Куба

Куба, Куба Республикасы (испанча República de Cuba) – Латын Америкасындагы мамлекет, аймагынын аянты жана калкынын саны боюнча Кариб деңизинин алабындагы эң ири өлкө.

Куба, Хувентуд ж. б. Чоң Антил аралдарындагы 1600дөн ашык аралдар тобунда (Лос-Колорадос, Сабана, Камагуэй, Хардинес-дела Рейна, Лос-Канарреос архипелагдарында, Сан-Фелипе ж. б. аралдарда) жайгашкан. Чыгышында Атлантика океаны, түштүгүндө Кариб деңизи менен чулганат. Түндүк Америкадан батышында Юкатан, түндүгүндө Флорида кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аянты 110,88 миң км2. Калкы 11 163 934 (2012). Борбору Гавана. Расмий тили – испан тили. Акча бирдиги – песо. Административдик-аймактык жактан 169 муниципияга бөлүнгөн 15 провинциядан (2011-жыл) турат; анын ичинде Хувентуд аралы борборго баш ийген атайын муниципия болуп саналат.

Куба
Куба.
Куба

Куба – Бириккен Улуттар Уюмунун (1945), Бейтараптык кыймылынын (1961), «77 тобунун» (1964), Кариб өлкөлөрү уюмунун (1994), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Латын Америка интеграция ассоциациясынын (1999), «Биздин Американын элдеринин Боливар альтернативасынын» (2004), «Рио тобунун» (2008) мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007).

Мамлекеттик түзүлүшү

Куба – унитардык мамлекет. Кубанын Конституциясы 1976-ж. 15-февралда кабыл алынган. Башкаруу формасы – социалисттик республика. Мамлекеттик бийликтин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Элдик бийликтин улуттук ассамблеясы), 609 депутаттан турат, 5 жылга шайланат. Ал Мамлекеттик кеңешти (31 депутат) түзөт. Мамлекеттик кеңештин төрагасы мамлекетти жана өкмөттү жетектейт. Аткаруу жана административдик бийликтин жогорку органы – Министрлер кеңеши. Саясий партиясы — Куба Коммунисттик партиясы.

Табияты

Куба 
Туркино чокусу.

Жээк сызыгынын жалпы узундугу 3735 км, өтө тилмеленген (айрыкча Кариб деңизинин аралдары), 200гө жакын булуң-буйтка бар; ирилери: Батабано, Ана-Мария, Гуаканаябо. Мангр токойлуу жээктери арбын. Айрым аралдарынын жээктеринен 20–200 м аралыкта коралл (шуру) курулуштары кеңири таралган. Рельефи негизинен түздүктүү; Куба аралынын чет-жакасын, Пинос аралынын түштүгүн ж. б. жерлерин деңиздик аккумуляциялык жана абразия-аккумуляциялык, айрым жерлерин тектирлүү түздүктөр ээлейт. Өлкөнүн ички аймактарына дельта, эрозия-аккумуляциялык жана денудациялык түздүктөр мүнөздүү. Дөңсөөлөр жана тоолор Кубанын аймагынын 1/3бөлүгүн ээлейт. Куба аралынын борбордук бөлүгүндө терең тилмеленген Гуамуая массиви (бийиктиги 1156 мге чейин, СанХуан чокусу) жайгашкан. Бийик тоолору өлкөнүн түштүк-чыгыш чет-жакасынан орун алган. Кубанын эң бийик жери – өтө тилмеленген Сьерра-Маэстра тоосу (1974 м, Туркино чокусу) түштүктү жээктей созулуп жатат.

Куба Антил-Кариб тектоникалык аймагынын Антил аралынын догосунун сегментинде жайгашкан. Кубанын маанилүү кен байлыктары – никель жана кобальт кен таштары; кобальт кен ташынын запасы боюнча дүйнөдө Конго Демократиялык Республикасынан кийинки 2-, никель кен ташыныкы боюнча Жаңы Каледония жана Австралиядан кийинки 3-орунду ээлейт. Башка негизги кен байлыктары: жез, марганец, хромит, каолин, темир, нефть, алтын, курулуш материалдары ж. б.

Куба тропиктик климаттык алкакта жайгашкан, кышында түндүк-чыгыш, жайында чыгыш, түндүк-чыгыш пассаттарынын таасири тиет. Климаты мелүүн нымдуу, айрым жерлеринде (негизинен Куба аралынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө) мелүүн кургакчыл. Өлкөнүн климатына Гольфстрим жылуу агымы зор таасирин тийгизет, анын 2 тармагы Кубанын бүт аймагын жыл бою чулгап агат, ошондуктан өлкөнү чулгап турган суунун бетинин температурасы кышында 26 – 270С , жайында 28 – 300С. Январдын орточо температурасы 20 – 220С, июлдуку 27 – 290С. Эң төмөнкү температура түндүктөн кирген муздак аба массасына байланыштуу, ал 50Сден төмөндөбөйт; эң жогорку температура 400 Сге чейин көтөрүлөт. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 1000–1200 мм, тоолордо 2200 ммге чейин. Дарыялары кыска жана суусу аз. Эң ириси – Кауто дарыясы (узундугу 370 км) Сьерра-Маэстра тоосунан башталат. Дарыялары негизинен жамгыр сууларынан куралат. Агымынын 80%ке жакыны күзгө туура келет. Нуктары босоголуу. Карсттуу аймактарда жоголуп кеткен жана жер астындагы агын суулар кездешет.

