Наас сүрөсү (арабча: سورة الناس, Адамдар) — Курандын 114 жана эң акыркы сүрөсү.
Сүрө 6 аяттан турат, жана Меккелик сүрө болуп саналат.
Сүрө адамдарды сактануу үчүн Аллахка кайрылууга жана шайтандын, адамдардын, жиндердин азгыруусуна берилбөөнү буйруйт. Ошондой эле Аллахтын 99 аты айтылып турган жерлерден шайтандын качаары да берилген.
بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1. قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلنَّاسِ
2. مَلِكِ ٱلنَّاسِ
3. إِلَـٰهِ ٱلنَّاسِ
4. مِن شَرِّ الْوَسْوَاسِ الْخَنَّاسِ
5. الَّذِي يُوَسْوِسُ فِي صُدُورِ النَّاسِ
6. مِنَ الْجِنَّةِ وَ النَّاسِ
Би-сми_л-Лааhи_р-Рахьмаани_р-Рахьиим(и)
1. Къул а’уузу би-рабби_н-наас(и)
2. Малики_н-наас(и)
3. Илааhи_н-нас(и)
4. Мин шарри_л-васвааси_л-ханнаас(и)
5. Ал-лазии ювасвису фии съудуури_н-наас(и)
6. Мин альджиннати ва-н-наас(и)
Наас1 сүрөсү
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
1. Айткын2: "Сактанам адамдардын Эгеси менен;
2. (Ал) адамдардын падышасы,
3. (Ал) адамдардын Кудайы3,
4. Жашырынган азгыруучунун жамандыгынан;
5. Ал адамдардын жүрөктөрүн азгырат.
6. (Алар) жиндер жана адамдардан (болот)".4<
1 Наас - Адамдар
2 Эй, Мухаммед!
3 Бул айат Аллах Тааланын жалгыз экенин, андыктан сыйынуу ага гана таандык экенин кабарлайт. Баардык эле "Кудай” деп, ага ишенгендер, Кудай бүткүл ааламдардын Эгеси, кожойуну экенин талашпайт. Ал эми сыйынууга келгенде эле бөлүнүп кетишет. Жалгыз Аллах Таалага сыйынбай ширк кылышат.
4 Бул жерде айтылгандай азгыруулар биз көрө алган адам баласынан да, биз көрө албаган жин-шайтандардан да болот.
Которгондор:Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садибакас Доолов, Садык Гавай
Текшергендер:Кимсанбай Абдурахманов, Камил Абжапаров
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Наас сүрөсү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.