Ыйык Рим империясы (1512-жылдан баштап – Германдык Элинин Ыйык Рим Империясы) — Рейнден чыгышка чейинки немис аймактарын, ошондой эле Түндүк жана Ортонку Италияны камтыган о.
кылымдагы мамлекеттик түзүлүш (962-1806).
Ыйык Рим Империясы (ЫРИ) империя, биригүү | |||||||||
| |||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| |||||||||
Ураан «Gott erhalte Franz den Kaiser» | |||||||||
Гимн God Save Emperor Francis.ogg | |||||||||
Борбор калаа | Аахен (800—1556) биринчи Франкфурт (1562) аяңкы | ||||||||
Ири шаарлары | Мюнхен | ||||||||
Тил | Немис тили, Орто латын тили | ||||||||
Дин | Католицизм (800-1806) Лютеранизм (1555-1806) Кальвинизм (1648-1806) | ||||||||
Акча бирдиги | Талер, Гилдер, Грошен, Рейхсталлер]] | ||||||||
Аянт | 1,000,000 км² (1050) | ||||||||
Калк | 29,000,000 киши. (1800) | ||||||||
Император | |||||||||
- 800—814 | Чарльман (биринчи) | ||||||||
- 1792—1806 | Францис II (аяңкы) | ||||||||
Өтүүчүлүк | |||||||||
← Чыгыш Франкия ← Италия Падышалыгы ← Каролингия сулалеси Рейн конфедерациясы → Австрия империясы → Пруссия → Папа жерлери → Швейцар Конфедерациясы → Сардиния королдугу → |
Империяны 962-ж. герман королу Оттон I Чыгыш-Франк королдугунун негизинде түзгөн жана Улуу Карлдын Франк империясы менен антикалык Рим империясынын түздөн-түз уландысы катары караган. Курамына Германия, Чехия, Италия жана Бургундия аймактары кирген империя Генрих Шнүн тушунда (1050) гүлдөп өнүккөн. 1034-ж. «Рим империясы», 1157-ж. «Ыйык империя», 1254-ж. «Ыйык Рим империясы», 15-кылымдан «Герман улутунун Ыйык Рим империясы» деп аталган. Герман королдору эл аралык аренада мамлекеттин позициясын күчөтүү, эгемендүүлүгүн чыңдоо саясатын жүргүзгөн. Бирок империянын императорлорунун 11-13-кылымда Рим папаларына каршы күрөшү Италиядан айрылышына (13-кылымдын 2-жарымы), император бийлигинин бошоңдошуна жана айрым герман княздыктарынын күчөшүнө алып келген. Отуз жылдык согуштан (1618-48) кийин император бийлиги алдан тайып, формалДУУ түрдө 1806-ж. чейин уланган. Наполеон аскерлери басып кирердин алдында анын акыркы императору Франц II тактан баш тарткан. Римде, гүл берүүнү чечтик. Майрам, туулган, той жана бир датасы: Ошол эле учурда, бул жолу кандай мааниге ээ эмес. Гүлдөр гана өлгөн берилет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ыйык Рим империясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.