Жан Батист Ламарк (1.
8. 1744, Базантен, Пикардия – 18. 12. 1829, Париж) – франциялык табият изилдөөчү. Париж ИАнын мүчөсү (1783). Иезуиттер мектебинде окуган (Амьен), кудай жолуна түшүү карьерасынан баш тартып, 1761–68-ж. армияда кызмат кылган. 1772–76-ж. Медициналык жогоргу мектепте метеорология, медицина, химия, ботаника илимдерин үйрөнүп, моллюскалардын раковинасын коллекциялаган. 1777 –78-ж. «Франциянын флорасы» деген 3 томдук эмгеги жарык көргөн. Ал китепте анын дихотомиялык принцип менен өсүмдүктөрдү практикалык аныктоосу сунушталган. Бул эмгек ага көрүнүктүү ботаниктердин бири катары атакка ээ кылган. 1780–81-ж. Европа боюнча саякатта болуп, табигый-тарыхый коллекцияларды изилдеген. Королдун ботаникалык багынын коллекциясын түзүп, музей уюштурган. Ал музейдин зоология кафедрасында 24 жыл башчы болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жан Батист Ламарк, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.