Кыргыз Музыкасы

Кыргыз музыкасы ноталарда жазылбаганы менен байыртан муундан муунга, оозеки формада өтүп келген.

Кыргыз музыкасында кыргыз элинин кубанычы, кайгы-муңу, сүйүүсү, эрдиги, азаттыкка умтулуусу камтылган. Бүгүнкү муунга чейин өзөктүү калыбын жоготпой келген кыргыз музыкасындагы негизги вокалдык музыка («Шырылдаң», «Кыз оюну», «Жарамазан» жана башкалары) жалгыз үн менен ойнолгон. Музыкалык окуу – угуу аркылуу жана көрпп отуруп үйрөнүү болгон.

Кыргыз музыкасы
Кыргыз Музыкасы
Жалпы маалымат
Жанрлар: салттык музыка, классикалык, эстрада
Мезгили: Байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейин

Кыргыз музыкасы түрк элдеринин маданияты, Орто Азиядагы коңшулаш элдердин музыкасы менен да тыгыз байланышта болуп келген. Байыркы элдердин жашоо шартына, эмгегине жараша музыкалары чыккан. Ошондону улам эмгек ырлары пайда болуп, элдерди эмгекке үндөп турган. Байыркы элдердин түшүнүгүндө обондор сырткы дүйнөгө катуу таасир этет деп кабыл алынган. Ошонун негизинде шаманчылар, бакшылар, дербиштер чыккан.

Кыргыз музыкасынын тарыхы

Кыргыздардын маданиятындагы музыкасы тууралуу 9-10-кылымдардыга кытай жазма булактарында жана башка авторлордун эмгегинде жазылган. Мисалы Тан династиясынын булактарында эле кыргыздарда чоор менен шыңгыратма деген музыкалык аспаптар бар экендиги эскерилет. Ал эми XI кылымда жашаган перс окумуштуусу Гардизи да кыргыздардын музыкалык маданияты тууралуу кызыктуу маалымат берип кеткен. Ал кыргыз обончуларынын жылда бир жолу чоң жыйын өткөрүп, шапар тээп, бий бийлегендигин баса белгилейт. Андан мурда, X кылымда жашап өткөн Абу Дулаф, Кыргыздар дастандарды ыр түрүндө айтып, ал эми лирикасы обон формасында айтылат деп эскерет. Обондуу поэтикасынын өнккөндүгү «Манас» айтуучулук өнөрүндө да көрүнөт. «Манас» жана башка дастандарда, тарыхый-этнографиялык эмгектерде керней, сурнай, жезнай, чымылдак, чыңыроон, сыбызгы (созолонткон аспаптар); сокку аспаптары; добул, добулбас, нагыра, дап, чилдирман, жекесан (барабандар) аскердик жүрүштөрдө, конокторду тоскондо жана аш тойлордо ойнолгону айтылат. М. Кашгаринин «Түрк элдеринин сөздүгүндө» да кобуз, чан, буг, икома, боргун, субучу, урма, куюрук, томурк, товел (добулбас), туч деген музыкалык аспаптар жазылган. Ошондой эле Жусуп Баласагындын «Кут берчү билим» деген эмгегинде кобуз деген музыкалык аспап тууралуу сөз кездешет. Азыркы кыргыз тилинде да комуз, кыл кыяк, чоор, сурнай, керней, добулбас, чопо чоор, жекесан, жылаажын, шылдырак, коңгуроо, асатаяк, доол, чымылдак, зуулдак деген музыкалык аспаптардын аттары сакталган. Булардын ичинен эң байыркысы болгон комуз «Китаби Деде Коркут» (8—9 кк) деген эмгекте кобуз деп эскерилген. Ал эми ооз комуз менен жыгач ооз комуз археологиялык табылгаларда 12-кылымдын экинчи жарымында болгондугун ырастаган.

