Динамика (грек.
δύναμις ― күч) ― механиканын бөлүмү; сырткы күч таасир кылгандагы материалдык нерсенин кыймылын изилдейт Классикалык Исаак Ньютондун мыйзамдарына негизделген. Ньютондун биринчи мыйзамы (инерция мыйзамы): эгерде материалдык чекитке эч бир күч аракет этпесе же аракет эткен күчтөр өз ара тең салмакта болсо, анда материалдык чекит тынч абалын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймылын сактайт. Материалдык чекиттин мындай абалы, инерциялык абал жана анын ошол абалды сактап туруу касиети инерттүүлүк касиети деп аталат. Ньютондун экинчи мыйзамы динамиканын негизги теңдемеси болот. Эгерде материалдык чекитке күч аракет этсе, ал инерциялуу эсептөө тутумуна салыштырмалуу ылдамдатылган кыймылга келет жана чекит массасынын анын ылдамдануусуна болгон көбөйтүндүсү аракет эткен күчкө барабар: F=ma. Материалдык чекитке бир эле учурда бир нече күч аракет этсе, натыйжалоочу күч суперпозиция принциби боюнча аныкталат. Ошондуктан натыйжалоочу күч материалдык чекитке аракет эткен күчтөрдүн вектордук суммасына барабар. Ньютондун үчүнчү мыйзамы нерселердин өз ара аракеттенишүү мыйзамы: эки материалдык чекит, абсолюттук чоңдуктары боюнча бирдей жана чекиттерди туташтырган сызыкты бойлоп, бири-бирине карама-каршы багытталган күчтөр менен аракет этишет (А1= – А2). Динамикада типтүү эки маселе каралат: Түз маселе. Нерсенин баштапкы абалы, массасы жана ага аракет эткен күч белгилүү. Нерсенин ылдамдануусун, анын кыймыл теңдемесин таап, траекториясын аныктоо. Тескери маселе. Материалдык чекиттин кыймыл теңдемеси, массасы белгилүү. Материалдык чекитке аракет эткен күч аныкталат. Катуу нерсенин айлануу кыймылы үчүн динамиканын негизги теңдемеси Ньютондун экинчи мыйзамынан келип чыгат. Кыймылсыз октун айланасында катуу нерсенин айлануу кыймылы үчүн негизги теңдеме: Mя=Iяe,, мында Mя – айландыруучу момент нерсеге аракет эткен күчтөрдүн моменттеринин суммасына барабар, Iя – нерсенин айлануу огуна салыштырмалуу инерция моменти, e – бурчтук ылдамдануу. Негизги теңдеменин жардамы менен айлануу кыймылынын теңдемеси табылат; экинчи маселесинде, тескерисинче, нерсенин кыймыл теңдемеси, анын инерция моменти белгилүү болсо, ага аракет эткен күчтүн моменти анык талат.
Динамикада күчтүн аракети астындагы нерселердин (тутумдардын) кыймылын изилдөө ыкмаларынан тышкары бир топ атайын маселелер каралат: мис., гороскоптор теоремасы, өзгөрмө массалуу нерселердин кыймылы, кагылышуу теориясы, механикалык термелүүлөр, суюктуктардын жана газдардын кыймылы (гидроаэродинамика) ж. б. Динамиканын ыкмаларын конкреттүү объектилердин кыймылын изилдөөдө колдонуунун натыйжасында, атайын предметтер: асман механикасы, ракеталар Динамикасы, самолёт Д-сы ж. б. өнүгүп чыкты.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Динамика (механикада), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.