Аср сүрөсү (арабча: سورة العصر, Убакыт, мезгил) — Курандын 103 сүрөсү.
Сүрө Меккеден түшкөн жана 3 аяттан турат. Бул сүрөдө адам өз иштеринде зыян тартаары, бирок Аллахка ишенгендер, жакшы амалдарды кылгандар, жана акыйкаттык менен бири бирин сабырдуулукка насаат кылгандар зыян тартпаары айтылган.
بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1. وَالعَصرِِ
2. إِنَّ الإِنسٰنَ لَفى خُسرٍ
3. إِلَّا الَّذينَ ءامَنوا وَعَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ وَتَواصَوا بِالحَقِّ وَتَواصَوا بِالصَّبرِ
Аср1 сүрөсү
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
1. Асрга ант2!
2. Албетте, инсан коромжуда3.
3. Бирок, ыйман келтиргендер, жакшы амалдарды жасагандар жана актык менен сабырдуулукка бири-бирин насаат кылгандар (коромжуда эмес).
1 Аср - "Заман (кылым)", "доор" (убакыт, мезгил) дегенди билдирет. Дагы бир мааниси - "күндүн экинчи жарымы", "дигер маалы".
2 Өтө кыска да нуска, ар бир адамдын жашоосуна өрнөк боло турган сүрө. "Бүт Куранды билбеген адам, ушул сүрөнү өрнөк кылып алса жетиштүү болмок", - деген Имам Шафи (р.х.). Бул сүрөнү ар бир жыйналыштын соңунда окуу сүннөт.
Инсан алсыз болгондуктан шайтан менен напсинин азгырыктарына туруштук бере албай зыйанга гана учурайт.
3 Зыйанда
Которгондор:Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садибакас Доолов, Садык Гавай
Текшергендер:Кимсанбай Абдурахманов, Камил Абжапаров
Муруңку сүрөө: Таксур сүрөсү | Сүрө 103 — Арабча текст | Кийиңки сүрөө: Хумаза сүрөсү |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Аср сүрөсү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.