Кыргыз музыкасынын изилдениши

Өткөн кылымга чейин кыргыз музыкасынын тарыхында эч бир обон жазылып нотага түшүрүлгөн эмес, ал эми Октобүр төңкөрүшүнүн алдында жана андан кийин жазыла баштаган. 1889-жылкы «Этнографические обозрения» деген журналда Г.А. Пфеннигдин кыргыз жана өзбек музыкасы тууралуу жазганы бар. 1970—80-жылдары немец А.Ф.Эйхгорн Ташкенке келип иштеп, аны менен катар өзбек, кыргыз, казак жана башка Орто Азиянын музыкалык аспаптарын чогултуу менен бирге бир катар обондорун жазган. Чогулган музыкалык аспаптар Москва жана Вена шаарларындагы Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө коюлган. Ал өз эмгегинде ошол доордогу «Бүркүт салуу» өңдүү кыргыз ырларын эскерет. 1880-жылы француз окумуштуулары Г.Каню, Г.Бон Орто Азияны, анын ичинде кыргыз жерин саякатташат. Парижде чыгуучу “Ревюд этнографии» деген журналдын 3 томунда (1884-жылы) «Музыка кыргызов и сартов Средней Азии» деген макаласы жарыяланган. Ал макалада авторлор кыргыз ырлары менен обондоруна жогору баа бергендиги жазылган.

Обондуу ырлар

Кыргыз Музыкасы 
Комуз

Кыргыз элдик музыкалары негизинен эпос, эмгек, салттуу жана лирикалык ырларында камтылган. Эмгек тууралуу байыркы ырлардын бири бул - «Бекбекей». Бул ыр аялдар отко тегеренип отуруп ырдаган ыр. Бул ыр түндөсү кой кайтарып отуруп, бөрүдөн койду сактоо максатында хор айтылган ыр. Кыргыздар жер иштете баштаганда чыккан ырлар да болгон. Булардан мисал келтирсек «Эгин сепкенде», «Эгин бышып турганда», «Эгин оргондо” деген сыяктуу. Алардан башка эң көп ырдалганы “Оп, майда». Андан сырткары тигүүчүлүк иштеринде да ырлар чыккан. «Кийим бычканда», «Тон чык» деген ырларды айтууга болот. Кыргыз элинин чыгармаларында суйуу ырлары да өзгөчө орунду ээлейт. Алардын ичинен эң популярдуулары «Секетпай», «Өзгөчөм», «Ак селки», «Мөлмөлүм», «Ак калтар» жана башкалар. Ал эми: «Күңөтай», «Ак чабак», «Зардалым», деген ырлар айлуу түндө жаштар арасында суроо-жооп иретинде, «Селкинчектин» коштоосунда ырдалган.

Обончу, аткаруучу жана ырчылар

Кыргыз Музыкасы 
Рыспай Абдыкадыров

Кыргыз ырчылык өнөрүндө ырчы-аткаруучу, обончулардын орду да абдан чоң. Булардын эң көзгө басарлары Боогачы, Токтогул Сатылганов, Сыртбай, Сартбай Белекбаев, Эсенаалы Кушчуев, Исакан Табалдиев, Шаршен Термечиков, Атай Огомбаев, Муса Баетов, Калмурат Нурдавлетов болуп эсептелет. 50-60-жылдары элдик музыкага К.Жакшылыков, Т.Турдалиев, ААйталиев, Ж.Чоробаев, С.Мамбетбаев, О.Асановдор келген. Алардын артынан жаңы муун: Р.Абдыкадыров, К.Тагаев, А.Атабаев, У.Сыдыков, Б.Жандаров, М.Алмакунов, М.Рыскулбеков, Ж.Алыбаев, К. Досмамбетова аттуу аткаруучу, ыр жазуучулар кыргыздын элдик музыкасына жаңы дем берген. Ошондой эле Т.Казаков, А.Керимбаев, М.Акматов, Т.Эшпаев, С.Жумалиев, К.Эралиева, А.Бодошев, кийин— М.Аманбаев, И.Жунусов, К.Коробаев, К.Букалаев жана башкалар өздөрүнүн кайталынгыс чыгармачылыгы менен, эски муундун өнөрүн уланткан жана маданиятка баалангыс салымын кошушкан. Элдик ырлардын элге сиңирилишине чоң ролун ойногон аткаруучулар М.Өмүрканова, А.Жумабаев, Б.Какишева, Ш.Мукашева, Ж.Исакова, Ж.Чабалдаев, кийинки аткаруучулар мууну — С.Суранчиева, З.Шакеева, Г.Момушева, Г.Мамашева, Н.Табалдиева, С.Сыдыкова, Р.Аманова, М.Аликеев. Улуу муундун ырчы-аткаруучудары сөздөрүн жана обонун өздөрү жазышкан. Ортоңку обончулар мууну, ырларга обонун гана жазышкан, ал кийинчерээк салтка айланып калган.

