Константин Ушинский

Константин Дмитриевич Ушинский - Россияда илимий педагогикага негиз салган окумуштуу педагог.

Өмүрү

К. Д. Ушинский 1824-жылы 2-мартта Тула шаарында туулган.Ал Новгород - Северскийдеги гимназияны бүткөндөн кийин Москва университетинин юридикалык факультетине кирип окуйт.1870-жылы дүйнөдөн кайткан.

Кызматы

1846-жылы Ярославскийдеги юридикалык лицейде кафедранын жетекчиси болуп иштеп жүргөндө «профессор ишенимден чыгып калды» деген жалган айыптан кийин «Современник» (1852-54) жана «Библиотека для чтения» (1854-55) журналдарына иштеп кеткен. 1854-жылдан Гатчина жетимдер институтунда орус сөз өнөрү жана укук сабагы боюнча окутуучу, 1859-жылдан Смольный институтунда инспектор, 1860-жылы «Журнал министерство народного просвещенияга» редактор болгон.

Эмгеги

К. Д. Ушинский ошол мезгилдеги эл агартуучулук боюнча бир нече макалаларды жарыялаган. Демократиялык көз караштарын жактырбаган реакциячыл адамдар аны чет мамлекетке кетишине мажбур кылышат. Ушинский үй-бүлөсү менен Швейцарияда жашап, ошол жерден эл агартуучулук ишти түп-тамырынан бери изилдеп чыгып, «Швейцариядан каттар» аттуу атактуу эмгеги менен педагогикалык илимге зор салымын кошкон. Анын идеясы зл агартууда реформа жүргүзүү үчүн элдин күрөшүнө таяныч болот. Ошондой эле балдар менен кыздарды зне тилинде жалпыга милдеттүү окутууну жактап, тарбияны коомдук көрүнүш деп эсептеген.1867-жылы Россияга кайтып келгенден кийин жазган «Адам тарбиясынын предмети» деген эмгеги көп жылдар бою педагогдор жана психологдор тарабынан жетекчиликке алынып, азыркы мезгилде дагы маанилүү илимий эмгек болуп келет.

Медалы

1945-жылы ССР ЭКСи «К.Д. Ушинский медалын» уюштурган. Эмгеги менен айырмаланган көрүнүктүү мугалимдер, педагогика илиминин ишмерлери бул медаль менен сыйланышат.

Пайдаланылган адабияттар

УШИНСКИЙ К.Д. // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. - Т. 6. - Ф., 1980. - Б. 198.; САРТБАЕВ К. Педагогика илиминин керүнүктүү өкүлү // Эл агартуу. - 1974. - ,№5. - Б. 47-54; УШИНСКИЙ К.Д. //Ленинчил жаш. - 1974. - № 3. - Б. 2.

Tags:

Константин Ушинский ӨмүрүКонстантин Ушинский КызматыКонстантин Ушинский ЭмгегиКонстантин Ушинский МедалыКонстантин Ушинский Пайдаланылган адабияттарКонстантин УшинскийПедагогика

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

«Манасчылар»Кыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүМамлекеттердин тизмесиМээАныктоочЖер астындагы сууларФранцияМидин АлыбаевАлай тоо кыркасыДезоксирибонуклеин кислотасыЗат алмашууАйлана чөйрөнү коргооКыргыз Республикасынын БаатырыБек БорбиевКыргызстандагы металлдарРадиоактивдүүлүкКокон АвтономиясыЖердин айлануусуТеңир-ТооКыргызстандын чек араларыМаданий өсүмдүкТүргөш кагандыгыСеметейАрстанбек Буйлаш уулуКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиМайрамдарҮсөнгазы АсаналиевКлетка теориясыКөкө уулу ЖеңижокАрменияРоза гүлдүүлөрСоветбек БайгазиевБразилияМенеджментНасирдин ИсановМанас эпосунун өзөктүк окуяларыКаада- салттар,ырым-жырымдарШайлообек ДүйшеевБеш жылдык пландарМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Кокон хандыгыБайтик баатырКыргызстандын Россияга каратылышыЧакчылКыргызстандын гербиКытай кыргыздарыАжар (повесть)Дүйшөнкул ШопоковТабигый ресурстар, жaратылышТоталитаризмНуклеин кислоталарыИшкерКитептин тарыхыТамак сиңирүүЕвразияКыргыз уяң жүндүү коюАбиотикалык факторлорОмонимСолтоноев Белек Солтонкелди уулуКан агууСөз байланышыТаанып-билүү теориясыЭтикаТаш-РабатТоп жылдызВикипедияБишкекСары-Челек биочөйрөлүк коругуКыргыз элинин көркөм өнөрчүлүгүСөөк системасыМекенАйыл чарбаКыйыр СөзАлымбек даткаКыргыздардын тарыхыИчки Теңир-ТооЭмгекӨрт коопсуздугуПсихология🡆 More