Колониялаштырууга чейин Кубанын аймагынын 50%тен ашык аянты токой менен капталган, азыр ал 10%ти гана ээлейт. Токой негизинен тоолордо жана саздак жерлерде сакталган. Түздүктөрдүн жана тоо капталдарынын этектеринин кызыл жана кызыл-күрөң топурактарында жалбырагы күбүлмө жана дайыма жашыл түрлөргө бай (анын ичинде король жана кана пальмасы) тропик токою өсөт. Батышындагы (Пинар-дель-Рио провинциясында) жана чыгышындагы (Нипе-Баракоа массивинде), Пинос аралындагы кургакчылыраак жана таштак топурактарында кызыл карагайлуу токойлордун ири массивдери кездешет. Айрым жерлерин (Кауто дарыясынын алабы) кылкандуу саванна тибиндеги өсүмдүктөр ээлейт. Түштүк-чыгыш жээктерине жана айрым башка жерлерге кактус, агава аралаш өскөн тикендүү майда жалбырактуу бадалдар жамааттыгы мүнөздүү. Аймакты өздөштүрүү процессинде негизинен түздүктөрдүн токою кыйылып кеткен. Токойду тазалоодо дарактардын айрымдары, анын ичинде король пальмасы сакталып калган, ошондуктан түздүктөрдүн азыркы ландшафты пальмалуу саваннаны элестетет. Король пальмасынын сүрөтү өлкөнүн улуттук гербинде тартылган. Түздүктүү жээктерине мангр токою мүнөздүү. Кубанын флорасынын 50%тен ашыгы эндемиктер. Антропогендик таасирден (токойдун кыйылып кетиши, алардын ордун тамеки, бал камыш плантацияларынын, маданий жайыттардын ээлеши ж. б.) Кубанын табигый ландшафты кыйла жапа чеккен. Токойду калыбына келтирүү боюнча ургаалдуу чаралар көрүлүүдө. Өлкөнүн уникалдуу экосистемасын сактоо максатында коргоого алынган аймактардын тармагы уюшулган. Уникалдуу деңиз фаунасын сактоо үчүн Куба аралынын тегерегиндеги аралдар жана коррал (шуру) рифтери бүт резерват деп жарыяланган. Варадеро, Сьерра-Маэстра улуттук парктары, Баияде-Наранхо, Ла-Менсура табият парктары, Эль-Кабо, Купеяль коруктары, Хувентуд аралындагы Сан-Фелипе коругу жана Пунта-Франсэс деңиз паркы уюшулган. Коргоого алынган 6 аймак ЮНЕСКОнун биосфералык резерваты статусуна ээ. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Александр Гумбольдт, Гранма, Виньялес өрөөнү улуттук парктары кирген.

Калкы

Калкынын көбүн кубалыктар түзөт. Ошондой эле гаитиликтер, кытайлар, инди-пакистандыктар, орустар ж. б. жашайт. 20-кылымда калктын саны 7 эсе өскөн (1899-ж. 1572 миң; 1980-ж. 9638 миң). Төрөлүү кыскарууда (1965-ж. 1000 адамга 34,3 бала; 2007-ж. 10,0 бала); өлүм-житим туруктуу (2007-ж. 1000 адамга 7,3). 1980-жылдардан калктын курактык структурасында 15 жашка чейинки балдардын саны кыйла кыскарган (1981-ж. 30,3%; 2007-ж. 18,4%), 60 жана андан улуу курактагылардын саны өскөн (1981-ж. 10,9%; 2007-ж. 15,9%). Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 77,97 жыл (эркектердики – 76,0, аялдардыкы – 80,02 жыл). 100 аялга 100,3 эркек туура келет. Калктын миграциясы 2000-жылдардан туруктуу (2007-ж. 1000 адамга 2,9). Башка өлкөлөрдө (негизинен АКШда) 1,3 млндон ашык кубалык жашайт. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 37,4 адам туура келет. Эң жыш жайгашкан жерлери: Гавана жана ага чектеш жерлер (Гавана шаары провинциясынын калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерде 2995,3 адам, Гавананыкы 129,1 адам), өлкөнүн чыгыш бөлүгү (Сантьяго-де-Куба провинциясында 169,6 адам, Ольгин провинциясында 111,5 адам). Калк сейрек отурукташкан жерлери: Хувентуд а. (1 км2 жерде 35,7 адам) жана архипелагдагы майда аралдар (1 адамдан аз). Урбанизация өтө жогору: шаар калкы 75,6% (2007). Кубанын калкынын 60%ке жакыны католиктер. Ири шаарлары (2009): Гавана (2,2 млн, шаар айланасы менен 2,6 млн), Сантьяго-де Куба (443,6 миң), Камагуэй (309,8 миң), Ольгин (291,6 миң), Гуантанамо (221,4 миң), Санта-Клара (219,7 миң). Экономикалык активдүү калкы 6721,3 миң адам (2007), анын 4754,6 миңи экономикада эмгектенет. Тейлөө чөйрөсүндө 63,4%и (анын 12,7%и соода, ресторан, мейманкана иштеринде, 40,9%и илим, билим, саламаттыкты сактоо, социалдык чөйрөдө, 5,8%и транспорт жана байланышта), 20%и айыл, токой чарбаларында жана балык кармоодо, 11,5%и өнөр-жайыда, 5,1%и курулушта иштейт.

