Кыргызстан эл аралык университети — эл аралык жогорку окуу жайы.
1993-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарлыгы менен уюшулган. Университет европалык-америкалык жаңы структуранын негизинде иштейт. Социалдык-гуманитардык факультеттери, Укук жана бизнес, Эл аралык медицина жогорку мектептери, Чет тилдер, Мультимедиа, Менежмент, Бизнес, Туризм, Аралыктан билим берүүдөгү Кыргыз-Россия, Кыргыз-Индия (Индиядагы И. Ганди университети менен бирдикте) институттары, Эл аралык билим берүү академиясы, Эл аралык билим берүү борбору, 5 Илим изилдөө институту, ошондой эле юриспруденция, экономика, информатика, системалык анализ жана башкаруу, менеджмент боюнча 2 жылдык магистратура жана 2 колледжи бар. Укук, бизнес жана компьютердик технология боюнча Каракол, Ош, Жалал-Абад шаарында филиалдары ачылган. Окуу бюджеттик жана контракттык негизде күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Кадрларды даярдоодогу окууметодикалык иштери ыңгайлуу шартта бөлүштүрүлүп, адис профессор-окутуучулар, белгилүү окумуштуулар эмгектенишет. Ректору — А. Айдаралиев (1993-жылдан).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кыргызстан эл аралык университети, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.