Антропоноздор (антропошондой..
жана грекче nosos оору) - адамга гана таандык жугуштуу (инфекциялык) жана мите оорулар. Алардын козгогучтары эволюция процессинде адам организминде мителик кылууга ыңгайланган. Оору козгогучтарын (бактерия, вирустар, гельминттер жана башка) өз организминде «ташып» (алып) жүргөн киши оору булагы болуп эсептелет. Антропоноздорго ич келте, келте, холера, дизентерия, аскаридоз, полиомиелит (баланын шал оорусу), кептөөр, көк жөтөл, кызамык, кызылча, суучечек, чечек, сакоо, кайталанма келте, безгек, чүчөк жана башкалар кирет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Антропоноздор, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.