Тарыхы

Куба аймагынан (Ольгин провинциясы, Маяри дарыясынын жээктери ж. б.) адамзат тарыхынын эң байыркы эстелиги – Левиса 1 (7-катмары мындан 5140, 6-катмары-4240 жана 4150 жыл мурда), Себоруко жана Мелонес (б. з. ч. 6-5 миң жыл), Пикимачай (Перу, б. з. ч. 12 миң жыл), Ахуэреадо (б. з. ч. 10–6,8 миң жыл) жана Эль-Риего (б. з. ч. 6,5–5 миң жыл) ж. б. тургун жайлары, эмгек куралдары табылган. Б. з. ч. 4 миң жыл мурда Куба аймагын индейлер мекендеген. Х. Колумб Куба аралын ачканда (1492) калктын саны 100дөн 200 миң кишиге чейин жеткен. 1511-ж. Д. Веласкес де Куэльяр жетектеген испандар Кубаны карата баштап, жергиликтүү калкты аёосуз кырган. 1512–15-жылдары испандар Асунсьон (азыркы Баракоа), Сан-Сальвадор-деБаямо (азыркы Баямо), Сантьяго-де-Куба, Сан-Кристобаль-дела-Абана (Гавана) ж. б. шаарларды негиздеген. 1512–39-жылдары испандар Кубанын алтындарын ташып кеткен соң, ал жерде мал жана плантация (кант, тамеки) чарбалары пайда болгон (1570). Плантацияларда Африкадан алынып келген кул-негрлер иштешкен. 1596-ж. Куба генерал-капитандык статуска ээ болгон. Испан баскынчылары өлкөнүн аймагын бөлүп алууну негизинен 17-кылымдын ортосунда аяктаган. Испандарга каршы жергиликтүү калктын көтөрүлүштөрү ырайымсыздык менен токтотулган. 1762–63-жылдары Жети жылдык согуштун (1756–63) жүрүшүндө Гавананы англичандар басып алып, Кубага эркин соода жүргүзүү тартибин киргизген соң, испандык бийлик кубалык плантаторлордун укуктарын кеңейтүүгө аргасыз болгон. Европа, өзгөчө Франция жана АКШ өлкөлөрү менен соода жүргүзүү Кубанын экономикасынын жогорулашына мүмкүндүк берген. Испаниянын Кубага тамеки монополиясын алып таштап (1817), эркин сооданы кеңейтүү (1818) ж. б. жеңилдиктерди бериши плантация чарбаларын гүлдөтүп, испан үстөмдүгүн жактагандардын абалын жакшырткан. 1820-жылдардын башында метрополия саясий жеңилдиктерди берүүдөн баш тарткан. 1820–50-жылдары Кубада реформисттик кыймыл кеңири жайылып, кулчулукту алып салууну талап кылышкан. 1830–40-жылдары Кубада алгачкы тамеки жана сигарета чыгаруучу фабрикалар пайда болуп, кант өндүрүшү, тоо кен өнөр-жай өнүккөн, темир жол салынып, куюу устаканалары курулган. 1860-жылдары алгачкы жумушчу уюмдары (Гавана тамекичилер ассоциациясы ж. б.) түзүлгөн. 1868-ж. 10-октябрда Кубада К. М. де Сеспедестин жетекчилиги менен испан үстөмдүгүнө каршы куралдуу көтөрүлүш башталган. Бул кийин он жылга созулган (1868–78) улуттук-боштондук согушка айланган. Анын жүрүшүндө испандар өлкөнү башкаруу системасын өзгөртүүгө жана кулдарды бошотууга убада берген. 1886-ж. Кубада кулчулук жоюлган. Кулчулуктун жоюлушу өнөр-жайдын өнүгүшүнө түрткү берген. Кубанын негизги соода өнөктөшү АКШ болгон. 1880-жылдары Кубада улуттук-боштондук кыймыл күч алып, 1895-ж. 24-февралда Орьенте провинциясында куралдуу көтөрүлүш чыккан. Ага X. Марти жана Куба революциячыл партиясы (КРП; 1892-ж. АКШда негизделген) жетекчилик кылган. 1895-ж. 16-сентябрда Химагуаю шаарында (Камагуэй провинциясы) Конституциялык ассамблея Куба республикасынын көз карандысыздыгын жарыялаган. С. Сиснерос президенттикке, X. М. Гомес жана А. Масео Боштондук армиясынын жетекчилигине шайланган. 1897-ж. Конституциялык ассамблея конституциянын өзгөртүлгөн текстин бекитип, Б. Масо президент болуп шайланган. 1897-ж. көтөрүлүшчүлөр Кубанын көпчүлүк аймактарын көзөмөлдөп, испан аскерлери порт шаарларында гана калган. 1898-ж. АКШ өкмөтү Боштондук армиясынын ийгиликтерин өз максатына пайдалануу менен Испанияга каршы согушуп, испандар толук талкаланган. Париж тынчтык келишиминин (1898) шарты боюнча Испания Кубага болгон укуктарынан баш тартып, Куба америкалык аскер администрациясынын көзөмөлдүгүнө өткөн. 1899-ж. АКШ Кубаны оккупациялап, КРП ж. б. улуттук-боштондук уюмдарын, ошондой эле Боштондук армиясын таркатып, 1903-ж. Кубаны жарым колонияга айландырган.

1923-ж. X. А. Мельинин жетекчилиги менен Кубада жаштар жана студенттердин кыймылы кулач жайган. 1925-ж. Гаванада Куба коммунисттик партиясы (КПК) жана Куба жумушчуларынын улуттук конфедерациясы (КЖУК) негизделген. 1925-ж. АКШнын колдоосу менен Куба президенттигине генерал X. Мачадо-и-Моралес келген. Ал террор диктатурасын орнотуп, жазалоону күчөткөн, КПК ж. б. саясий партиялардын ишине тыюу салган. Натыйжада КПК ж. б. саясий уюмдар 1933-ж. X. Мачадо диктатурасын кулатып (1933), башында К. М. де Сеспедес турган өкмөт түзүлүп, профсоюздар менен партиялар ачыкка чыккан. 1933-ж. 4-сентябрда Ф. Батиста жетектеген «сержанттар» кутуму бийликке Р. Грау Сан-Мартиндин Убактылуу революциялык өкмөтүн алып келген. Жаңы өкмөт прогрессивдүү кайра түзүүлөрдү (8 сааттык жумуш күнүн киргизүү, жумушчу уюмдарын таануу, электр энергиясына, газга, сууга жана телефонго болгон бааны арзандатуу ж. б.) жүзөгө ашырган. 1940-ж. Ф. Батиста президенттикке шайланып, СССР менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн. 1941-ж. Куба АКШга удаа эле Япония, Германия жана Италияга согуш жарыялап, АКШны аскердик-стратегиялык сырьё, жаңы аскер-деңиз жана аскер-аба базалары менен камсыз кылган. Р. Грау Сан-Мартин (1944–48) жана К. Прио Сокаррастын (1948–50) өкмөттөрү жүргүзгөн реформалардын өтө кашаңдыгы, Кубанын 1950–53-жылдары Корея согушуна АКШ тарапта катышышы элдик нааразылык туудурган. 1952-ж. президенттик шайлоо алдында КЭП жана анын лидерлери Э. Чибас менен Р. Аграмонте эл арасында белгилүү боло баштаган. Шайлоодо жеңилип калуудан чочулаган генерал Ф. Батиста 1952-ж. 10-мартта аскердик төңкөрүш жасап, бийликти басып алган. Ал ички реакция менен АКШнын жардамына таянып, аскердик-полициялык диктатура орноткон. Анын бийлиги демократиялык эркиндикти жок кылып, оппозициялык күчтү куугунтуктаган. 1952-ж. Ф. Батиста СССР менен диплатиялык мамилени үзгөн. Ф. Батистанын саясаты кеңири массанын кыжырдануусун туудуруп, нааразычылык күчөгөн. 1955-ж. Ф. Батистанын диктатурасын кулатуу максатында башында Ф. Кастро Рус турган «26-июль кыймылы» аскердик-саясий уюму түзүлгөн. К. Кастро командачылык кылган отряд 1956-ж. Кубага келип, куралдуу күрөш баштаган.

Куба 
Ф. Кастро (2003).

1959-ж. 2-январда Гаванада Революциялык өкмөт түзүлүп, Ф. Кастро Рус өкмөт башчылыгына шайланган. 1959-ж. 8-февралда өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынып, агрардык реформа жүргүзүлгөндүктөн, латифундия системасы жоюлган. 1960-ж. ири ишканалар (анын ичинде америкалык компаниялар) ж. б. мамлекеттештирилген. 1960-ж. советтик-кубалык дипломатиялык мамилелер калыбына келтирилген. 1961-ж. «26-июль кыймылы», КЭСП жана «13-марттагы революциялык директорат» кыймылдары биригип, Бириккен революциячыл уюм (БРУ) түзүлгөн.

