Бөрү Жатыш

Бөрү жатыш – тери жана былжыр челдин күдүрөйүп кычышма аллергия оорусу.

Дененин аллергия реакциясынан, айрым тамак-аш (жумуртка, бүлдүркөн, кожогат, шоколад, бал, балык), дары (антибиотиктер, сульфаниламиддер) жакпаганда жана сууктан да болот. Өнөкөт бөрү жатыш ички органдардын (боор, карын, ичеги, бөйрөк) ооруларына, зат алмашуунун бузулушуна, ичте мите курттардын болушуна же солгун өтүп жаткан өнөкөт сезгенүү ооруларына (тонзиллит, гайморит, отит жана башка) да байланыштуу. Ал капысынан башталат. Кол, бут, бетке ар түрдүү көлөмдө ачык мала кызыл, кээде ак түстө ортосу томпогой бүдүрлөр чыгат. Аябай кычышып, дүүлүктүрөт. Көп учурда бүдүрлөр бир нече сааттан кийин эле эч так калтырбай жок болуп кетет. Оорулуунун эти ысыйт, алы кетет. Кээде бөрү жатыш катуу кармап, жумшак таңдайдын, кулкундун, бронхтордун, ички органдардын былжыр чели шишип кетип, аба жетпей муунтат. Мындай учурда токтоосуз врач чакыруу керек. Бөрү жатышты врачтын көрсөтмөсү боюнча дарылайт. Мүнөздөп тамак ичип, аллергия пайда кылуучу тамак-аш, сүрсүгөн, туздалган тамакты жегенге болбойт. Катуу кармаган бөрү жатышта денеден аллергенди (тамак же дарыны) тез чыгаруу, суюктукту көп берүү керек.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Саспаев АманТоп гүлМурунХуннуОоз көңдөйүКыргыз тарыхы боюнча көөнө жазма булактарДаниель ДефоГерманияЭлектр каршылыгыКыргызстандагы корголуучу жайларАйгүл гүлүЭллинизмКараханийлер кагандыгыКош бойлуулукКүрөң аюуТеңир-ТооМанасчыАйлардын кыргызча аталышыАйтиев Гапар АйтиевичКараханийлер мамлекетиКан айланууСинтаксисЧанактууларБака жалбыракАйлана чөйрөнү коргооБалырларТекстКазакстанБайламтаЖүз сомСинонимЗат жана энергия алмашууТынчтык жөнүндө декретТолубай сынчыБириккен Улуттар УюмуЭфирлерБейишЭлектрЖети-СууКыздыкКубаттуулукGoogleКыргызстан отун-энергетика ресурстарыКыргызстан Олимпиада оюндарындаМеталл эместерКыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуТабигый ресурстарКыргыз автономиялуу облусуДүйнөнүн жети кереметиАдыгине (уруулук топ)ФранцияМундуз (уруу)Тиричиликтин пайда болушуНатуралдык санПсихологияКеңештер БирлигиЖер титирөөҮй-бүлөКанадаБеш миң сомБоорКыргыздын элдик музыкалык аспаптарыЖалал-АбадБиосфераБишкекТоо эчкиАнглияКөзТабият кырсыктарыЛандшафтЖүрөктүн ишемия оорусуЧакчылИса АхунбаевЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүСүйлөм мүчөлөрүЧабалекейлерБагынычсыз (тең байланыштагы) татаал сүйлөмЭлектролизЖөтөлгө каршы дарылар🡆 More