Мүчө

Мүчө – жеке өзүнчө колдонулбаган, грамматикалык мааниси сөзгө уланганда гана аныктала турган көмөкчү морфема.

Мүчө бир катар тилдерде уңгунун тыбыштык өзгөчөлүгүнө карата бир нече фонетикалык вариантка ээ. Мисалы, кыргыз тилинде: саан+чы, тил+чи, жумуш+чу, өтүк+чү. Функциясына карай мүчө сөз жасоочу, сөз өзгөртүүчү, форма жасоочу деп бөлүнөт (кийинки экөө кээде бирге да каралып жүрөт). Сөз жасоочу мүчө бир сөздөн экинчи бир сөздү жасайт, тилдин сөздүк курамынын байышында чоң роль ойнойт: эмгек+чил, сыз+гыч жана башкалар. Сөз өзгөртүүчү мүчө сөздүн башка сөзгө болгон синтаксистик мамилесин туюндурат: заман+дын, кел+ем. Форма жасоочу мүчө сөздүн лексикалык маанисине кошумча маани киргизет (ата+ке, ага+тай) же грамматикалык өзгөчө маани кошот (киши+лер). Мүчө уңгуга жалгануу ордуна карай префикс, суффикс деп бөлүнөт. Префикс (приставка) уңгунун алды жагынан (на+писать, бей+максат), суффикс арт жагынан писа+тель, сатир+ик), инфикс ичинен (корабл+е+строение, народ+о+население) жалганат.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Билим берүүКургак учукЛирикаКомузСын атоочСеметей эпосуУкукНегиз (химия)ЭэрчишүүМанастын туулганыКызыл китеп«Манасчылар»Алымбек даткаЖапонияСаймалуу ташТаштандыларды кайра иштетүүHTMLТигүү машинасыАта-энелик укуктар жана милдеттерКислотаКүкүрт кислотасыКомпьютерЗат жана энергия алмашууТаш дооруЖандоочКыргызстандын гербиЧокан ВалихановАлександр МакедонскийКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыАба ырайыКоёндор жапайыЭлектр чыңалуусуКыргыз музыкасыТарбияБүркүтАлп СолЭтишЭкономикаСезүү мүчөлөрүКекеева Жаӊылай СабырбековнаАзияСалыкҮч бурчтукПсихологияКаратма сөзНатрийГастритУсубалиев Турдакун УсубалиевичБүбүсара БейшеналиеваУлуу Ата-Мекендик согушФонетикаКыргызстандын географиясыКитептин тарыхыТаранчыБайчечекейМолдо НиязКесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөрАмерикаЖаратылышты коргооМакал-ылакаптарСуутекДидактикаПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыМидин АлыбаевАлай өрөөнүМамбетимин уулу КазыбекЭлдик революцияБышыктоочӨтмө мааниОй жүгүртүү (философия)СеметейКыргызстандын Россияга каратылышыКыргызстанКан тамырларЖакиев БексултанТүгөлбай Сыдыкбеков🡆 More