Тике сөз Оозеки же жазуу речинде, сүйлөө же айтуу процессинде башка бирөөнүн сөзүнүн эч кандай өзгөртүүсүз берилиши.
Т. с. "Манас" эпосунун текстинде негизинен үч түрдүү жагдайда учурайт: биринчи, манасчы эпосту аткарып жатканда, каармандардын сөзүн ошол бойдон өзгөртпөй берет; экинчи, айтуучу өзүнүн же каармандардын сөзүн эмес, ойлогон оюн, ички абалын берет; үчүнчүсү, тексттеги окуянын жүрүшү мезгилинде, манасчынын же каармандын мурда айтылган сөзү келтирилет.
Төмөнкү Т. с-дө калмак баатыры Музбурчактын ички ою берилип жатат:
Эси ооп эндиреп,
Акылдан тайып зеңгиреп,
"Эми өлмөк болдум деп"
Унчугарга дарман жок,
Ат үстүндө чиренип,
Аманат жандан түңүлүп,
Карап турду түнөрүп (Курама вариант 2. 250).
Контексттеги "эми өлмөк болдум" деген каармандын ички ою, капылет айтылган ички сөзү гана Т. с., ал эми башка саптары айтуучунун сөзү.
Эки учурга — каармандын башка бир каарманга кайрылгандагы айткан Т. с-үн аткаруучу төмөнкүчө берет: "Бала мындай деген соң, Баатыр Манас чамдады, Жаалы катуу кармады", — деген айтуучунун речинен кийин Манастын Т. с-ү айтылат:
Атаңдын көрү, Жаш Айдар,
Бокмурун экөөң мас Айдар!
Элдигиң жок, кас Айдар!
Көкөтөй абам өлгөн соң,
Ал дүйнөнү көргөн соң,
Кабарды неге бербейсиң?!... (Курама вариант, 2. 43).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тике сөз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.