Убакыт Алкагы

Убакыт алкагынын эки негизги түшүнүктөрү бар:

  • Географиялык убакыт алканы — жердин бетинин туурасы 15°ка туура келген шарттуу тилкеси (ортолук меридианга караганда ± 7,5°ка)

Гринвич меридианы - убакыт алкагынын орточо нөлдүк меридианы болуп эсептелинет.

  • Административдик убакыт алкагы — атайын бир мыйзамдарга ылайык белгилүү бир убакыт бекитилген жер бетинин аймактары. Бул түшүнүккө дагы датанын дал келиши деген түшүнүк да кирет. Мында, эгер, UTC−10:00 жана UTC+14:00 убакыт аралыктары аларда күндүн бирдей убактысы болгондугуна карабай ар кандай деп эсептелинет.
    Убакыт Алкагы
    Убакыт алкагы

Убакыт алкактарынын түзүлүүсү бир жагынан Жердин өз огунда айланышын эске алуу менен, экинчи жагынан аймактардын жергиликтүү бирдей күн убактын айырмалары бир саатка калдыксыз бөлүнгөндөй кылып аныктоосу менен байланыштуу. Жыйынтыгында 24 административдик убакыт алкактары болуусу жана алардын ар бири географиялык убакыт алкактарына аздыр-көптүр дал келиши керек деп чечилген.

Эсептөө чекити болуп Гринвич меридианы алынган. Себеби ал нөлдүк меридиан, нөлдүк убакыт аралыгынын ортосу.

Азыркы кезде убакыт координацияланган дүйнөлүк убакыт боюнча орнотулат (UTC), ал убакыт Гринвич убакытынын ордуна киргизилген (GMT).

UTC шкаласы атом убактысынын бирдей калыпта орнотулган убакытка (TAI) жана таянат, жөнөкөй адамдарга колдонууга ылайыкташтырылган. Убакыт алкактары Жер шарынын оң (чыгышка карай) жана терс (батышка карай) деп нөлдүк меридианга карата түшүндүрүлөт. Жайкы убакытка которгон аймактарга UTCтин жайкы убакытка которулбайт.

Убакыттын чектөөнүн себептери

Азыркы убакыт алкагынын заманбап системасынын негизин дүйнөлүк убакытты координциалоо болуп эсептелинет. Андан баардык алкактардын убактысы түзүлгөн. Жердин узактыгынын ар бир градусуна (же мүнөтүнө) карай бөлбөө үчүн Жер бети 24 убакыт алкагына бөлүнгөн. Бир алкактан экинчи алкакка өтүүдө мүнөт жана секунда өзгөрүлбөйт, болгону сааттын мааниси өзгөрөт. Бүткүл дүйнөлдүк убакыттан сааттары гана айырмаланбастан, мүнөттүк көрсөткүчү да 30 же 45 мүнөткө өзгөргөн өлкөлөр бар.

Жайкы убакыт

Жайкы убакытка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү колдонуп келет. Ага өтүүдө өздүк убакыттын дүйнөлүк убакытка карата өзгөрүлөт. Жана дагы жайкы убакытка өтүү жана кайра аны өзгөртүү баардык эле жерде бир убакытта жүрө бербейт. Эгерде түштүк жарым шарда жай болсо, түндүк жарым шарда кыш, жана тескерисинче болот.

Декреттик убакыт

Декреттик убакытСССРде 19301931-жылдары киргизилген убакытты «алкактык убакытка дагы бир саат» деген система боюнча эсептөө тартиби.

Ар кайсы өлкөлөрдөгү убакыт алкактары

Кээ бир өлкөлөрдүн аймагында бир нече убакыт алкактары бар. Ал эми деңиздеги, океандагы ээликтери менен кошо кандайдыр бир өлкөлөр да бир нече убакыт алкактарына кирет:

Көпчүлүк өлкөлөр (Улуу Британия жана Франция дагы, деңиздеги ээликтеин кошпогондо) бир эле аралыкта жайгашкан. Кээ бир мамлекеттер узун жана чоң болгону менен, бир гана убакыт алкагын колдонушат. Мисалы Кытай беш географиялык алкакта жайгашканы менен, бирдиктүү Кытай убактысы менен.

Кээ бир өлкөлөрдүн аймагындагы административдик-аймактык бирдиктер эки же андан көп убакыт алкактарын колдонушат. Мисалы, Орусиядагы Якутия жана Канададагы Нунавут аймагы үч убакыт алкагын колдонушат.

