Фабула (лат.
– аңгеме, тамсил) – эпикалык, драмалык, лирикалык-эпикалык чыгармалардагы сүрөттөлгөн окуялар жөнүндө баяндоо. Кээде бул сюжет термини менен синоним катары да колдонулат. Бирок сюжеттен айырмасы фабулада баяндоонун, сүрөттөөнүн тартиби бузулат. Маселен, окуя мезгилдик тартип боюнча биринен кийин бири өнүгүү керек болсо, Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында андай эмес, окуянын аягыраак жери биринчи берилет да, анан Эдигей менен Казангапка байланыштуу ар түрдүү учурда болгон окуялар көрсөтүлүп барат, б.а. каармандын өмүр жолу үзгүлтүк менен башы, аягы, ортосу алмашып отурат, мунун баарын чыгарманын соңунда гана билебиз. Көп адабиятчылар фабула терминин сюжет, сюжеттик схема, сюжеттин композициясы деген түшүнүктөр менен алмаштырат да "фабула" деген терминди керексиз деп эсептешет.
"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Фабула, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.