Асбест (гр.
asbestos - өчпөс, талкаланбас) - силикаттар классындагы серпентин жана амфибол топторуна кирүүчү ичке, ийилчээк тал-тал булалардан турган минералдардын жалпы аты. Серпентин тобундагы минерал хризотил - асбест деп аталат. Химиялык формуласы Mg6[Si4O11] (OH)3. Өңү жашыл сымак боз, жибектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2-2,5. Буласы ийилчээк, эң бышык, отко чыдамдуу, узундугу 1-2 ммден 50 ммге чейин. Кендери гидротермдик эриндилердин магнийге бай ультранегиздүү тоотектерге тийгизген таасиринен пайда болот. Ири кендери Уралда (Сысерт), Казакстанда (Жетикара), Тувада (Акдовурак) ж. б. жерлерде табылган. Амфибол - асбест амфибол тобуна кирет. Буласы өтө ичке, узундугу 5 смге жетет. Кендери метаморфизмделген тоотектер орун алган жерлерде жолугат. Асбест кислоталарга, жегичтерге туруктуу, отко чыдамдуу, жылуулукту өткөрбөөчү буюмдарды жасоодо, пластмасса менен асбест цементин ж.б. даярдоодо жана химия өнөр жайында кеңири колдонулат. Кыргызстанда бир нече асбест кендери бар: Үкөк (Нарын облусу), Кан, Шуран (Ош облусу), Каркыра (Жалал-Абад облусу).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Асбест, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.