Ал 1965-ж. октябрда Куба коммунисттик партиясы (КПК) деп аталып, КПК БКнын 1-секретарлыгына Ф. Кастро Рус дайындалган. Куба элинин революциячыл жеңиштерин жок кылууга умтулган АКШ өкмөтү оппозициялык күчтү колдоп, Кубага экономикалык тоскоолдуктарды жасап, аны менен дипломатиялык мамилесин үзгөн (1961). 1961-ж. 14-апрелде Ф. Кастро Куба революциясын «социалисттик» деп жарыялаган. Кариб кризисин (1962) жөнгө салууда АКШ Кубанын кол тийбестигине кепилдик бергени менен экономикалык басым көрсөтүүнү уланткан. Агрардык 2-реформанын (1963-ж. октябрь) натыйжасында жеке менчик чарбалар кыскарып, өнөр-жай ишканаларын мамлекеттештирүү аяктаган (1968). Транспорт жана энергетика өнүгүп, жаңы өнөр-жай тармактары пайда болгон. 1975-ж. КПКнын 1-съезди өткөрүлүп, өлкөнүн негизги мыйзамы (1976) кабыл алынган. Элдик бийликтин улуттук ассамблеясы (ЭБУА), Мамлекеттик кеңеш жана Министрлер кеңеши түзүлгөн. Мамлекеттик кеңештин, Улуттук коргоо кеңешинин жана Министрлер кеңешинин төрагалыгына Ф. Кастро Рус дайындалган. Куба өкмөтү 1960-жылдары Америкага каршы күрөшүп, Латын Америка, Африкадагы көтөрүлүштөрдү жана улуттук-боштондук кыймылдарды колдогон. 1980-жылдардын башында Куба экономикасы кризиске учураган. Куба өкмөтү кризистен чыгуу үчүн реформаларды жүргүзүп, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. 1993-ж. Куба өкмөтү АКШ долларын пайдаланууга жол берген. Дыйкандар, кооперативдер жана мамлекеттик фермалар айыл чарба продукцияларынын ашыгын эркин сатууга мүмкүнчүлүк алышкан. 1995-ж. сентябрда Улуттук ассамблея бекиткен «Чет элдик инвестициялар жөнүндө» мыйзам боюнча чарбанын бардык тармактарында чет мамлекеттик капитал колдонула баштаган. 1994-ж. АКШ менен Кубанын ортосундагы соода мамилелери жакшырып, бирок саясий чөйрөдө карама-каршылыктар жөнгө салынган эмес. 2002-ж. АКШ президенти Ж. Г. У. Буш Кубага каршы санкцияларды оордоткон. Буга жооп катары Куба өкмөтү 2004-ж. ноябрда расмий түрдө АКШ долларын Кубага пайдаланууга тыюу салган. 2006-ж. 31-июлда ден соолугуна байланыштуу КПК БКнын 1-секретары, Мамлекеттик кеңештин жана Министрлер кеңешинин төрагасы Ф. Кастро Рус кызматын иниси Р. Кастро Руска тапшырган. 2005-ж. декабрда Барбадос анда Кариб мамлекеттеринин лидерлери жолугушуп, Куба менен АКШнын ортосундагы чыр-чатакты чечүү жөнүндө маселени талкуулашкан. 2008-ж. 29-октябрда БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 63-сессиясында АКШнын Кубага каршы экономикалык, соода жана финансы блокадасын токтотуу жөнүндө маселе каралган. БУУнун Генералдык Ассамблеясынын бул резолюциясына 185 мамлекет макул болуп, 3 мамлекет (АКШ, Израиль жана Палау) каршы чыккан. Куба жетекчилеринин пикирлери боюнча АКШдагы президенттик шайлоодо Б. Обаманын жеңиши эки өлкөнүн ортосунда диалог үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. 2015-ж. Кубага каршы санкциялардын негиздүүлөрү алынып салынды.

Чарбасы

СССР жана Чыгыш Европа өлкөлөрү менен экономикалык байланышы үзүлүп, экспорттук негизги продукция болгон кант нефтиге жана нефть продукцияларына алмашылбай калгандыктан, өлкөнүн экономикасы кризистик абалга жеткен. 2000-жылдардын ортосунда өлкөнүн экономикасынын негизин чет өлкөлүк туризм жана никель өндүрүшү түздү. Келечекте жогорку технологиядагы жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү биотехнологиялык, фармацевтикалык тармактар менен байланыштуу; Латын Америкасындагы жана Кариб деңизинин алабындагы өлкөлөр менен байланыштар кеңейүүдө. Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу өлкөнүн негизги экономикалык саясаты бойдон калууда; чет өлкөлүк (негизинен канадалык, кытайлык, венесуэлалык, батыш европалык) капитал катышкан 250дөй биргелешкен ишкана жана экономикалык ассоциация, 1997-жылдан борбордук региондо 3 эркин экономикалык зона иштейт. Ички дүң продукция (ИДП) көлөмү 52,7 млрд песо (2007). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,860 (дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 51-орунда; 2007). ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (анын ичинде курулуш, транспорт, байланыш) 69,3%, өнөр-жайыныкы 26,1%, айыл, токой чарбаларыныкы жана балык уулоонуку 4,6%. Калктын реалдуу кирешеси өтө төмөн; чет өлкөлөрдө жашаган кубалыктардын финансылык жардамынын (жылына 1 млрд доллар) мааниси зор.

Өнөр-жай продукциясынын өсүүсү 2,5% (2007). Никель жана өнүгүп бараткан нефть өндүрүү өнөр-жай тармактарынын, ошондой эле тамак-аш өнөр-жайынын экспортко багытталган айрым өндүрүштөрүнүн (кант, ром, тамеки, мөмө-жемиш жана балык консерваларын чыгаруу) мааниси зор. 2007-ж. 3,5 млн т нефть өндүрүлгөн; негизги аймактары: Мексика булуңунун жээги, Кабайгуан шаарынан чыгыш тарапта. Нефть менен кошо газ да (2007-ж. 1085 млн м3) өндүрүлөт. Бул тармакты жана өлкөнүн жалпы чарбасын өнүктүрүү келечеги Мексика булуңунун жээгиндеги зонага жана өлкөнүн батышына байланыштырылат. Жалпы кубаттуулугу 130 миң баррель/сутка болгон нефть ажыратуучу 4 завод иштейт. Нефтини негизинен Венесуэладан алат. Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 4,5 миң мВт (2005). 2006-ж. 16,5 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Электр энергиясынын 75,6%тейи нефть менен иштеген ЖЭСтен, 13,5%и газ турбиналуу ЖЭСтен, 10%и альтернативалуу булактардан, 0,9%и ГЭСтен өндүрүлөт.

