Базар, очор - соода кылуучу жай.
Базар байыркы түрк (кыргыз) сөзү. Өз ара тилдик, чарбалык-экономикалык алакалашуулардан орус жана башка тилдерге өткөн. Базар жана соода көчмөн жана отурукташкан элдер үчүн эки тараптуу пайдалуу болгон. Эки тарап тең зарыл нерселерди сатып же башма-баш алмаштыра алышкан. "Товар" сөзү да байыркы түрк тилинде колдонулган. 11-кылымда энциклопедист Махмуд Кашкари: "Таwar- бул сатуучу үчүн атайын бөлүнгөн мал" деген түшүндүрмө берген. Чыгыштагы шаарлар соода борборлору катары өсүп чыгышкан. Базарда чарбалык керектөөлөр гана канааттандырылбай, кошуна өлкөлөрдүн, элдердеги экономикалык абал, саясий кырдаал, мамлекеттин ичиндеги чарбалык жана саясий абал жана башка маалыматтар талкууланып турган. Базардагы баага карата түшүмдүн, малдын, кол өнөрчүлүк буюмдарынын өздүк наркы бааланган. Эмгек рыногунун маанилүү бөлүгүн анализдөө.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Базар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.