Сүрө (араб.: سورة сӯра – катар, даража) – Курани Карим ыйык китебинин 114 бөлүгүнүн жалпы аталышы.
Сүрө сөзү алгач "биринчи даражадагы", "өтө маанилүү" деген маанини билдирсе, кийин өзүнчө терминдик мааниге ээ болгон. Мисал катары, "Фатиха сүрөсү", "Бакара сүрөсү", "Ихлас сүрөсү" деген аталыштарды алууга болот. Сүрөлөр кайсы шаарда түшкөндүгүнө байланыштуу экиге бөлүнөт: Меккелик жана Мединалык. Куран сүрөлөрү көлөмүнө жараша ар кандай болгондуктан, 30 парага теңдештирилип бөлүнгөн. 9-сүрөдөн башка бардык сүрөлөр "Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын ысымы менен" (араб.: بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ) башталат. 86 сүрө Меккеде жана 28 сүрө Мединада түшүрүлгөн.
(Үлгү катары маанилери жана котормолору келтирилген.)
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сүрө, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.