Изотоптор (изо...
жана гр. topos орун) — элементтердин мезгилдик системасында бир орунда жайгашкан бир эле химиялык элементтин атом массасы менен айырмаланган түрлөрү. Изотоптордун атом ядросу бири биринен нейтрон саны менен айырмаланат, ал эми протондорунун саны бирдей. Нейтрон бейтарап бөлүкчө, ал ядронун зарядын өзгөртпөйт. Берилген элементтин изотопторунун химиялык касиеттери негизинен окшош, атом массалык санына жараша алардын ядро-физикалык касиеттери (ядронун туруктуулугу же туруксуздугу, жарым ажыроо мезгили ж. б.) түрдүүчө. Изотоптор туруктуу жана радиоактивдүү болуп айырмаланат. «Изотоптор» терминин 1910-ж. англиялык окумуштуу Ф. Содди киргизген. Изотопторду кыскача белгилөө үчүн химиялык элементтин символунун сол жак даражасына изотоптордун массалык саны көрсөтүлөт, мисалы,160, 170, 180 кычкылтек изотоптору.Шейхㅤᴀɪᴅᴀʀᴏᴠ
Калып:Chem-stub
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Изотоптор, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.