Кара металлургиясы кара металл сыныктарын (анын кыйла бөлүгүн сырттан алат) жана бир аз өз сырьёсун (2006-ж. 7,8 миң т темир кен ташы казылып алынган) пайдаланат. Болот прокат жана металл конструкциялары Кариб деңизиндеги өлкөлөргө экспорттолот. Түстүү металлургияда валютанын негизги булагы болгон никель өнөр-жайынын мааниси зор. Никелдүү концентраттарды өндүрүү (73,3 миң т) боюнча Куба 6-орунду ээлейт (дүйнөлүк өндүрүштүн 16%и). Никель сырьёсу казылып алынуучу негизги аймак — Ольгин провинциясы. Үч ири никель комбинаты иштейт (Пунта-Горда-Абахо, Мао, Никародо). Хромит, кобальт Ольгин провинциясында (жылына 3 миң тдан), алтын Пинар-дель-Рио провинциясында (жылына 500 кгдай) казылып алынат. Машина куруу өнөр-жай айыл чарба жана автомобиль техникасын тейлөөгө, ошондой эле түрдүү тетиктерди даярдоого багытталган. Заводдору Ольгин, Гавана, Матансас шаарында жайгашкан. Гаванада түстүү телевизор кураштыруучу завод, Сантьяго-де-Кубада медициналык жабдуу чыгаруучу ишканалар, Санта-Клара шаарында тиричилик техникалар заводу, порт шаарларда кеме ремонттоочу ишканалар иштейт. Фармацевтика өнөр-жай – Куба индустриясынын жогорку технологиялык жана илим сыйымдуу артыкчылыктуу тармактарынын бири; ал түрдүү медикаменттерди, ошондой эле офтальмология жана стомотология үчүн приборлорду чыгарат (анын чордону – Гавана шаары). Куба фармацевтикалык жана биотехнологиялык тармактардын продукцияларын 40тан ашык өлкөгө экспорттойт. Химия өнөр-жай ошондой эле фосфор жана азот жер семирткичтерин, сорбитол, кир жуугуч каражаттарды чыгарат. Курулуш материалдар өнөр-жай өз сырьёсу (табигый мрамор, цемент) менен иштейт. Азык-түлүк импортко караганда көбүрөөк экспорттолот; негизгилери – кант менен ром. Чийки канттын негизги бөлүгү (80%тен ашыгы) Европа өлкөлөрүнө экспорттолот. 2007-ж. 83,4 млн л ром даярдалган; анын 60%и экспорттолот, 20%тейин туристтер алып кетет. Ромдун 34 соода маркасы расмий катталган. Тамеки – Кубанын дүйнөгө белгилүү экспорттук товары. 2007-ж. 411,9 млн даана сигара, 13,8 млрд даана сигарета чыгарылган. Куба сигарасынын негизги кардарлары: Испания, Франция. Мөмө-жемиш, жашылча консерваларын, шире, сүт азыктарын, суусундук, пиво, кофе чыгаруучу ишканалары бар.

Өлкөнүн айыл-чарба ишканалары калктын этке (уй, чочко, куш этине), жумурткага, күрүчкө, жүгөрүгө, буурчакка, мөмө-жемиш жана жашылчага болгон муктаждыгын канааттандырат. Сырттан буудай (100%), арпа, сулуу, жашылчанын айрым түрлөрүн, ошондой эле кургак сүт, соя концентратын алат. Айыл чарбага жарактуу жери 6629,6 миң га (2006), анын 3124,3 миң гасы (айыл чарбага жарактуу жердин 47,1%и) иштетилет, калганы (52,9%и) шалбаа жана жайыт. Бал камыш 1260,1 миң га, цитрус ж. б. мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 169,2 миң га, банан 104,2 миң га, тамеки 65,2 миң га, шалы 180,4 миң га жерди ээлейт. Экспорттук негизги өсүмдүктөрү: бал камыш, цитрус, ананас, кофе, тамеки, какао; керектелүүчү маанилүү өсүмдүктөр: шалы, банан, буурчак, мөмө тамырлуу өсүмдүктөр. Мал чарбасынын башкы тармагы – эт багытындагы уй чарбасы. 2006-ж. 3,74 млн уй, 1,76 млн чочко, 3,93 млн кой жана эчки, 29,85 үй кушу, 0,48 млн жылкы болгон; 54,8 миң т балык жана деңиз продуктулары, 5,8 миң т креветка кармалган. Куба – бал (жылына 5 миң тга жакын) экспорттоочу дүйнөдөгү бирден бир өлкө. Туризм – Куба экономикасынын алдынкы секторлорунун бири, андан түшкөн валютанын өлчөмү 2 млрд евродон ашык (2006). 2006-ж. Кубага 2,2 млн турист келген; анын 54,2%и Түндүк жана Түштүк Америкадан, 43%и Европадан келгендер. Мейманкана инфраструктурасы, деңиздик ден соолукту чыңдоо (пляжда эс алуу), спорттук (суу астында сүзүү, балык уулоо, яхтачыларды тейлөө, деңиз саякаты ж. б.) туризми өнүккөн.

Транспорттун негизги түрлөрү – автомобиль жана темир жолдору. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 63,2 миң км, анын 11,5 кми улуттук мааниде. Негизги автомобиль магистралы — Борбордук шоссе (узундугу 1140 км, өлкөнүн борбордук бөлүгүн кесип өтөт), ага жарыш улуттук автострада курулууда (2009; долбоорлонгон узундугу 1020 км). Темир жолунун узундугу 7182 км; Транскуба темир жол магистралы (Гуане – Гавана – Санта-Клара – Камагуэй – Гуантанамо; узундугу 900 км) өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндөгү негизги экономикалык борборлорду туташтырат. Өлкөнүн деңиз соода флотуна 33 кеме таандык; 35 деңиз порту бар. Ири порттору: Гавана, Сантьяго-де-Куба, Матансас, Сьенфуэгос, Нуэвитас. Эл аралык маанидеги аэропорттору: Хосе Марти (өлкөдөгү эң ириси, Гаванада), Хуан Гуальберто Гомес (Варадеро), Хайме Гонсалес (Сьенфуэгос), Виталио Акунья (Кайо-Ларго), Франк Паис (Ольгин) ж. б. Сырткы соода айлануусунун көлөмү 13,8 млрд доллар, анын 3,4 млрд доллары экспортко, 10,08 млрд доллары импортко таандык (2007). Экспорттун товардык структурасынын наркынын 56,7%и никелдүү концентраттарга, 6,4%и тамекиге, 5,5%и кант өнөр-жай продукциясына, 2,2%и балыкка жана деңизден алынуучу азыктарга туура келет, импорттун товардык структурасында машина жана жабдуулар, нефть жана химия өнөр-жай продукциялары, компьютер, оргтехника, азык-түлүк (дан жана ун кошо), текстиль жана булгаары-бут кийим басымдуулук кылат. Негизги соода шериктештери: Венесуэла, Кытай, Испания, Канада, Нидерланд, Германия, Россия.

