Аллегория (б.-грек.
Түшүнүктөрдү, нерсени каймана мааниде берүү тамсилдерге мүнөздүү. Дүйнө адабиятынын тарыхында ар бир эл жашоо тиричилигине, тарыхына, шартына ылайык ар түрдүү каймана түшүнүктөрдү пайдаланышкан. Бул алардын туу, гербдеринде да кез¬дешет. Аллегориялык сүрөттөө өөзеки адабиятта кеңири пайдаланылган. Алар көбүнчө тамсилдерде кездешет. Тоголок Молдо жалкоо адамды «Иттин доолдай тиктирем дегени» тамсилинде иттин аллегориялык образы менен каймана мааниге өткөрөт.
Аллегория өз пикирин билдирүүнүн шарттык формасы. Аллегория түшүнүгү символ түшүнүгүнө жакын, алардын ортосундагы чек конкреттүү учурларда талаш болушу мүмкүн. Алардын айырмачылыгы символ көп маанилүү жана чектелүү ал эми ошол кезде Аллегория түшүнүгү кандайдыр бир акыл-эстин формуласы катарында пайда болот. Философиянын тарыхындагы Аллегориянын ролу эллинизм доорунан баштап көптөгөн аракеттер менен байланыштуу.
http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Аллегория, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.