Музыкалык аспаптар

Кыргыз Музыкасы 
Ооз комуз.

Бирден бир эң байыркы элдик аспаптар: чогойно, чоор, ышкырык чоор, чопо чоор, тулга чоор, кол чоор, сурнай, сыбызгы, керней, (түрлөрү — мүйуз керней, жезнай, чымылдак); добулбас, (добулбаш), доол, дап, добул, нагыра, чилдирман; кабак, кылдуу черт ме-комуз, смычковые кыл кыяк (кыяк, наама), темир комуз (ооз комуз) жана анын түрлөрү — жыгач ооз комуз; андан башкасы, дилдирек, аса-муса, шылдырак, аса-таяк, коңгуроо, жылаажын, жекесан, зуулдак, жалбырак, чыңырткы, бапылдак, ышкырык, чымылдак ж.б.

Кыргыз Оркестри

Кыргыз Музыкасы 
Калык Акиев

1936-жылы 7-октябрда Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик филармония ачылган. Баштапкы группа 41 адамдан турган: элдик ырчылар, обончулар, манасчылар, мыскылчылар, элдик аспап оркестри, кыргыз мамлекеттик хору, комузчулар ансамбли ж.б. 1938-жылы ага Т. Сатылганов аты ыйгарылган. Жыл сайын Филармония өнөрлүү бүтүрүчүүлөрдү чыгарат. Чыгармачыл коллектив республиканын алыскы аймактарына, КМШ жана алыскы өлкөлөргө гастролго чыгышат. Оркестрдин биринчи аткаруучуларынан болуп Муратаалы Курөңкеев, Карамолдо Орозов, Молдобасан Мусулманкулов, Атай Огомбаев, Калык Акыев, Муса Баетов, Шаршен Термечиков, Адамкалый Байбатыров, Чалагыз Иманкулов, Шекербек Шеркулов, Ыбырай Туманов, Сайид Бекмуратов, Бсйшенаалы Кулболдиев ж.б. Алар чыгармаларды нотасыз аткарган. Оркестрди уюштурган жана анын биринчи чыгармачыл жетекчиси, негизги дирижер П.Ф.Шубин (1936-49) аркылуу элдик ырларга жаңы оркестрдик аранжировка жана жаңы жаңыруу берген. Оркестрге Сыртбайдын ырлары жана обондору түшүрүлгөн: «Куңөтай», Эсенаалы «Ой тобо», Атай «Эсимде», Абдылас «Кызыл атчандар», «Гул турмуш»; Муратаалы «Ботой»; Ыбырай «Жаш тилек», Токтогул «Алайдын миң кыялы», «Токтогулдун кербези»,«Карылардын муңдуу куу» ж.б.