Билим берүү системасы 2ден 5 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү 6 жылдык башталгыч, 3 жылдык негизги (толук эмес), 3 жылдык толук орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Толук эмес орто мектептин базасында кесиптик-техникалык окуу жайлар жана тармактык (математикалык, педагогикалык, спорт ж. б.) мектептер иштейт. Окуу билим берүүнүн бардык баскычтарында акысыз. Өлкөдө 9 миңден ашуун башталгыч, 2 миңдей толук эмес орто, 371 толук орто мектеби, 568 атайын техникалык окуу жайлар, 60тан ашык Жогорку окуу жайлары (ЖОЖ), 3 миңден ашуун университеттик борборлору бар (2007). Калктын сабаттуулугу 99,8%и түзөт (2006). Башкы илимий мекемелери (Куба Илимдер академиясы жана анын институттары), ЖОЖдору, китепканалары, ири музейлери Гавана, Камагуэй ж. б. шаарында жайгашкан.

Массалык-маалымат каражаттары

Жалпы элдик гезиттери: «Гранма» (450 миң нускада күн сайын чыгат, «Хувентуд ребельде», «Ванугардия», «Сьерра Маэстро», журналдары: «Боэмия», «Куба» ж. б. Ар бир провинция жергиликтүү өз гезиттери бар. Басылмалардын көбү испан тилинде чыгат. Радиоуктуруусу 1922-жылдан, телекөрсөтүүсү 1950-жылдан иштейт. Мамлекеттик маалымат агенттиги — AlN (1974). Гаванада латын-америкалык Пренса Латина (PL, 1959) маалымат агенттигинин штаб-квартирасы жайгашкан.

Адабияты

Куба адабияты испан тилинде өнүгүүдө. Куба адабиятындагы эң алгачкы чыгарма – С. Де Бальбоанын «Чыдамкайлар зерцалосу» (1608) поэмасы. 18-кылымдагы көрүнүктүү чыгармалар – С. Питтин «Бакчачы-принц, же анткор Клоридано» (1733), Х. А. Кабалеронун публицистикалары, М. де Секейр-иАранго менен М. Х. де Рубалькаванын ырлары. Х. М. Ф. Де Арратенин «Жаңы дүйнөнүн ачкычы, Батыш Индия форпосту» (1761) деген тарыхый хроникасы белгилүү болгон. 19-кылымдын башында публицистика Агартуу багытында өнүккөн (Ф. Варела, Х. А. Сако, Х. де ла Лус-и-Кабальеро). Куба адабиятында романтизмдин башталышы Х. М. Эредианын чыгармачылыгына байланыштуу. Куба адабияты колониализмге каршы боштондук кыймылдын таасиринде өөрчүгөн (Д. Дельмонте-и-Апонте, Г. де ла К. Вальдес, Ф. Поведа-и-Арментерос, X. Ф. Мансано, X. X. Миланес, Ф. Танко). 19-кылымдын 2-жарымында X. Мартинин чыгармачылыгы көрүнүктүү орун ээлейт. Ал революциячыл демократиялык мазмундагы чыгармалары менен Куба адабиятында реализмге негиз салган. 1830–40-жылдары социалдык мотивдеги X. Гомес де Авеляньеддин «Саб» (1841), «Сесилия Вальдес» (1882), С. Вильяверденин «Таш баканын жону» (1845) романдары жаралган. 1840— 50-жылдары X. А. Кинтеро, М. Теурбе Толон, Л. Турла, П. Сантасилиа, А. Акоста, Ф. Пичардо Мойя, Р. Педросо, М. Навваро Луна сыяктуу эмиграцияга кеткен акындар АКШ имперализмине каршы багыттагы чыгармаларды жазышкан. 19-кылымдын ортосунда прозада костумбризм калыптанган [Г. Бетанкур Сиснерос (Лугареньо), Р. де Пальма, X. Бетанкур, X. М. де Карденаси-Родригес, X. В. Бетанкур, А. Суарес-и-Ромеро, Б. X. Креспо-и-Борбон ж. б.]. Эмиграцияга кеткен акындардын ичинде дүйнөгө аты белгилүү Н. Гильен болгон. Ал эмиграцияда жүрүп «Жер бийлиги» (1949), «Жоголгон издер» (1953), мекенине келип, «Агартуу доору» (1962) деген романдарды жазган. А. Карпентьердин чыгармалары Латын Америка адабиятында белгилүү орун ээлейт. 20-кылымдагы белгилүү акындар: Н. Гильен, Ф. Xамис, Р. Фернандес Ретамар, А. Альварес Бараганьо, Э. Диего: жазуучулар: X. Соле Пуиг, М. Кофиньо, Лопес, Л. Отеро, Г. Эгурен, X. Травьесо, Э. Падиль, С. Сардуй ж. б.

