Мултимедиа (орус.
Бул макаланы «Мультимедиа» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
Текст, түс, график, анимация, аудио жана видеолордун ичинен экиден кем эмес элементти интегрлештирилген көрсөтүүлөрдүн же колдонмолордун програмдык жабдыктары мултимедиа деп айтылат.
Колдонуучудан баскычтоп тактасы же чычкан сыяктуу түзүлүшү аркылуу киргизилген сигналды кабыл алып, ага жооп катары кандайдыр бир аракет аткарган мултимедиа колдонмолору интерактивдүү мултимедиа болуп эсептелет.
Интерактивдүүлүгү жогору болгон мултимедиа колдонмолору, кандайдыр бир маселени аяктоо үчүн материалдар арасында темпке жараша ылдамдыкты камсыз кылат жана ал иш кантип аткарылып жаткандыгы тууралуу кабарлап турат. Мултимедиа колдонмолорунун көпчүлүгүнүн негизги түзүүчүсү болуп текст эсептелет. Мултимедиа колдонмолору негизги маалыматты көрсөтүү үчүн кадимки текстти эле колдонбостон маалыматты белгилөө жана түшүндүрүү максатында бир катар тексттик аспаптарды пайдаланат. Мисалы, айрым сөздөр же фразалардын асты сызылышы, ариптердин өлчөмү же тибинин өзгөртүлүшү, экрандагы тексттердин түрдүү блокторунда түрдүү түстөр пайдаланышы мүмкүн. Мултимедиа колдонуштарында тексттин түсүн эффективдүү пайдалануу менен көрсөтүү уюштурулат. Мултимедиа колдонуштары тексттик менюга негизделген баскычтар менен кандайдыр бир предметтеги маалыматтарды тез көрсөтүүдө дагы пайдаланылат.
Мултимедианын програмдык жабдыгы (Multimedia Authoring Software) деп текст, график, аудио, видео жана анимацияны камтыган көрсө-түүлөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет. Мультимедианы көрсөтүү жеке эле аталган элементтердин аралашмасы эмес, ал компьютерде интерактивдүү көрсөтүү. Көрсөтүлүүчү эпизоддор үчүн каалагандай сандагы материалдардын тандап алууга мүмкүндүк берет. Мултимедиа ПЖ текстти, графикти жайгаштырып, аудио жана видео, анимацияны башкаруу менен көрсөтүүнү түзүүгө жардам берет. Мултимедиа пакеттеринин кеңири колдонулганы Multi-media Tool-Book Asymetrix Corpo-ration. Тармактын жетишкендиктеринин бири мултимедианы кошуу мүмкүнчүлүгү эсептелет, ал текстти, графикти, видеону, анимацияны жана аудиону интегрлештирет. Бул жетишкендиктер тармакта иштөөчү маалыматтар түрлөрүн көбөйттү, тармакты колдонуу потенциалын кеңейтти жана Интернетке кызыгууларды арттырды.
Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мултимедиа, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.