Неон (лат.
10, ат. м. 20,183. Н. 1898-ж. У. Рамзай ачып, гр. Neos – жаңы деп атаган. 3 туруктуу изотоптон: 20Ne (90,92 % көлөмү боюнча ) 21Ne (0,257 %) жана 22Ne (8,92 %) турат. Анын жасалма изотоптору бардыгы тең өтө кыска, жашайт. Иондошуу энергиясы: Ne0® Ne2+ Ne3+ 21,56; 41,07 жана 640 (эв м-н) барабар. Ат. радиусу 0,160. Газдын тыгызд. 0,900035 г/л (0°С, 760 мм сым. мам.) Кайноо температурасы - 246°С); балкып эрүү температурасы -248,6°С (760 мм сым. мам.). Эрүү жылуулугу 81 ккал/моль. Суюк Н. тыгызд. 1,205 г/см3. Н. бир атомдуу газ. Кадимки шартта реакцияга кирбейт. Анын гидраты Ne×6H2O ж.б. бирикмелери алынган жана мындагы байланыш мол. күчтөр менен шартталган. Н. абадан алынат. Н. жер атм-сынын м. боюнча 4,6×10-4% түзөт. Н. электр техникасында лампаларды толтурууда, реклама жана сигналдык жарык берүүчү (неон – кызыл түс берет) электр приборлорунда, вакуумдук техникада, а түгүл Н. жарыгы караңгы туманда да өтө алыстан көрүнгөндүктөн маяктардагы Н. электр лампаларын толтурууда колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Неон, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.