамак кадап жатканда чийимди баспаган арткы бутунун тизесин жерге тийгизүүгө болбойт.

4.Тоорумак: чийимге  30—40 см. аралыктагы чүкөлөрдү торуп чертүү тоорумак деп аталат.

Тоорумакты чийимди сОюнчогу менен басып, бутунун башын борборго түздөп тооруйт. Эгерде чүкө кол жетержетпее жерде болсо, бутунун такасын чийимге коюп тооруганы болот» Тоорумакчы чийимди баскан бутунун толорсугуна экинчи  бутунун башын  ичин карай эңкейип туруп тооруйт.

Тоорумакты борборго, топ чүкөлэргө жана бир чүкөгө байлап тоорууга болот, Тоорулган чүкө артка же капталын көздей чыкса туура тооруган болуп эсептелет.

Эгерде тоорулган чүкө чыгып, томпоюабалагы ичке (канга) борборго, чүкөлөргө байланбай калса, оюнчу экинчи атуушуну ошол тоорумак жерден же, 3 кадам оң жагынан жылыш, борбордогу же чийимден алыс аралыктагы чүкөнү борборго түздеп атууга тийиш. Чийимге жакын жерде эки чүкө болуп, бирвене тооруп ичке байланган болсо, ошол тооруп түшкөн чүкөнү чертуүгө руксат берилет. Тооругандан кийин кадамак кадоого болбойт.

5.Чалмай атуу тоорумактын экинчи бир түрү. Чалмай атуучу оюнчу бутунун башын борборго түздөп, такасы менен чийимди басыш, чүкө атпаган колун бооруна алып, өзү чийимдин ичин көздөй, эңкейип, экинчи  бутун  чийимдин  сыртына өзүнө ыңгайлуу абалда сунуп коюп чүкөнү капталын  көздөй чертип чыгарыш керек.

Чийимден I метрге чейинки аралыктагы чүкөлөрдү чалмай атууга болот, Чалмай атууга оюнчу чүкө чыгарыш жүргөн көзинде уруксат берилет.

6.Чертмек — оюнчу жогоруда айтылган ыкмалардын бирин колдонуу менен чуке чыгарып, томпоюже абалагы борборго, «кунга» же  чүкөлөрдүн бирине жакын жатып калса (калыс чен жеткен жерде болсо, оюнчу андан аркы оюнду чийимдин ичине сыңар тизелеп туруп чүкенү чертүү жолу менен улантат.

а)ичке олтуруу — ичке түшкөн оюнчу эки бутунун башын чүкөнүн, «кан» менен чүкөнүн жана борбор менен чүкөнүн аралыгын белгилеген түз сызыктан өткөрбөстөн сыңар тизелеп олтурат, Казык буттун ап кыты — сОюнчогу экинчи буттун жерге койгон тизесин борбор «кан» менен чүкөдөн, томпой менен борбордон кана «кандан» өткөрбөөгө тийиш.  Ичке отурганда оюнчу этекжеңин  жерге  же чүкөгө  тийгизүүгө болбойт.

б)ичке олтуруп томпойду же абалакты алуу; оюнчу ичке олтургандан кийин томпойду же абалакты көздөй эн кейип колу томпойгом же абал акты көздөй эңкейип колу томпойго же абалакка тиер замат айы шып көтөрүп алышы керек. Ичке олтурган томпойду — абалакты алып жаткан көзде казык буттун таманы, экинчи буттун башын жерден көтөрүүгө болбойт. Ичте олтурган оюнчунун казык бутунун таманынын ордунан которулуп же жылып кеткен жана экинчи буттун башы көтөрүлүп калган бардык учурларда оюн жыдып калат.

в)чүкө чертүү: оюнчу жогоруда айтылган бардык шарттарды  аткарып, томпойду — аба лакты  жерден алгандан кийин чүкөнү чертүү башталат. Оюнчу ичке эмне  менен түшсө, чүкө  чертүүнү ошону  менен улантат. Чүкөнү чертүүдө томпойду — абалакты колунун манжалары менен кармап, аны айланта чертүү ыкмасын колдонот.

