Гаити Креол Тили

Гаити креол тили (kreyòl ayisyen , франц. créole haïtien) — Гаити эли сүйлөгөн тил.

Ошондой эле Вест-Индия өлкөлөрүндө жана Канадада (Квебек провинциясында) таркалган. Башкача айтканда, гаитилик мигранттар жашаган өлкөлөрдө.
Бул сүйлөгөндөрдүн саны (12 млн) боюнча эң чоң креол тили.

Расмий аталышы:

гаити креол тили

Айтылышы:

Kreyòl ayisyen

Өлкөлөр:

🇭🇹Гаити
🇩🇴Доминикана Республикасы
🇺🇲АКШ
🇨🇦Канада
🇨🇺Куба
🇧🇸 Багам аралдары
🇫🇷Франция

Расмий статусу:

Гаити

Колдонгондордун жалпы саны:

12 млн (2014)

Классификациясы
Түрмөгү:

???

Контактык тилдер

    Креол тилдери
      Француз тилдин негизиндеги контактык тилдер
Жазылышы:

латын алфавити

Тилдер коду
ISO 639-1:

ISO 639-2:

ISO 639-3:

Диалектилер

Гаити креол тилинде эки диалект бар: "fablas" жана "plateau".

Расмий статусу

1961-жылдан бери ал француз тили менен катар Гаитинин экинчи расмий тили болуп калды, ага чейин француз тили өлкөнүн жалгыз адабий жана расмий тили болгон. Укуктук статус 1987-жылкы конституцияда бекитилген, анда гаити креол жана француз тилдери расмий тилдер деп аталат, бирок гаити креол тили бардык гаитиликтер үчүн жападан жалгыз жалпы тил катары таанылган.

Тилдин келип чыгышы

Гаити креол тилинин негизин 18-кылымдагы француз тили түзгөн. Гаити креол тилинин лексикасынын жана фонетикасынын калыптанышына батыш африкалык, араб, испан, португал жана англис тилдери таасир эткен.
Бир теорияга ылайык, тил Батыш Африкада калыптана баштаган. Кулдар Америкага жөнөтүлгөнгө чейин соода түйүндөрүнүн жанында кармалчу. Балким, ошондо элементардык креол тили пайда болгон.
Экинчи теорияга ылайык, гаити креол тилинин келип чыгышы фон тилдеринде сүйлөгөн кулдар кожоюндарынын тилинен сөздөрдү колдонуп сүйлөй баштаганда башталган.

Тилдин структурасы

Грамматика абдан жөнөкөйлөштүрүлгөн жана орфографиясы жалпысынан айтылышына дал келет. Расмий стандартташтырылган орфографияга ылайык, гаити креол тилинде 32 тыбыш бар: a, an, b, ch, d, e, è, en, f, g, h, i, j, k, l, m, n, ng, o, ò, on, ou, oun, p, r, s, t, ui, v, w, y, z.
C, q, u жана x тамгалары жок. "К" тамгасы "с" жана "q" тамгаларынын тыбыштары үчүн колдонулат. "U" тамгасы башка тамгалар (ou, oun, ui) менен айкалышып гана колдонулат, ал эми француз тектүү сөздөрдө анын ордуна "i" тамгасы (жана ошого жараша тыбышы) колдонулат. "Х" тамгасынын тыбышын туюндуруу үчүн k жана s, k жана z, же g жана z тамгаларынын айкалыштары колдонулат.
Сүйлөмдөрдүн айтылышында интонация чоң роль ойнойт.
Этиштер чак же жак боюнча тартылбайт. Сын атоочтор жана артикльдер зат атоочко карата өзгөрүлбөйт.
Сүйлөм түзүлүшү фон тилинин сүйлөм түзүлүшүнө окшош.

Булактар

Tags:

Гаити Креол Тили ДиалектилерГаити Креол Тили Расмий статусуГаити Креол Тили Тилдин келип чыгышыГаити Креол Тили Тилдин структурасыГаити Креол Тили БулактарГаити Креол ТилиГаитиФранцуз тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргыз адабиятыСуу сактагычКан басымыАйлана-чөйрөТкандар (биологияда)Балбай баатыр Эшкожо уулуТемиркул ҮмөталиевИлимФразеологизмКыргыз философиясыМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Таш дооруКыргыз элинин калыптанышыИч катууКыргызстандагы жаан-чачындарЖакыпТамак сиңирүү системасыОрмоков Эрнисбек АбдижалиловичЫсык-Көл облусуКомпьютердик тармакХимияКыз СайкалТайлак баатырДифференциацияланган окутууЖеңиш чокусуЭтек кирМанас эпосунун өзөктүк окуяларыТүркияМанастын сунушу боюнча кыргыздардын өз жерине көчүп келгениКомузДаван мамлекетиБаяндоочИсламдагы беш парзСак цивилизациясыКөмүртекКалашников автоматыЖүлүн нервдериНамазЖарык дисперсиясыАмерика Кошмо ШтаттарыКошойБүбүсара БейшеналиеваСан атоочВолейболЮридикалык жакты жоюуЭпикалык текФольклористика же фольклор таанууКызамыкТоктоболот АбдумомуновБөлүкчөБашкарууКош бойлуулукИлбирсҮч бурчтукЖөтөлгө каршы дарыларКаныбекАялдардын эл аралык майрамыҮнсүз тыбыштарАялдардын улуттук баш кийимдериКан агууХимиялык элементЖүрөктүн тез каагуусуБизнесЭпистолярдык формаУйку безиСалыкӨсүмдүкМамлекеттердин тизмесиКаныкей образыЭмгек келишимиМаркетингЖарыктын сынышыТеңир-ТооКлиматРевматизмСөөк системасыКонфликтТатаал сөздөрЧүй облусу🡆 More