Жез

Жез (лат.

Cuprum) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 4-мезгилинин IВ группа элементи. К.н. 29, ат. м. 63,546. Туруктуу эки изотобу бар: 63Сu жана 64Cu. Жер кыртышында м. б-ча 1×10-2% түзөт. Ал таза жана бирикме түрүндө (көбүнчө күкүрт, кычкылтек м-н) кездешет. Ж. - ийилгич, чоюлгуч, кызыл түстөгү металл, тыгызд. 8,96 г/см3 ; 1083 оС эрип, 2600оС кайнайт. Бирикмелеринде +1, +2, +3 окистенүү даражаларына ээ. Ж. бир топ комплекстик бирикмелерди пайда кылат. Кадимки темп-рада активдүүлүгү жогору эмес. Нымдуу абада Ж. андан ары окистенүүдөн сактай турган. жез (I) оксиди Cu2O же негиздик карбонат тузунун (CuOH)2CO3 жука кабыкчасы менен капталат. Ж. кадимки темп-рада галогендер, күкүрт, селен менен оңой кошулат. Ал эми суутек, азот, көмүртек менен жогорку темп-рада да реакцияга кирбейт. Суюултулган күкүрт, туз к-талары окистендиргичтер жок чөйрөдө жезге таасир этпейт. Азот жана конц. ысык күкүрт к-таларында эрийт. Көпчүлүк металлдар менен куймаларды пайда кылат. (I) валенттүү Ж. туздары түссүз келип, сууда эрибейт, жеңил окистенет же Ж. (II) валенттүү туздарына чейин ажырайт. Ал эми (II) валенттүү Ж. туздары жакшы эрийт. Ж. гидратташкан иондору Cu2+ - көк түстө болот. Ж. маанилүү минералдары болуп: Cu2S - Ж. жалтырагы; CuFeS2 - Ж. колчеданы; CuS - кавелит; Cu5FeS4 - борнит; CuCO3×Cu(OH)2-малахит; CuCO3×2Cu(OH)2 - лазурит; CuSiO3×2H2O-хризаколла; CuSO4×Cu(OH)2 –брушантит саналат. Ө. ж-да:

Жез
Жез.

1) 2Cu2S + 3O2 = 2Cu2O + 2SO2 2) Cu2S + 2Cu2O = 6Cu + SO2

реакцияларынын жардамы менен алынат. Таза Ж. жылуулукту жана электр тогун жакшы өткөрөт, ийилгич болгондуктан ө. ж-да кеңири колдонулат. О. эле хим. аппараттар жасоодо жана коррозияга туруктуу куймалар (коло, латунь) даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6

Tags:

Ат. м.Д. И. Менделеев

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Гепатит ААбиотикалык факторлорУрал тоолоруКыргызстандын мамлекеттик тилиКомузКыргызстандагы коло дооруШабдан баатырКлетка мембранасыЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүТүштүк АзияФергана тоо тизмегиКлеткаМыйзам (укук)Кызыл алма (тасма)Байдылда СарногоевТүрдүн пайда болушуСарыкАйЖасалма тандооЖусуп МамайКамсыздандырууДан өсүмдүктөрүСинонимАйчүрөк (опера)Күндөрдүн аталышыОктябрь революциясыЭлдик медицинаСооронбай ЖусуевОрозов КарамолдоКанадаДаван мамлекетиНасирдин ИсановПопуляцияКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыВольфганг Амадей МоцартТок күчүАлай өрөөнүДыйканчылыкЖүрөкПрокси сервер«Замана» агымыТүндүк АмерикаБаяндоочАппендицитКыргыз улуттук оюндарыФутболМаданий өсүмдүкАлаш (партия)БайчечекейБашкы баракКеплер мыйзамдарыСулайман-ТооКүн энергиясыЛатын АмерикасыКумтөрЖандоочКанАфрикаАйлана (математика)Гигант планеталарМашаякчылыкЭкологияКожожашМээМайрамдарЛазерСамынКызылча (оору)Кыргыз автономиялуу облусуДмитриев, Николай МихайловичБайламтаБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыМаркетингХайду мамлекетиМамлекеттик башкарууКурманбек эпосуТери🡆 More