Космонавтика

Космонавтика (astronautics) – космос мейкиндигине учуу; космоско учуучу аппараттарды пайдалануу менен космосту, жерден тышкаркы объектилерди изилдөөчү жана өздөштүрүүчү илим менен техника тармактарынын жыйындысы.

Космонавтика
Жердин биринчи жасалма спутнигинин макети

Космонавтика төмөнкү проблемаларды камтыйт: космостук учуу теориялары – траекторияны эсептөө жана башка; илимий-техникалык – ракеталарды, кыймылдаткычтарды, башкаруунун борттук системаларын, автоматтык станцияларды жана космос кемелерин, илимий борборлорду конструкциялоо, траекториялык ченөө жүргүзүү жана башка; медициналык-биологиялык – тиричиликти камсыз кылуучу борттук системаларды түзүү, адам организмине таасир этүүчү кошумча иш, салмаксыздык, радиация менен байланышкан жагымсыз кубулуштарды компенсациялоо жана башка; укуктук эл аралык – космос мейкиндигин жана планеталарды пайдалануу маселелерин укуктук жөнгө салуу.

Космос заманынын башталышы – 1957-ж. 4-окт. (Жердин жасалма жандоочусун учуруу, СССР), адамдын космоско биринчи учушу – 1961-ж. 12-апрель (Ю. А. Гагарин, СССР), адамдын Айга биринчи конушу – 1969-ж. 21-июль (Нил Армстронг, Э. Олдрин, АКШ).

1982-ж. карата 3000дей космоско учуучу аппараттар учурулган, учкуч башкаруучу 80ден ашык учуулар ишке ашырылган, автоматтык аппараттар менен Марс, Чолпон, Меркурий, Юпитер, Сатурн жана башка планеталар, ошондой эле Күн изилденүүдө, Ай экспедициясы жүргүзүлгөн, орбиталык станциялар, Жердин жасалма спутниктери пайдаланылууда. Жердин табигый байлыктары изилденип, аны картага түшүрүү жүргүзүлүп, метеорологиялык кубулуштар изилденүүдө. Космонавтика илим менен өндүрүш прогрессин жөндөп турат.

Колдонулган адабияттар

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек, Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов

Tags:

Жер

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ОрганизмТишЖөндөмө категориясыИлбирсМурунЖерБоз үйдүн негизги жабдууларыКыргыз элинин калыптанышыКиловаттТаттыбүбү ТурсунбаеваТамак сиңирүүКыргыз урууларыАзот кислотасыТүлөбердиев ЧолпонбайОкутуу технологиясыПоэзия (ыр)Социалдык тармакРадиоактивдүүлүкИнтервьюИнтернетКанадаДезинфекцияТермелүү кыймылыЖарандык согушДүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүүсүНеологизмдерАрабдар“Алтын кыз” (драма)СүрөЭлектр тогуНасирдин ИсановШатман СадыбакасовХимиялык элементМаданий өсүмдүкКыргызстандын географиясыСөөк системасыБайдылда СарногоевМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыСатираЭмгек укугуӨнөр жайМолекулаКездемеАялдардын эл аралык майрамыБруцеллёзБайламтаМолдо КылычКоло дооруКыргыз эли колдонгон жазууларАфрикаКараханийлер кагандыгыСаякЭмгекГүлСуутекКиринди сүйлөмКошойАлчаКөп маанилүү сөздөрГезитКыргыз Республикасынын Кызыл китебиИнтонацияДифференциацияланган окутууКыргызстан тарыхыКасымалы БаялиновНеологизмСуу сактагычЖибекРуханий маданиятКүн системасыСолтоВирусШтат (АКШ)Бийликтин бөлүнүү теориясыХунАбанын булганышы🡆 More