Алюминий фториди AlF3 - туз, түссүз кристалл, кадимки шартта кристаллдык торчосу тригоналдык түрүндөгү, тыгызд.
1,882 г/см3 a- формасы, 710-7200С туруктуу, b-формасы белгилүү. 1279оС бууланат. Сууда начар (250С 100 г сууда 0,559 г) эрийт, ысытылган күкүрт к-тасынан башка к-та, щелочтор менен аракеттенишпейт. Алюминий фториди 1,3,9 мол. суусу бар кристаллогидраттарды пайда кылат. Көп сандагы комплекстик бирикмелери бар, мис., Na3AlF6 криолит деп аталат. Аl2O3 же Al(OH)3 HF менен Н2SiF6 эритмелери менен өз ара аракеттенүүсүнөн алынган чөкмөнү жогорку темп-рада ысытуудан, Аl2O3 HF (газ) менен аракеттенүүсүнөн жана (NH4)3[AlF6] жогорку темп-рада ажыроосунан алынат. Алюминий, эмаль, керамика алууда колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Алюминий фториди, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.