Немис тили, немец тили – немистердин, австриялыктардын жана швейцариялыктардын бир бөлүгүнүн тили.
Люксембургдагы расмий эки тилдин бири. Немис тилинде сүйлөөчү калктар КМШ өлкөлөрүндө, АКШ жана башка айрым мамлекеттерде жашашат. Инди-европа тилдеринин батыш герман тобуна кирет. Немис тилинин тарыхы байыркы, жогорку немис (8–11-кылым), орто жогорку немис (12–13-кылым), эртеги жаңы жогорку немис (14–16-кылым) жана жаңы жогорку немис 17-кылымдан баштап) тилдери деп 4 мезгилге бөлүнөт. Азыркы немец адабий тилинде 16 үндүү тыбыш, 3 дифтонг, 19 үнсүз тыбыш, 2 аффриката бар. Морфологиялык өзгөчөлүктөрү грамматикалык категориялар аркылуу туюнтулат. Жазмасы латын алфавитинин негизинде. Германия, Австрия, Швейцариядагы адабий тилдери өз ара айырмалуу. Ал айырма көбүнчө лексикадан жана сүйлөөдөн даана байкалат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Немис тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.