Бийликтин бөлүнүшү – ага ылайык, бирдиктүү мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлиги болуп өзалдынча жана бири-бирине көзкарандысыз бөлүнө турган конституциализмдин негизги принциптеринин бири.
Б. б. принциби алгачкы ирет жана ырааттуу түрдө 1787-жылы АКШ Конституциясында жүзөгө ашырылып, анда 3 бийлик гана бөлүнбөстөн, алар бири бирин «такаат жана теңдештик тутуму» аркылуу көзөмөлдөп да турат. Парламенттик мамлекеттерде парламент шарттуу түрдө аткаруу бийлик органдарына үстөмдүк кылгандыктан, Б. б. принциби анчалык ырааттуу жүргүзүлбөйт. КРде Б. б. принциби КР Конституциясында бекитилген.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бийликтин бөлүнүшү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.