Кабылан, леопард (лат.
Дене узундугу 170 смге, куйругу 103 смге, эркегинин салмагы 110 кгга жетет, ургаачысы кичирээк. Денеси булчуңдуу, буттары кыска, жүнү жыш, сары же сары кызыл түстө, кара тактары бар. Африкада, Кавказда, Түштүк Азияда, Түркмөнстандын тоолорунда, Тажикстандын түштүгүндө, Уссури крайында жолугат. Чытырман токойлордо жана түздүктө, суу жээктеринде, калың өсүмдүктөрдүн арасында жашайт. Бугу, тоо эчки ж. б. туяктуулар менен азыктанат. Айрым учурда үй жаныбарларына (кой, жылкы, ит), ошондой эле куштарга да кол салат. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кабылан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.