Португал тили – португалдар менен бразилиялыктардын тили.
Роман тилдеринин ибер-роман тобуна кирет. Португалия, Бразилия, Африка (Ангола, Мозамбик, Гвинея-Бисау, Кабо-Верде, Сан-Томе жана Принсипи) жана Азияга (Чыгыш Тимор) тараган. Адабий тили 16-кылымда калыптанып, Бразилияга таралып, 19-кылымда жергиликтүү индей тилдерин дээрлик сүрүп чыгарган. Бул тилдин португал жана бразилия тилдери деген эки варианты бар. Айырмасы фонетика менен лексикада. Португалиядагы португал тили 3 диалектиден турат. Жазмасы латын графикасынын негизинде түзүлгөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Португал тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.