Клетка мембранасы (цитоплазмалык мембрана, плазмалык мембрана, плазмолемма) (Cutolemma, plasmalemma) - клетканын цитоплазмасын сырткы чөйрөдөн же клетка кабыгынан (өсүмдүктө) бөлүп турган мембрана.
Клетка органоиди. К. м. калыңд. 7-10 нм. К. м. химиялык курамы 40 % липидден, 60 % белоктон, 1 % углеводдон, 1 % ферменттен турат. Мембраналардын липиддери көбүнчө фосфолипиддер жана холестерин. Клетка менен сырткы чөйрөнүн ортосундагы зат алмашууда, клеткалардын кыймылында жана бири-бири менен чиркелешүүсүндө чоң мааниси бар. Жарым өткөргүч ал аркылуу суу эркин өтүп кетет. Жогорку молекулалуу заттар өтпөйт. Ар түрдүү заттардын активдүү жана пассивдүү өтүүсү белоктор аркылуу камсыз болот. К. м-сында 30га жакын ар түрдүү ферменттер табылган. Алардын ичинен АТФаза, шелочтук фосфотаза жана РНКазалар көп кездешет жана К. м-сы аркылуу иондордун өтүшүндө негизги мааниге ээ. Гликолизге жана дем алууга катышуучу ферменттер эукариоттук клеткалардын плазмалык мембранасынын курамынан табылган эмес. Мg –АТФаза плазмалык мембрана аркылуу иондордун өтүшүндө негизги мааниге ээ.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Клетка мембранасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.