Париж

Париж – Франциянын борбору.

Сена дарыясынын боюнда (Марна, Уаза дарыясынын чатында), Франциянын борбордук бөлүгүнүн түндүгүндө жайгашкан. Европадагы эн байыркы жана дүйнөдөгү эң кооз шаарлардын бири. Шаар айланасы (Версаль, Сен-Дени, Иври, Аржантёй, Дранси ж. б.) менен биригип, Чоң Париж шаар агломерациясын (калкы 11 млн, аянты 1700 км2; Париждики 105 км2) түзөт. Иль-де-Франс тарыхый облусунун башкы шаары. Калкы 2,2 млн (2011). Эл аралык аэропорттору [Вурже, Орли, Шарль де Голль (Руасси)] бар. Ири жолдор тоому. 1900-жылдан метрополитен иштейт. Париждин аванпорту – Гавр. Дүйнөдөгү экономикалык мааниси жогору шаарлардын бири. Европадагы активдүү ишкер борбор. Париждин борбордук бөлүгүндө Сите аралы (дарыя нугунун экиге бөлүнүшүнөн пайда болгон) жайгашкан. Анча бийик эмес тик капталдуу калдык тоолор (бийиктиги 100-150 м) шаарды курчап турат. Климаты жумшак, мелүүн жана нымдуу. Январдын орточо температурасы -3,4°С, июлдуку 30°С. Жылдык жаанчачыны 645 мм. Ар түрдүү машина куруу (автомобиль жана авиа, электр-техника), химия, тамак-аш, полигр., текстиль, булгаары-бут кийим ж. б. өнөр-жай ишканалары иштейт. Саркеч кийимдер жана галантерея буюмдары, белек-бечкектер чыгарылат. ЮНЕСКОнун, көп эл аралык уюмдардын штаб-квартиралары жайгашкан. Жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, эл аралык конгресс, конференциялар өткөрүлүп турат. Университеттер (анын ичинде Сорбонна, 1257-ж. негизделген), де Франс коллежи (1530), институттар (политехникалык, тоо-кен), тажрыйба жогорку мектеби, Франция институту (анын курамында 5 академия), улуттук китепкана (1480; сейрек кездешүүчү китептер, раритет кол жазмалар сакталган), 60тан ашык театр (ирилери: «Гранд-Опера», Элдик театр, «Комеди Франсез», улуттук элдик), консерватория, 130 музей [анын ичинде 14ү Парижге таандык, кирүү акысыз; д’Орсе, заманбап искусство, В. Гюгонун, Пикассонун, Лувр (1793; анда 400 миңден ашык экспонат бар)], Пантеон (учурда Даңк храмы; Ж.-Ж. Руссо, Э. Золя, Вольтер, жубайлар Кюрилер, Ж. Санд, В. Гюго ж. б. улуу адамдар коюлган), Майыптар үйү (азыр музей; мында Наполеондун сөөгү ташылган катафалк менен саркофаг сакталып келүүдө), Эйфель мунарасы (бийикт 315 м; шаардын символу) жана 1800дөн ашык тарыхый жерлер бар. Ж. Помпиду атнындагы искусство жана маданият улуттук борбору иштейт. 11–19-кылымдардын көптөгөн архитектуралык ансамблдери менен курулуштары, аянттар [де Голь (мурдагы Жылдыздар аянты Салтанат капкасы менен), Бастилия, Ынтымак ж. б.], Чоң Бульвар, Кудай эне собору, Сен-Шапель ж. б. чиркөөлөрү, Пале-Рояль ак сарайы (17-кылым), Сакре-Кёр базиликасы, Монмартр дөнсөөсү, түштүктө Тур Монпарнас мунарасы, ратуша (бул жерде 5 кылым бою өлүм жазасы аткарылып келген), Пер-Лашез көрүстөнү сакталган. Заманбап архтектура курулуштары: «Фронт Сены» (1965), Мен-Монпарнас ишкер борбору (1964-73), административдик курулуштар жана турак-жайлар, Дефанс аймагындагы Боордоштук капкасы (1976) ж. б. Парижде II, VIII олимпия оюндары (1900, 1924) өткөрүлгөн. Туризм (2011-ж. 28,2 млн турист келген) жогорку деңгээлдеги заманбап тейлөөсү менен өнүккөн. Сена дарыясынын жээги 1991-ж. Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

Париж
фр. Paris
Париж
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Франция

регион

Иль-де-Франс

If:департамент

Париж

Ички бөлүнүшү

20 округ

мэр

Анн Идальго

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

III кылым

Мурунку аталышы

Лютеция

Аянты

105,4

Бийиктиктиги

33

Калкы
Калкынын саны

2 196 936 (2015)

Жыштыгы

21 283 адам/км2

Агломерациясы

10 620 000 (2011)

Этнохроним

париждик, париждиктер

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+1

Колдонулган адабияттар

Tags:

СенаФранция

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

АрхаизмАрменияУкраинаШабдан баатырБайдылда СарногоевЖайлооГаздардагы электр разрядыНоорузКүндөрдүн аталышыДен соолукЖамийла (повесть)ТамгаСыдык уулу ОсмонаалыСөз түркүмүКедейкан (эпос)КлиматМанас эпосунун өзөктүк окуяларыЭпикалык текСырдык сөзСеметейКомузБүркүтФотосинтезОрозбак уулу СагымбайКургак учукАйлана чөйрөнү коргооКоррупцияФразеологизмАрчаТыбышКыргыз элчиликтериМанастын туулганыАбортРаев Султан АкимовичУбакытЦунамиБир тутумдуу сүйлөмТемпераментАминдерИнтеграцияБиринчи мугалимКараханийлер кагандыгыСооронбай Жусуев«Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү»Бурана (мунара)СинтаксисАалы ТокомбаевКеңеш ЖусуповПедагогикаРынок экономикасыКыргызстандын шаарларыЭмгекЖер-суу реформасыКоомДидактикалык чыгармаларБака жалбыракКыргызстандын гимниБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыКомпьютердик тармакМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыКалька лексикологиядаОрозов КарамолдоВест-ИндияЖайКурманжан ДаткаМакал лакапМамлекеттердин тизмесиБайламтаУюлдук телефонРуханий маданиятСүйүнбай ЭралиевАк кеме (чыгарма)Дмитрий ШостаковичКасым КаимовДабан мамлекетиЧабалекейлер🡆 More