Архитектура жана сүрөт искусствосу

Колониялык мезгилде (16–17-кылым) Кубада деңиз жээгиндеги шаарлар курула баштаган (Гавана, Тринидад, Баямо). 1589-ж. Гаванада алгачкы Ла-Реаль-Фуэрса чеби курулуп бүткөн. 16–18-кылымдардарда Гавана, Сантьяго-де-Куба, Тринидад шаарлары барокко жана классицизм стилинде курулган. Гавана ж. б. шаарларда архитектуралык ансамблдер пайда боло баштаган: Капитанес-Xенералес сарайы (1776–92, архитекторлор П. Де Медина, С. Аварка, А. Фернандес Тревехос) жана Сегундо-Кабо сарайы (1770–92, Фернандес Тревехос), Гавана собору (1748–89, де Медина жана Фернандес Тревехос). 17–18-кылымдарда таштан же жыгачтан салынып, түркүктүү же колонналуу аркалар галереясы менен курчалган ички короосу бар 1–3 кабат үйлөрдүн тиби пайда болгон. Үстү черепица менен жабылып, сырты ар түрдүү түскө боёлгон. 19-кылымдын ортосунан Гавана жаңыдан пландаштырылган, жашылдандырылган, классицизм духундагы үйлөр монументтер пайда болгон. 19-кылымдын аягында необарокко (Гаванадагы «Гран театро», 1908–15), неоренессанс ошондой эле мавритан салтындагы (Сьенфуэгостогу дель-Валье сарайы, 1910) имараттар курулган. 19–20-кылыдардын модерн стилиндеги курулуштар салынган. 1902жылдан кийин көркөм чыгармачылык бардык тараптан өнүккөн. Борбордо банктар, мейманканалар; Гаванада ири комплекстер курулган: Финансы арбитражынын имараты (1951–54, архитектор А. Капабланка), стоматологиялык (1952–54) жана медициналык (1956—58) борборлор (архитектор А. Кинтана ж. б.) ж. б. 1959-жылдан кийин пландуу курулуш кучак жайып, темир-бетондон ири турак жай райондору курулган. 1960-жылдары Санта-Кларада («Сьенфуэгос» комплекси), Сантьяго-де-Кубада, Камагуэйде турак үйлөр, мектеп-интернаттар, медицина борборлору) курулуп, жаңы типтеги айыл-кыштактар салынып, жаңы өнөр-жай архитектурасы пайда болгон Санта-Клара, Хибара, Гаванада). Куба Илимдер академиясынын борбору (1966) жана Улуттук искусство мектебинин комплекси (1963) архитектуралык чечими менен өзгөчөлөнөт (экөө тең Гаванада). Колониялык мезгилде живописте алтарга куюлуучу сүрөт жана портрет, ошондой эле гравюра өнүккөн. 1818-ж. Гаванада Сан-Алехандро көркөм искусство мектеби түзүлгөн (1832-жылдан академия). Анын биринчи президенти француз сүрөтчү Ж. Б. Вермей ампир салт портреттерди тарткан. Сан-Алехандро Академиясында Кубанын алдынкы катардагы живописчилери окушкан, алардын көпчүлүгү Европага барууга стипендия алышкан. 19-кылымда башкы жанр – портрет жана пейзаж болгон. Көрүнүктүү пейзажисттер (Э. Чартранд, Ф. Фернандес Кавада, Г. Клиневерк) Куба жаратылышынын поэтикалык образын жаратууга умтулушкан. Графиктер В. П. Де Ландалусе, Ф. Миале чыгармаларында заманбап коом турмушун чагылдырышкан. Испан эзүүсүнөн бошогондон кийин тарыхый жана баталдык патриоттук картина (А. Менокаль), реалистчил жанрдык живопись (Л. Романьяч, Р. Лой), реалисттик скульптура (Х. Х. Сикре, Т. Рамос Бланко, Э. Бетанкур) өнүгө баштаган. 1920-жылдары жаңычыл живописчилер эл турмушун эмоциялуу, нукуралыгы менен чагылдырышкан. 1930-жылдардын ортосунан живописчилер А. Пелаес, Марьяно, М. Карреньо, скульптор Д. Ревенет фольклорго каныккан жасалга композицияларын жаратышкан. Архитекторлор Э. Родригес Кастелье, А. Кинтана, А. Капабланка имарат курулушуна жасалга живописин, скульптураны айкалыштырып, Куба архитектурасынын жаңы стилин түзгөн. Революциядан кийин (1959) Кубада көркөм турмуш жанданган. Плакат, карикатура, журнал жана китеп графикасы өнүккөн. Куба сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылыгында 20-кылымдагы бардык ири агымдар – абстракционизмден поп-артка жана фотореализмге чейин пайда болгон. Белгилүү сүрөтчүлөрү: С. Кабрера Морено, Р. Мартинес, Т. Санчес Рекейро ж. б. Гаванада сүрөтчүлөр биенналеси өтүп турат.

Музыкасы

Кубанын элдик музыкасы испан жана африка музыкасынын негизинде калыптанган. Африка-куба музыкасынын байыркы ыр-бий формасы – сон, гуарача, конга, кийинкиси – дансон, румба. Ошондой эле креоль формасы пунто, гуахира, криолья (негизинен дыйкандар арасында) жана негр музыкасы (диний ырым-жырымдарга) тараган. 16–18-кылымдарда профессионал музыканын очогу – чиркөөлөрдүн ыр мектептери болгон. Кубадагы алгачкы музыканттардын бири – Сантьяго шаары кафедралык собордун органисти М. Веласкес болгон. 1776-ж. Гаванада театр курулуп, 1814-ж. музыкалык мектеп, 1816-ж. улуттук кадрларды даярдоочу «Санта-Сесилия» музыкалык академиясы ачылган. Г. Вильятенин романтикалык опералары Парижде («Цилия», 1877), Гаагада («Ханыша»), Мадридде («Валтасар», 1885) коюлган. 19-кылымдын ортосунда М. Саумель-и-Робредо, кийинчерээк И. Сервантес Каванаг улуттук композитордук мектепке негиз салышкан. Вокалдык жанрлар – кансьон, болеро, виеджа трова белгилүү болгон. Кийинки муундагы композиторлор – Э. Санчес де Фуентес («Юмури» – улуттук сюжетте жазылган биринчи куба операсы, 1898, Гавана), Х. Мари Эстеве («Күң», 1921, Гавана). 1920-ж. Гавана филармониясынын оркестри түзүлгөн. 1920–30-жылдарда сарсуэла өнүгүп белгилүү сарсуэлалардын авторлору – Г. Ройг, Э. Локуона, Ж. Пратс. Музыкалык маданияттын жаңы өнүгүү мезгили 1959-ж. башталган. 1960-жылдардын аягында салттык жана рок, жаз музыкаларынын негизинде «нуэва трова» (Куба революциясынын музыкасы) калыптанган. 1970-жылдары куба авангарддык агымы түзүлө баштаган, анын өкүлдөрү – Э. Ангуло, Х. Берроа, Х. Бланко, Л. Брауэр, Р. Валера, К. Фариньяс ж. б. композиторлор. Гаванадагы «Гран театродо» (1838), лирикалык театрда (1962), Камагуэйдеги «Театро принципаль» (1849) театрларында опералар жана балеттер коюлат. Гаванада Улуттук симфониялык оркестр (1960), Улуттук фольклордук ансамбль (1962), Улуттук хор (1959), Электракустикалык музыканын улуттук лабораториясы (1977), консерватория (1903, азыркы А. Рольдан атындагы), Искусство институту (1976) иштейт. Куба музыка институту (1989) эл аралык фестивалдарды (элдик, жаз, хор, электрондук музыка, гитаристтердин) өткөрүп турат.