Оюнчу томпойду — абалакты алгандан кийин экинчи бутунун жерге койгон тизесин өзүнө ыңгайлуу кылып жылдырууга, эгер кааласа тизесин ордунан жылдырбай эле отуруп  черте берүүгө болот.

Томпойду — абалакты тутамдап кармап алга чүкөнү арты менен уруп кагууга болбойт.

Ичке түшкөн оюнчу бир чүкө черткенден кийин борбордогу топ чүкөдөн, үч ашык черткенден кийин чалмай бутунун жерге койгон тизесин кыймылдатпастан туруп «канды» же борбордогу топ чүкөлөрдү чертүүгө уруксат берилет.

Оюнчу бир чүкө черткенден кийин ордунан туруп, башка орунга отуруп алып чүкөнү сабап, удаа удаасы менен ордунан турбастан чертүүгө укуктуу. Сабап чертүүнү унаасы менен бир нече жолу кайталоого болот. Сабап черткенде канча чүкө чертсе оюнчунун өз эрки, бирок экиден кем чүкө чертүүгө болбойт.

Оюнчу чүкөнү черткен соң томпойдун — абалактын жанында жакын жерде чүкө болбосо томпоюп — абалагын артын карай гана тартуу менен колу жеткен жердеги чүкөнүн жанына алып барып коюшу мүмкүн. Томпойду ыргытып жиберүүгө болбойт.

г) кан чертүү: ордодогу чүкөлөрдүн  бардыгы атылып жана чертилип алынгандан  кийин эки топ «кан» чертет.

Эки топтун башчылары «кан» чертүүгө бирден оюнчу белгилешет, аларды керек болсо алмаштырууга мүмкүн; «кан» борбордун жанында атайын жасалган жайда чертилет. «Кан» чертилүүчү жайдын тереңдиги 2 см., чоңдугу 4X2 см. ашпаган, чети жайпак тартып чуңкурураак болот;

канды чертиш үчүн аянттагы калыс (чүлү) белгиленген жерге аны өз колу менен коюп берет. «Кан» чертилип жаткан мөзгилде чийимдин ичинде башкы калыс, «кан» чертүүчү эки адамдан башка эч ким болууга тийиш эмес;

чертилген «кан» учуп барып чийимдин четине бир чекеси илинип калса чыкканга жатпайт, кайрадан чертилет. «Канды» ордодогу чүкөлөр түгөнө электе ичке түшкөн оюнчу чүкө чертип жаткан көзде да чертүүгө уруксат берилет; ортодогу чүкөлөр атылып жатканда «кан» чийимге жакын жерге келип жатып калса, аны кадап чыгарып алууга мүмкүн. Ордодогу ашыктар атылып жаткан мөзгилде «кан» чийимден чыгып кетсе ал оюнду атып жаткан топтун пайдасына калат.

Оюнда тыюу салынган аракеттер:

а)оюн атпаган оюнчулардын айлананын ичинде журууго

б)ичке түшкөн оюнчунун бир чүкө чертпей туруп топтогу чүкөлөрдү, үч, чүкө чертпей туруп «канды» чертүүсүнө;

в)чүкөнү черткенден кийин томпойду — абалакты алдын көздөй түртүп жиберүүгө жана артын көздөй жерге тийгизбей ыргытып жиберүүгө;

г)томпойду — абалакты үзгүлтүк менен токтотуп тартууга;

д)чүкө чертүүгө отургандан кийин  томпойду —абалакты колуна алып кайра жерге коюуга;

е)«канды» же топту чертүүнүн алдында бутунун жерге койгон тизесин которуштурууга жана кыймылдатууга тыю салыныт


ФМО(1_19)гр Атамирзаев Адхамжан

ЖЫДЫМАЙ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ

а)ура атуу, кадоо, торуу, чертүү мөзгилинде чүкө чийимден чыкпаган учурда;

б)чийимден чыккан чүкө оюн атып жаткан топтун мүчөсүнүн бирине тийип кайра ичке түшсө;

в)чүкө чыгып жатканда оюнчунун өзү же анын шеригинин (жатташынын) бири  бир нерсени ичке түшүрүп жиберсе;

г)чүкө чыкканда оюнчунун өзү же ошол топтОюнун бирөө ортодо жаткан чүкө менен  борбордун, «кандан», томпойдун — абалактын  аралыгынан өтүп кетсе;