Комузчулар тобу

1958-жылы Атай Огомбаевдин жетекчилиги менен биринчи жолу кыргыз комузчуларынын ансамбли түзүлөт. Андагы алгачкы комузчулар Б.Кулболдиев жана С.Айманбетовдор болгон. Түзүлгөнгө аз убакыт болсо дагы кыргыз жаш комузчулар көптөгөн ийгиликтерди багынткан. Биринчи ийгиликтер Москва шаарында VI-эл аралык жаштар сынагында болуп, сынактын лауреаты аталышкан. Ушул эле конкурс Брюсселде өтүп алтын медалды багынтканга жетишишкен. 60-жылдары ансамблды Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти Ч.Исабаев жетектеп, топ дагы да көптөгөн ийгиликтерди өзүнө багынта алган. Атай кетсек, Парижде, Лондондо, Бостондо ж.б. жерлерде өткөн көптөгөн сынактардан кур кол кайтышкан эмес. Ушул эле комузчулар тобунун ансамбли 1974-1975-жылдары аткарып келген Атай Огомбаевдин “Маш Ботой”, “Кыз кербез”, Айдараалынын, Ныязаалынын, Токтогулдун көптөгөн чыгармаларын топтоп, 1975-жылдагы отчеттук концертте Ленин премиясынан лауреаты болот. Комузчулардын негизги максаты ушул убакытка чейин элдик-салттуу музыкаларды сактап калуу болуп эсептелет.

Темир комузчулардын тобу филармониянын имправизатору, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Т.Тыныбековдун жетекчилиги менен түзүлгөн. Темир комузчулары Москвада, Алмата шаарларында өткөрүлгөн сынактарда жеңишке жетишкен. Байбатыровдун чыгармалары болгон “Тагылдыр Тоо”, “Селкинчек“ ж.б. темир комузчулардын эмгектери угуучулар тараптан эң жогорку баада бааланган. Азыркы маалда темир комузчулардын тобунда белгилүү темир комузчулар А.Базарбаева, Х.Берикбаева, П.Ашырканова, Ж.Бакбердинова, Б.Бекиевалар ойнойт.

Бийчилер тобу

Кыргыз Музыкасы 
"Ак Марал" бий ансамбли

Улуттук бийчилер ансамбли белгилүү балетмейстер С.Холфин жана С.Кебековдун жетекчилиги менен 1957-жылы түзүлгөн. 60-жылдарга чейин ансамбль жакшы иштеп, андан кийин кыйынчылыктардан улам аксай баштаган. Бирок, 1967-жылы Н.Түгөлөв кайра түптөп чыгып, ансамблда 50 бийчи болгон. Эл жактырып көргөн бийлер “Кыз куумай”, “Ат чабыш”, “Комузчу”, Беш ыргай” ж.б.у.с. бийлер болгон. 1977-83-жылдары топтун көркөм жетекчиси М.Асылбашев болуп, бийчилер тобу КМШ өлкөлөрүн гана эмес, Финляндия, Швеция, Белгияны да багынта алган.

Фолкьлордук топтор

Кыргызстан фольклордук тобу 1976-жылы түзүлүп, СССРдин эл артисти, ошондой эле Казакстандын, Кыргызстандын эл артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты – Э.Турсуналиев жетектейт. Топту алгач Т.Черикчиева, М.Аликеев сыяктуу ырчылар толуктап, КМШ өлкөлөрүнө гастролдоп, Кыргызстандын гана эмес, чет жактын да сүйүктүү тобуна айланган. Ушул эле топ 2000-2001-жылдары АКШны жана Японияны түрө кыдырышкан. 1988-жылы Ч.Исабае “Камбаркан” деген фолькордук-этнографиялык топ түзгөн. Ансамблда жалаң кыргыздын улуттук аспаптары ойнолгон. Мисалга алсак, ооз комуз, кыл кыяк, комуз, темир комуз, сурнай, керней, жылаажын, сыбызгы.

Композиторлор

Кыргыз Музыкасы 
Муратбек Бегалиев

1980-жылы Кыргызстанда профессионалдуу композиторлор чыга башташкан. Бирок, 50-жылдары эле айрым музыканттар кино тасмаларга музыка жаза башташкан. Алардын бири А.Жээнбай. Андан кийин Муратбек Бегалиев аттуу таланттуу композитор да өзүнүн чыгармалары менен кыргыз кинолорун кооздой алган. Анын алгачкы чыгармасы “Ак илбирстин тукуму” фильмине арналып жазылган.

