Эпистолярдык форма (гр.
Ф. Достоевскийдин Бечара кишилер, А. Токтомушевдин “Какшаалдан кат” деген сыяктуу чыгармалары көркөм-эпистолярдык формада жазылган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында мындай ыкма өзгөчө оң натыйжасын берди, анткени, ал кезде турмуштун өзүндө майдандагы жоокерлердин оорук менен кат алышуулары тынымсыз болуп турган. Мунун өзү адабиятта кат формасындагы чыгармалардын жаралышын шарттаган. Ж. Бөкөнбаевдин “Салам кат”, “Саламы ушул Сайранын”, “Эки кат”, “Балаңар жазат алыстан”, М. Элебаевдин “Ала-Тоого кат”, А. Токомбаевдин “Бозойдон селкиге”, Ж. Жамгырчиевдин “Солдаттын саламы” К. Эсенкожоевдин “Алыстан кат” деген ырлары бул мезгилде мындай форманын оң флангага чыкканына кепил боло алат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Эпистолярдык форма, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.