Зат Жана Энергия Алмашуу

Заттык жана энергия алмашуу — организмдеги заттардын химиялык айланууларынын жыйындысы.

Ал организмдин өөрчүшүн, тиричилигин жана тукум берүүсүн, ошондой эле айлана-чөйрө менен байланышын, сырткы чөйрөнүн өзгөрүшүнө ыңгайлашуусуна камсыз кылат. 3ат алмашуунун негизин ассимиляция (анаболизм) жана диссимиляция (катаболизм) процесстери түзөт. Булар ферменттердин таасиринен жүрүүчү химиялык реакциялар менен ишке ашат. Анаболизм энергияны алууга байланыштуу, анда клеткалар тышкы чөйрөдөн келген бирикмелерди өзүнө сиңирип, клеткада жөнөкөй молекулалардан татаалдары синтезделет. Катаболизмде клеткага сырттан келген жана анын составына кирген заттар ажыроого учураганда энергия пайда болот. Ал энергия тиричиликтин бардык процесстеринде, булчуңдардын жыйрылышында, нерв импульстарын өткөрүүдө, дененин температурасын бир калыпта кармоо, синтез, сиңирүү, секреция процесстерин, клетка мембранасынын ички жана сырткы жагында сактоодо жана башка пайдаланылат. Бул процесстер организмдин дайыма жаңырып турушун жана ткандардын химиялык составынын туруктуу болушун камсыз кылат. Организмдеги белоктор негизинен КУРУУ материалы катары, углеводдор менен майлар энергияны толуктоо үчүн пайдаланылат. Углеводдор организмде энергиянын негизги булагы болуп, энергнянын көбүн бөлүп чыгарат.

Түрдүү заттардын организмге кирген убактысынан тартып ажыроонун акыркы продуктулары пайда болгонго чейинки өзгөрүүлөр метаболизм деп аталат. Метаболизм шарттуу түрдө бир нече процесстерге бөлүнөт: тамак сиңирүү ичеги-карын жолдорунда тамак сиңирүүчү ферменттердин (пепсин, трипсин жана башка) таасиринен тамак-аш организмге оңой сиңе турган төмөнкү молекулалуу бирикмелерге ажыроочу, ал азык зат ичеги-карындан канга сиңип, андан ар кайсы орган менен ткандарга барышы, ал заттарды клетка менен ткандардын заттарына айландыруу жана ошол организмге гана мүнөздүү бирикмелерди пайда кылуусу (биосинтез); бул бирикмелердин аралык жана акыркы продуктуга чейин ажырашы; метаболизмдин акыркы продуктуларын организмден чыгаруу. Организмге түшкөн толуп жаткан тамак-аштан зат алмашуунун акырында энергиялык чоң мааниси бар үч зат (ацетилкофермент А, а-кетоглутар кислотасы, козу кулак-уксус кислотасы) пайда болот. Ажыроонун акыркы продуктуларынын пайда болушу (көмүр кычкыл кислотасы, суу, мочевина жана башка) түрдүү ферменттик процесстердин негизинде жүрөт.

Зат алмашуудан чыккан энергия атайын заттарда — аденозинтрифосфатта (АТФ), гуанозинтрифосфатта ж.б. глюкозаны ажыратууда аденозиндифосфор кислотасы (АДФ) менен органикалык эмес фосфаттан АТФ пайда болот. АТФ органикалык эмес фосфат менен АДФга ажыраганда 8—10 ккал энергия чыгып, ал энергиянын башка түрүнө (механикалык, химиялык жылуулук жана башка) айланат; бул башка бирикмелерге өтүп, биосинтез процесстеринде пайдаланылат, организмдин түрдүү керектөөсүнө жумшалат.