Кыргыз театры

Кыргыз таланттары 1921-жылдан баштап эле музыкалык билим ала башташкан. 40 жаш студен жыл сайын Москвалык Театралдык Жогорку окуу жайында окуп келип жатышса, 1967-жылы Кыргызстанда биринчи жолу Б.Бейшеналиева атындагы Исскуство Институту түптөлгөн. Андан кийин атайын 1993-жылы музыкалык жай ачылып, 1998-жылы “улуттук” консерватория деген статус берилген.

Кыргыз эстрадалык музыкасы

Кыргыз таланттары 1921-жылдан баштап эле музыкалык билим ала башташкан. 40 жаш студен жыл сайын Москвалык Театралдык Жогорку окуу жайында окуп келип жатышса, 1967-жылы Кыргызстанда биринчи жолу Б.Бейшеналиева атындагы Исскуство Институту түптөлгөн. Андан кийин атайын 1993-жылы музыкалык жай ачылып, 1998-жылы “улуттук” консерватория деген статус берилген. Азыркы учурда Кыргызстанда көптөгөн таланттуу эстрада ырчылары бар. Омар, Арсен, Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова (Сатылганова, Гулнур) ж.б.с.у. таланттуулар намысыбызды коргоп келет.

Интернеттеги шилтемелер

Tags:

Кыргыз Музыкасы Кыргыз музыкасынын тарыхыКыргыз Музыкасы Кыргыз музыкасынын изилденишиКыргыз Музыкасы Обондуу ырларКыргыз Музыкасы Обончу, аткаруучу жана ырчыларКыргыз Музыкасы Музыкалык аспаптарКыргыз Музыкасы Кыргыз ОркестриКыргыз Музыкасы Комузчулар тобуКыргыз Музыкасы Бийчилер тобуКыргыз Музыкасы Фолкьлордук топторКыргыз Музыкасы КомпозиторлорКыргыз Музыкасы Кыргыз театрыКыргыз Музыкасы Кыргыз эстрадалык музыкасыКыргыз Музыкасы Интернеттеги шилтемелерКыргыз Музыкасы

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Географиялык ландшафтКант диабетиЭлдик педагогикаЭвтаназияБайтик баатырТике сөзЭнчилүү aтЭкосистемаЧүчөк (энтеробиоз)Шабдан баатырСаякбай КаралаевОкутуу ыкмаларыЖоопкерчилиги чектелген коомСахабаларАндронов маданиятыЖүрөктүн ишемия оорусуКылым карытар бир күнОкутуу методуКыргызстандын Россияга каратылышыУлуу Кыргыз ДөөлөтүУламышСолтоноев Белек Солтонкелди уулуЭтиштин чактарыСыдык уулу ОсмонаалыФизикалык географияГлобалдык көйгөйлөрСимметрияБайыркы кыргыздарБишкекКараханийлер мамлекетиЧүй облусуБөлүкчөЭстетикалык тарбияБаланын чачын алып, кыркын чыгарууКош сөздөрМамлекеттик башкарууАстрономияБакаМектепке чейинки куракТуруктуу сөз айкаштарыАнглияАба (атмосфера)ТалмаКлиматты калыптандыруучу негизги факторлорГастритКыргызстандын географиясыЖеңиш чокусуКасым ТыныстановСолтоКыргыз этнонимиАз кандуулукТүштүк КореяИлимКөк дептерДедукцияКыргыз Республикасынын Кызыл китебиТаанып-билүү теориясыЭтек кир (айыз, менструация)ХундарМакал лакапДем алуу системасыЫкчам-издөө ишмердигиКыргызстан тарыхыАсан КайгыАналитикалык химияКит сымалдарКошмок сөздөрФергана тоо тизмегиКемтик сүйлөмБийликтин бөлүнүшүТүргөш кагандыгыОрхон-Энесай Жазууларынын Эстеликтери🡆 More