Лицензия (лат.
licentia – эркиндик, укук) – 1) иш-мердиктин белгилүү түрү менен алектенүүгө (м.: банктык, жеке медициналык, басмалык) же мыйзам боюнча лицензиялоого жаткан аракеттерди ишке ашырууга мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү улуксат; 2) лицензиялык келишим же болбосо сот же компетенттүү мамлекеттик органдын административдик чечими боюнча берилүүчү ойлоп табууну, өнөр жайлык үлгүнү, пайдалуу модель же башка техникалык жетишкендикти пайдалануу укугу. Л. түрлөрү төмөнкүчө болот: башкы (ишмердиктин белгилүү түрү менен алектенүүгө); бир жолку (улуксат берилген көлөмдүн, салмактын же сандын чегинде белгилүү бир чарбалык аткарымдарды ишке ашырууга); туруктуу (мөөнөтү чектелбестен берилүүчү); убактылуу (2 жылдан кем эмес убакытка берилүүчү) ж. б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лицензия, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.