д)чийимдин сыртына чыгып бир нерсеге тийип кайра чийимдин ичине чүкөнү сырттан туруп алганда;

е)оюнчунун ичке түшкөнүн же түшпөгөнүн билүү үчүн чен салдырын, чен жетпей калса;

ж)оюнчу ичке олтурган көзде казык бутун чүкөлөрдүн арасына киргизип коюп олтурса;

з)ичке түшкөн оюнчу борбор  менен «кандын», «кан»  менен  чүкөнүн ортосуна  колун созуп, ичтеги томпойду — абалакты алса;

и) ичке олтурган мөзгилде бүгүлгөн тизеси жана казык бутунун сОюнчогу борбор менен чүкөдөн, «кан» менен чүкөдөн, томпой — абалак менен чүкө« ден өтүп кетсе;

к) оюнчу «кандын» жана борбордун үстүн калпый чүкө чертсе;

л) чүкө чыгып, томпою — абалагы ичке байланган, бирок эреже боюнча сыңар тизелеп отуруп аны мүмкүн болбОюн учурда;

м) аткан же черткен чүкөсү чыгып, бирок томпою — абалагы чүкөгө, «канга» же борборго тийип жатып калса;

н) оюнчу чүкөнү чертип жиберип томпоюн — абалагын жерге койбостон колунда кармап калса;

о) ичке түшкөн көзде томпойду — абалакты жер таянып же томпойдун абалактын өзүн таянып алса, үстү башына тийгизсе;

п) оюнчу чүкөнү чертип, томпойду — абалакты кайра тарткан учурда ал борборго, «канга» же чүкөлөрдүн бирине жетпей арабөк калса;

р) тыюу салынган ыкмаларды колдонгон учурлардын бардыгында жана «тоорумак, чалмай атуу, кыңкай атуу, кадамак кадоо, ичтен томпой — абалак алуу, чүкө чертүү» деген бөлүктөрдүн (пункттардын) ыкмаларынын шарттарын бузган бардык учурларда оюн жыдыган болуп эсептелет.


ФМО(б)1-19гр

жазган Атамирзаев Адхамжан


.

Tags:

Ордо Оюну ЭрежелериОрдо Оюну Оюнга даярданууОрдо Оюну Оюндун турлоруОрдо Оюну Оюнда тыюу салынган аракеттер:Ордо Оюну ЖЫДЫМАЙ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮОрдо ОюнуКыргыз

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Исхак РаззаковЖаз, жай, күз, кыш... жана жазКалыгул Бай уулуЭкономика жана саясатКудайлар тууралуу мифтерТик бурчтукТоктогул СатылгановЖыл сүрүү жадыбалыБаланын укуктары жөнүндө конвенцияОрусияЭкологияОмор СултановМакал лакапБуудайУйгур кагандыгыОрто кылымдардагы чыгыш жазуу эстеликтери«Көкөтөйдүн ашы»Махмуд КашгариКөкөтөйдүн ашыАйлана чөйрөнү коргооЭлектр энергетика системасыАминдерСеметейдин Букардан Таласка келишиОрдо оюнуМультимедиаКокон көтөрүлүштөрүКыргыз тилиЖакыпКыргыз улуттук оюндарыЭклиптикаПланетаКокон хандыгыТүгөлбай СыдыкбековБиосфераСүйлөмПедагогикаОрозбак уулу СагымбайНептунТабышмакАлай өрөөнүИндуизмСүтДен соолукИскактын көтөрүлүшү (1873–75)Уран (планета)Кесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөрТоктоболот АбдумомуновМамбетимин уулу КазыбекМанап бийКүнОкутуу методуСинтаксисРедуценттерЖемиштерАвстралия (континент)Көкө уулу ЖеңижокКожожашНерв тутумуУлуттук эсепТехнологияКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүЭтишБаңгиликСаякбай КаралаевТоктогул ГЭСиМанас эпосуЛандшафтКыргыз музыкасыКөбөйтүүСеметей эпосуЖаныбарСөз түркүмүЭки жүз сомМаданиятМагнийКан тобуДаван мамлекетиКан тамырларКыргызстандагы коло доору🡆 More