Зат алмашууда витаминдер, суу жана түрдүү минерал заттар (натрий, калий, кальций, фосфор, микроэлементтерден — магний, марганец, молибден, фтор, кобальт жана башка) негизги орунду ээлейт. Бул заттар нерв импульстарын өткөрүүдө жана клеткада осмос процесстеринин жүрүшүнө катышат, тиштин, сөөктүн составына кирет жана башка

Тиричиликте Зат жана энергия алмашуу дайыма бир калыпта жүрбөйт, ошонун негизинде организм жашоо шартынын өзгөрүүлөрүнө ыңгайланатомиялык Зат алмашуу тарыхый өөрчүүдө — филогенезде калыптанып, организмдин айлана-чөйрө менен өз ара аракетинде жүрөт. Шарт өзгөрүлгөндө зат алмашууну керектүү багытта өзгөртүүчү жөнгө салуу механизмдери иштей баштайт. Мисалы, кычкылтек жок шартта кычкылдануу фосфорилдөө процесси гликолиз менен алмашат. Кычкылтек ткандарда көп болсо, гликолиз басаңдап, кычкылдануу процесстери күчөйт. Зат алмашуу белгилүү ферменттик реакцияларга ферменттерди синтездөө жана алардын активдүүлүгүнө таасир этүү менен жөнгө салынат. Клетка менен тканда Зат жана энергия алмашууну жөнгө салууда биологиялык мембрана негизги ролду ойнойт. Киши менен жаныбарлардын Зат жана энергия алмашуусун нерв системасы менен гормондор жөнгө салат. Кишинин ар кайсы ооруларында, туура эмес тамактанууда зат алмашуу бузулат. Анын жалпы бузулушу негизги алмашуунун өзгөрүүсүнөн болот. Негизги алмашуу — тынч абалдагы зат алмашуунун өтө төмөн учурунда пайда болгон жылуулуктун саны. Нормада суткасына негизги алмашуу 1300—1600 ккал; кара жумуш жасаганда ал 2000 ккалге жетет. Негизги алмашуунун жогорулашы — калкан сымал бездин функциясы күчөгөндө, төмөндөшү анын жетишсиздигинде, ошондой эле гипофиз, бөйрөк үстүндөгү без жана башкалардын функциялары басаңдаганда байкалат. Зат алмашуунун бузулуулары түрдүү бирикмелердин өз ара аракети жана айланууларынын бузулушу, метаболизмдин — аралык затынын топтолушу, алардын толук эмес же өтө көп бөлүнүшү жана анын негизинде кадимки организмге таандык эмес заттардын пайда болушу менен мүнөздөлөт. Зат алмашуунун бузулууларын аныктоо газ алмашууну, организмге кирген жана андан чыккан заттардын санын чыгаруу, кан, заара жана башканын химиялык составын изилдөөгө негизделет. Зат алмашууну бузган себептерди жоготуу же зат алмашуунун өзгөрүшү менен коштолгон негизги ооруну дарылоо маанилүү роль ойнойт.

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Эр ТабылдыДифференциацияланган окутууПедагогикалык психологияСүйүнбай ЭралиевЭкосистемаПопуляцияКыргыз мөңгүлөрүЛандшафтФизикалык-географиялык райондоштурууСпиртКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыЫсык-Көл облусуЖердин айлануусуИсламизмСабира КүмүшалиеваКомузКүн тутумуБаланын чачын алып, кыркын чыгарууБасымОрхон-Энесай Жазууларынын ЭстеликтериӨтмө мааниАйкындоочСанжыраАдабий тилКаада- салттар,ырым-жырымдарКазакстанКонцепцияЭмгек кодексиКыргыз балдар адабиятыМүнөз (психология)Айлардын кыргызча аталышыМендель мыйзамдарыЭкинчи дүйнөлүк согушБорбордук нерв системасыӨпкөнүн сезгенишиКурактык психологияТамак сиңирүүКет БукаБруцеллёзАйыл чарбаОй жүгүртүү (философия)МаркетингОрусияЖаңыл МырзаЭрозияТрансформаторОшНаристе балдарДекларация (жарнак)АнтисептикаБайтик баатырКошууБаш мээ нервдериСөз айкашыЭмгекЭстетикалык тарбияБиоценозДарыЖакыптын жана аялдарынын түш көрүшүКичинекей ханзадаЭнесай Кыргыз кагандыгыБөйрөк оорусуҮндүү тыбыштарАк Мөөр (поэма)БашкарууБайламтаЭтнопедагогикаЖусуп БаласагынКыргызстандын тышкы саясатыТабышмакКөкөтөйдүн ашыБалдардын курак мезгилдериКыз СайкалКасымалы БаялиновНаймандарАалы ТокомбаевСаякбай Каралаев🡆 More