Театры

Куба театр искусствосу испан маданиятынын таасиринде өнүккөн. Театрдын өзөгүн испан жана африка элдик театр оюндарынын үлгүлөрү түзгөн. Колония мезгилде Гаванадагы менчик үйлөрдө испан авторлорунун диний ырым-жырым оюндары көрсөтүлгөн. 1733-ж. биринчи кубалык автор С. Питтин «Ханзаада – багбан же анткор Клоридано» комедиясы коюлган. 1776-ж. Гаванада биринчи «Колисео» (1803жылдан «Театро Приципаль») театры ачылып, анда опера жана тонадилья менен кошо испан драматургдарынын пьесалары коюлган. Актёр драматург Ф. Коваррубиас (19-кылымдын башы) улуттук театрдын негиздөөчүсү болгон. 1838-ж. Гаванада «Такона» театры ачылган. Анда драма, опера жана балет спектаклдери коюлган. Кийин Сантьяго-де-Кубада «Театр де ла Рейна» (1850), Камагуэйде «Театро Принсипаль» (1849), Матансаса «Эстеван» (кийин «Сауто») Гаванада «Альгамбра» (1890) ж. б. театрлар негизделген. 1910-ж. «Театр коому», 1941-ж. драма өнөрү академиясы уюшулган. 1936-жылдан Гаванада «Куэва» театры иштейт. Демократиялык улуттук театр өнөрү 1959-жылкы революция жеңгенден кийин гана өнүгө баштаган. 1950-жылдарда шаардык «Биздин заман» (К. С. Станиславский театрынын эстетикасы менен иштеген) жана «Эстудио» (Б. Брехттин «Сезуандык боорукер адам» драмасы боюнча спектакль менен ачылган) театрлары белгилүү болгон 1960-ж. Гаванада Улуттук театр түзүлгөн. Камагуэйде драма (1960), Пиналь де-Риодогу М. Горький атындагы (1961), «Ориентир» драма (1961) труппалары 1970-жылдарда иштерин токтоткон. Улуттук куурчак театры (1963), Театр үйү иштейт. Жетектөөчү өңүткө «Эскамбрай» театры ээ болгон, режиссер С. Корьери кубалык драматургдардын бир актылуу пьесаларынан баштап, 1980–90-жылдарда У. Шекспир, Мольер, Ф. Гарсиа Лорканын чыгармаларын репертуарга киргизген. Көрүнүктүү театр ишмерлери: В. Ревуэльта, Р. Ревуэльта, М. Асаведо ж. б. болгон. 1980-жылдан Гаванада эл аралык театр фестивалы өтүп турат.

Киносу

1897-ж. Кубада хроникалык жана документалдык фильмдер тартыла баштаган. 1897-ж. француз оператору Г. Вейре биринчи кубалык «Өрттү өчүрүү» (бир мүнөттүк) хроникалык-даректүү фильмин тарткан. X. Касасустун биринчи кубалык даректүү жана жарнамалык тасмасы («Жоголгон сыйкырчы», 1898) чыккан. 1910-ж. Э. Д. Кеседа «Хуан Хосе», 1920-ж. Р. Пеон «Чындык» фильмин тарткан. 1930–40-жылдарда Кубада көбүнчө АКШнын фильмдери көрсөтүлгөн. Улуттук кино өнөрү 1959-жылдан калыптана баштаган. Т. Г. Алеанын 1961-ж. «Революция жөнүндө баян», режиссер X. Г. Эспиносанын «Жаш көтөрүлүшчү» (1962-ж., Карлови-Вари Эл аралык кинофестивалынын сыйлыгы) фильмдери революцияга арналган. Испан эзүүсүнө каршы М. Актавио Гомес «Биринчи чабуул собор тараптан» (1969), Куба аялдарынын тагдыры жөнүндө У. Солас «Люсия» (1970) көркөм фильмдерин тарткан. 1970–80-жылдары аялдардын көз карандысыздыгына арналган: «Тересанын портрети» (П. Вега, 1979), «Белгилүү даражага чейин» (Гутьеррес Алеа, 1984), «Башка аял» (Д. Диаса Торреса, 1987) ж. б. фильмдер тартылган. 1980-жылдары экранга жаңы муундагы режиссёрлордун кинотасмалары чыккан: «Алмашуу» (X. К. Табио, 1984), «Давид үчүн колукту» (О. Рохас, 1985), «Алма сабагынан алыс түшпөйт» (Л. Ф. Бернас, 1985) ж. б. 1990-жылдары Гутьерреса Алеанын «Кулпунай жана шоколад» (Берлин, ЭКФ сыйлыгы, 1993) фильми чет өлкөдө белгилүү болгон. 20—21-кылымдардын чегинде режиссер А. Сотто («Тике сүйүү», 1997; «Айыпсыз түн», 2007), X. К. Кремата («Вива – Куба», «Кичинекей качкындар»; Канндагы ЭКФ сыйлыгы, 2005). Кубанын анимациялык киного X. Падрон, Т. Рагги, М. Ривас чоң салым кошкон. Гаванада 1959-ж. Кино өнөр-жай жана кино искусство институту түзүлгөн. 1979-ж. жыл сайын латын америкалык жаңы кинолордун фестивалы өтүп турат.

Колдонулган адабияттар

Tags:

Куба Мамлекеттик түзүлүшүКуба ТабиятыКуба КалкыКуба ТарыхыКуба ЧарбасыКуба Массалык-маалымат каражаттарыКуба АдабиятыКуба Архитектура жана сүрөт искусствосуКуба МузыкасыКуба ТеатрыКуба КиносуКуба Колдонулган адабияттарКубаАтлантика океаныГаванаКариб деңизиКуба аралыЛатын АмерикасыТүндүк АмерикаФлорида кысыгыЮкатан

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Исак БекбоевЦивилизацияЭкосистемаАң-сезимПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыАнатомияЖыл сүрүү жадыбалыТуруктуу сөз айкаштарыДем алуу системасыОрозбак уулу СагымбайБайыркы кыргыздарМамлекетГепатитМодал сөздөрГенетика инженериясыЖөндөмө категориясыБириккен сөздөрКыргыз алфавитиИнтеграцияКан группаларыКакырык чыгаруучу дарыларКара кытайлар (кара кидандар)ОшТкандар (биологияда)ОрусияАлмамбеттин баяныЖергиликтүү өз алдынча башкарууКөбөйүүСынган кылычНаймандарКыргызстандын токойлоруБашкарууБасымКыргызстандын гербиКемтик сүйлөмМитозЗар-заманБашкы баракЛексикологияКурманбек эпосуЛирикаЖылуу-БулакЖүлүн нервдериМиң сомКеңештер БирлигиТоктоболот АбдумомуновКыргыздардын тарыхыЧубакАнтонимАктДидактикалык оюндарСюжеттин элементтериБүркүтАйлардын кыргызча аталышыМектепке чейинки тарбияСтильКыргыз жазмасыКурактык өзгөчөлүкГепатит АКөкө уулу ЖеңижокТаш дооруСуу ЧечекБийликтин бөлүнүү теориясыМанастын варианттарыЖүрөктүн ишемия оорусуПневмонияШабдан баатырАялдардын эл аралык майрамыОкутуунун принциптериМатериалдык активдерЫсык-Көл облусуТермелүү контуруНеологизмДинЭмгекГалактикаКичинекей ханзадаТоктогул Сатылганов🡆 More