«Олжобай менен Кишимжан»- кыргыздын лирика- эпикалык дастаны.
Бир нече варианты бар. Варианттарынан кыйла көркөм иштелгени, сюжети кызыктуу түзүлгөнү- Алымкул Үсөнбаев варианты. Мындан Алымкулдун варианты үч ирет (1940, 1956, 1974) жарык көрдү. С.Сакетаевдин варианты 1947- жылы жазылып алынган, Кыргыз ССР ИАнын Тил, адабият институтунун кол жазма фондусунда сакталуу. Окуяларына карап, кыргыз дастандарынын эӊ кенжелеринен деп болжосо болот. Анткени анда кыргыз элинин феодализм доорунун соӊку мезгилдерине мүнөздүү жай турмушу, ошо мезгилдеги кишилердин көбүнүн башынан өтчү эле кадыресе окуялар көрсөтүлгөн. Дастан эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүм Солтобайдын жай издеп чыгышын, Кулжыгач кызы Бегимжанга, анын Олжобай деген уулду болушун, экинчи бөлүм Олжобай менен таежеси Кишимжандын сүйүүсүн, Кудакенин кастык иштерин баяндаган окуялардан куралат. Ошондой болсо да дастанда окуялардын орчуну Олжобай менен Кишимжандын тегерегинде өөрчүп, алардын бири бирине деген ашыктык сезимин, ага байланыштуу карама- каршылыктарды баяндоого көп орун берилген. Дастан сюжетиндеги кагылыштар да ошол эки жаштын сүйүүсүнө байланыштуу чыгат да, алардын өлүмү менен чечилген. Бирок чыгарма эки жаштын кошулушуна тоскоолдук кылып, алардын өлүмүнүн негизги себепкери Кудаке менен Байназар өлтүрүлгөндөн кийин гана бүтөт. Бул аркылуу дастанда адилет иш эч качан жеӊилген бойдон калбайт, акыры жүрүп кара ниеттер, арам мүдөөчүлөр жеӊиллет деген элдик калыс пикир берилип, Олжобай менен Кишимжандын таза сүйүүсү, туруктуу жакшы сапаттары бийик үлгү, жаркын идеал катары сүрөттөлөт.
Олжобай менен Кишимжан, китепте: «Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки», Фрунзе 1973, 532-46-бет.; Токомбаева А., «Турмуш дастаны», «Ала-Тоо», 1966, №4;ошонуку, Олжобай менен Кишимжан эпосунун көркөмдүк өзгөчөлүгү, ошондо, 1969 №4.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Олжобай менен Кишимжан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.