Нил Армстронг

Нил Олден Армстронг (англ. Neil Armstrong, 1930-жыл 5-август - 2012-жыл 25-август) - америкалык астронавт, инженер жана Айдын үстүндө баскан биринчи адам болуп калган.

Ошондой эле ал аэрокосмос инженери, аскердик учкуч, сыноочу учкуч жана университет мугалими болгон. Астронавт болгонго чейин Армстронг АКШ Деңиз аскеринде офицер болуп, Корея согушунда кызмат өтөгөн. Согуш бүткөндөн кийин ал өзүнүн бакалавриатын Пердү университетинен окуп алган. Улуттук абада сүзүү консултативдик комитетинин (NACA) Жогорку ылдамдыктагы учуу станциясында сыноо учкуч катары кызмат кылып, ал жерде 900дөн ашык ирет учкан. Ал кийинчерээк Түштүк Калифорния университетинде магистратуралык окуусун аяктаган.

Нил Армстронг
Нил Армстронг (1969).
Нил Армстронг
Нил Армстронг (1969-жылы 21-июлда).

АКШнын Аба күчтөрүнүн Космостогу адам жана X-20 Dyna-Soar программаларына катышкан Армстронг 1962-жылы NASA'нын Астронавт корпусуна кошулган. Ал 1966-жылы март айында Жемини-8дин башкы учкучу катары биринчи жолу космоско чыгып, NASA'нын космоско учкан биринчи жарандык астронавты болуп калган. Ал учкуч Дэвид Скотт менен алгачкы жолу эки космостук кемени жалгаштырган. Бул миссия биринчи космостук чукул кырдаалдагы токтоп калган кыймылдаткыч менен шартталган кооптуу бурулуштун алдын алыш үчүн күйүүчү майынын бир бөлүгүн Армстронг колдонуп койгон соң токтоп калган.

Армстронг Аполлон 11дин командачысы катары экинчи жана акыркы жолу космоско учуусу менен 1969-жылы алгачкы жолу Айга конуу миссиясы аткарылган. Армстронг жана Ай модулунун учкучу Базз Олдрин Айдын үстүнө конушуп, космостук кеменин сыртында эки жарым саат өткөрүшкөн. Ал эми Майкл Коллинз Комманда/Тейлөө модулу менен Ай орбитасында туруп турган. Коллинз жана Олдрин менен бирге Армстронг президент Ричард Никсон тарабынан президенттик Эркиндик медалы менен сыйланышкан. Президент Жимми Картер 1978-жылы Армстронгго конгресстик Ардактуу космостук медал тапшырган. Армстронг менен анын мурдагы кемелештерине 2009-жылы Конгресстин алтын медалы ыйгарылган.

Армстронг Огайонун Синсиннати жергесинде коронардык артериясына операция жасоонун татаалдыгынан кийин 82 жашында, 2012-жылдын 25-августунда дүйнө салган.

Өмүр таржымалы

Сыйлыктары

Колдонулган адабияттар

Шилтемелер

Tags:

Нил Армстронг Өмүр таржымалыНил Армстронг СыйлыктарыНил Армстронг Колдонулган адабияттарНил Армстронг ШилтемелерНил АрмстронгАмерика Кошмо ШтаттарыАнглис тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

АрстанбапГүлФевраль революциясы (1917)МамлекетАдеп тарбиясыКыргыз АССР Эл Комиссарлар Совети (ЭКС)Тоо арасында (роман)АлюминийАнтропогендик факторлорВольфганг Амадей МоцартКыргыз Ала-ТооМүнөз (психология)Кыргыздардын тарыхыПсихологияАксонометрияЩелочтуу жер металлдарыАксонометриялык проекцияларГепатитИбраев, ЭсенгулКыргыз тилинин жазуу эрежелериУсун мамлекетиКыргыз Республикасынын экономикасыЖер-суу реформаларыИнтернетКурманбек эпосуКлетка теориясыСөздүн маанисиМакмал алтын кениЭр ТабылдыАбдырахман Кучак уулуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыТынч океанКубанычбек МаликовМамлекеттик башкарууКыргызстандын гербиБышыктоочБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдарАтама сүйлөмРиторика.Риторика илими.АйкындоочКөкөтөйдүн ашыКыргыз оюм чийимдериСеметей эпосуТактоочЭтишЖумурткаКоёндор жапайыАлфавитПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруАбанын булганышыЧагылганКошойКийим-кечеМодал сөздөрӨсүмдүкТоктоболот АбдумомуновШүкүрбеков РайканХлорТайлак баатырЧыңгыз ханУсубалиев Турдакун УсубалиевичМакал лакапТүндүк Тянь-Шань рельефинин калыптанышы жана тектоникасыБүбүсара БейшеналиеваЭхинококкозСабат ачууЖусуп АбдрахмановДемократияКүн тутумуКененсарынын чапкыныЭлектр зарядыАфрикаЖыл мезгилдери1930Бака жалбыракОмонимдерБектурсун Алымов🡆 More