Жүрөктүн тез кагуусу — жүрөктүн тез жана (же) катуу согушу.
Дени сак адамдарда организмге өтө күч келгенде, толкунданганда, өтө ысыкта, тамекини көп тартканда, алкоголь ичкилигин, коюу чай, кофе ичкенде жүрөктүн ишин жөнгө салуучу нерв аппаратынын дүүлүгүүсүнөн болот. Жүрөк кан тамыр системасынын ооруларында (жүрөктүн ишемия оорусу, гипертония оорусу, жүрөк кемтиги, миокардит) башка органдар менен системалардын катуу ооруларында, калтыратма ооруларда, ошондой эле невроздо, климакс мезгилинде жана башка байкалат. Кээде бир аз эле күч келүүдөн же тынч абалда деле жүрөк тез кагып, ал коркуу сезими менен коштолуусу мүмкүн. Жүрөктүн тез кагуусунун дарылоо, эгер ал ооруга байланыштуу болсо, ошол ооруну айыктыруу максатын көздөйт жана ошондой эле Жүрөк-кан тамыр системасы менен байланышта.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жүрөктүн тез каагуусу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.