Кыргыз Диалектологиясы

Кыргыз диалектологиясы — кыргыз диалектилерин, говорлорун изилдөөчү илим.

Диалектология илими диалектилердин, говорлордун тыбыштык системасындагы, грамматикалык түзүлүшүндөгү, сөздүк курамындагы жалпылыктарды, өзгөчөлүктөрдү жана алардын себептерин изилдейт. Изилдөө мүнөзүнө жараша диалектография (сыпаттама, кээде мүнөздөмө) жана тарыхый деп бөлүнөт. Сыпаттама жолу менен диалектилердин, говорлордун бир учурдагы абалы системалуу мүнөздөлсө, тарыхый диалектологияда диалектилердин, тилдик фактылардын тарыхый өнүгүп өзгөрүшүн изилдейт. Кыргыз тили түрк тилдерине киргендигине байланыштуу 11-кылымда изилдөө объектине айланган. Буга далил катары М. Кашгаринин «Дивану лугат-ат түрк» эмгегинде кыргыздардын тилдик өзгөчөлүктөрү жалпы эле түрк элдеринин тилдик бөтөнчөлүктөрүнө салыштырылгандыгын атоого болот. Кийин 1856-жылы Ч. Валиханов «Манас» эпосундагы тилдик өзгөчөлүктөрдү белгилеген. Оозеки чыгармаларды, анын ичинде «Манас» эпосундагы айрым эпизоддор В. Радловдун «Түндүк түрк урууларынын адабияттарынын үлгүлөрү» аттуу 10 томдук эмгегинин 5-томунда (1985) жарыяланган. Этнографиядан өзүнчө лингвистикалык илим катары бөлүнүп чыккандан кийин диалектологияга көңүл бурула баштаган. 1920—30-жылдары кыргызча-орусча сөздүк үчүн сөздөр жыйналганда диалектилик өзгөчөлүктөргө да байкоо жүргүзүлгөн. Натыйжада кыргыз тилинин диалектилерге бөлүнөрү жөнүндө К. Тыныстанов алгачкы (1934) пикирин жазган. 1938-жылы И. А. Батмановдун «Кыргыз тилинин түндүк диалектилери» деген эмгеги жарык көргөн. 1940-жылы К. К. Юдахин «Кыргызча-орусча сөздүк» түзүп, анын кириш сөзүндө кыргыз тилинин диалектилик өзгөчөлүктөрү жөнүндө жазган. Бирок 1950-жылдардан кийин гана кыргыз диалектилерин изилдөө иштери системалуу жана пландуу мүнөзгө өткөн. Бул жылдары Г. Бакинованын «Ысык-Көл говорунун материалдарынан» (1956), «Кыргыз тилинин Ош говору» (1956), Э. Абдулдаевдин «Кыргыз тилинин Чаткал говору» (1956), Г. Бакинова, С. Кондучалова, С. Сыдыковдун «Кыргыз тилинин Жалал-Абад областынын говорлору» (1958) жана «Кыргыз тилинин Чүй говору» (1959), Т. К. Ахматовдун «Кыргыз тилинин Талас говору» (1959), Э. Абдулдаев, Г. Бакинова, С. Кондучалова, С. Сыдыковдун «Тянь-Шандык кыргыздардын тилиндеги өзгөчөлүктөр» (1962), Э. Абдулдаев, Г. Бакинова, Н. Бейшекеевдин «Өзбекстандык кыргыздардын тилиндеги жергиликтүү өзгөчөлүктөр» (1962) деген эмгектер жарыяланган. Ошондой эле В. Радлов жазып алган тексттеги диалектилик өзгөчөлүктөрдү С. Кондучалова, тажикстандык кыргыздардын тилин Ж. Мукамбаев, казакстандык кыргыздардын тилин Н. Бейшекеев, лейлектик кыргыздардын тилин Ш. Жапаров, анжияндык кыргыздардын тилин Ж. Жумалиев, кытайлык кыргыздардын тилин Ху-Жен-Хуа, Ху И изилдешкен. Кыргыз тилинин тарыхын жана адабий тилдин нормаларын аныктоо үчүн анын кандай диалектилерге бөлүнүшүн тактап алуу керектигин алгачкы пикирди айткан К. Тыныстанов 4 диалектиге; И. А. Батманов 2 наречиеге; К. К. Юдахин, Ж. Мукамбаев 2 диалектиге; Б. М. Юнусалиев, Ш. Жапаров 3 диалектиге бөлүштүргөн. Илимий чөйрөдө кыргыз тили эки жана үч диалектиден турат деген көз-карашты жактаган пикирлер бар. 1960—70-жылдары кыргыз диалектилерин лингвистикалыкгеографиялык жагдайдан иликтөө башталган. Анын натыйжасында 197 картадан турган «Кыргыз тилинин диалектологиялык атласы» (Г. Бакинова жетектеген авторлор тобу) түзүлгөн. Андан тышкары А. Биялиевдин «Кыргыз диалектологиясы» (2001), Ж. Мукамбаевдин 2555 беттен турган кол жазмасынын негизинде К. Коңкобаев «Ж. Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүн» (2009) чыгарган. Диалектилик фактыларды тарыхый жана лингвистикалык-географиялык, ареалдык жактан талдоого алган көптөгөн окуу китептер, методикалык колдонмолор, программалар, макалалар жарыяланууда.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Айыл чарбаАйыл чарбаны коллективдештирүүБөлүкчөШекер (айыл)Таш-РабатКөркөм өнөрРадиоактивдүүлүкДабан мамлекетиКыргыз улуттук оюндарыРысбай АбдыкадыровЭкстремизмКлетка теориясыЖакиев БексултанОй жүгүртүүКыргызстан алтын кендериАрхитектуралык эстеликтерКүнТамак сиңирүү системасыДан өсүмдүктөрүСүйлөм мүчөлөрүКыргыз оймолорунун маанисиЭссеТемирМекен таанууБарсбек каганОшКылым карытар бир күнТуз (химия)Кислоталар жана негиздерБасымЖарым өткөргүчКубаттуулукЛазерЖер титирөөБасым (физикалык)Кыргыз тилиКыргыз-Казак согушу (1846)Туруктуу сөз айкаштарыТыныш белгилериТыбышТоголок МолдоУнитардык мамлекетЖалил СадыковКыргыз сүрөт өнөрүКызылча (оору)ПластмассаСуу сактагычКыргыз алфавитиКыргызстандагы жаныбарларГенетикаКыргызстандагы шамал режимиБиосфераЖаш манасчыларБиологияКазакстанКыргыз Советтик Социалисттик РеспубликасыАбдыкадыр ОрозбековИлбирсУсун мамлекетиБеш миң сомКүн атмосферасыШвейцарияЧагылганКорукҮндүү тыбыштарТүркмөнстанКыргыз аттарыВолейболБурана (мунара)Бишкек баатырАскердик антБириккен Улуттар УюмуЗат алмашууГипертония оорусуАныктоочЖыйырма сегиз панфиловчуларЭлектрондук почта🡆 More