Бир нече убакыт алкагы бар өлкөлөрдүн тизмеси

Өлкө Убакыт алкактарынын

саны

Эң батыштык

убакыт алкагы

Эң чыгыштык

убакыт алкагы

Жайкы убакытка өтүү
Убакыт Алкагы  Бразилия 3 UTC−4 UTC−2 Көпчүлүк бөлүгүндө алынып алынган
Убакыт Алкагы  Улуу Британия 8 UTC−8 UTC
Калып:Өлкө желеги/Гренландия 4, жайында 3 UTC-4 UTC Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Дания 5 UTC-4 UTC+1
Убакыт Алкагы  Конго Демократиялык Республикасы 2 UTC+1 UTC+2 Эч качан болгон эмес
Индонезия 3 UTC+7 UTC+9 Эч качан болгон эмес
Убакыт Алкагы  Испания 2 UTC UTC+1
Убакыт Алкагы  Казакстан 2 UTC+5 UTC+6 Алынып салынган
Убакыт Алкагы  Канада 6 UTC−8 UTC−3:30 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Убакыт Алкагы  Кирибати 3 UTC+12 UTC+14 Эч качан болгон эмес
Убакыт Алкагы  Мексика 4 UTC−8 UTC−5 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Убакыт Алкагы  Микронезия Федеративдик Штаттары 2 UTC+10 UTC+11 Эч качан болгон эмес
Убакыт Алкагы  Монголия 2 UTC+7 UTC+8 Колдонулат
Убакыт Алкагы  Нидерланддар 2 UTC-4 UTC+1
Убакыт Алкагы  Жаңы Зеландия 2 UTC+12 UTC+12:45 Колдонулат
Убакыт Алкагы  Португалия 2 UTC-1 UTC
Убакыт Алкагы  Орусия 11 UTC+2 UTC+12 Алынып салынган
Убакыт Алкагы  АКШ 6 UTC-10 UTC-5 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Убакыт Алкагы  Украина 2, жайында 1 UTC+2 UTC+3 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Убакыт Алкагы  Франция 12 UTC-10 UTC+12
Убакыт Алкагы  Чили 2 UTC-5 UTC-3 Алынып салынган
Убакыт Алкагы  Эквадор 2 UTC-6 UTC-5

Убакыт алкагынын тизмеси

Порт-Морсби) (Kilo)

  • UTC+10:30 — Австралиянын бир бөлүгү
  • UTC+11 —Орто Колымдык убакыт, Борбордук-тынч океан убактысы (Соломон Аралдары, Жаңы Каледония) (Lima)
  • UTC+11:30 — Норфолк аралы (Австралия)
  • UTC+12 — Камчатка убактысы, Маршал аралдары, Фиджи, Жаңы Зеландия (Mike)
  • UTC+12:45 — Чатем архипелагы(Жаңы Зеландия)
  • UTC+13 — Самоа, Тонга
  • UTC+13:45 — Чатем  архипелагындагы жайкы убакыт (Жаңы Зеландия)
  • UTC+14 — Лайн аралдары (Кирибати)

Кашаанын ичинде убакыт зоналарынын аббревиациясы көрсөтүлгөн

Tags:

Убакыт Алкагы Убакыттын чектөөнүн себептериУбакыт Алкагы Жайкы убакытУбакыт Алкагы Декреттик убакытУбакыт Алкагы Ар кайсы өлкөлөрдөгү убакыт алкактарыУбакыт Алкагы Убакыт алкагынын тизмесиУбакыт Алкагы

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КосмосКыргыз Ала-ТооКыргыздын элдик музыкалык аспаптарыДиалектЗаара бөлүп чыгаруу системасыИндустриялаштырууЖугуштуу ооруларКененсарынын чапкыныКонфуцийТөрөтДилбаянЫктымалдуулук теориясыЖусуп МамайАк кеме (чыгарма)“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясыКошмок сөздөрБарсбек каганБеларусьТоголок МолдоАта-БейитАвстралияАйгүл гүлүНеологизмАнглияКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыЖукеев ТабылдыСалыкГлобалдык көйгөйлөрЖаратылышты коргооДан өсүмдүктөрүЖердин магнит талаасыАлмаБалбай баатыр Эшкожо уулуҮй-бүлөАраб халифатыСулайман-ТооЖазгыч акындарБоз үйдүн негизги жабдууларыЛексикологияДарыяИса АхунбаевКыргыз тилинин жазуу эрежелериКөк жөтөлБоз үйдүн ички жасалгасы24-апрельКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаМанасчыАзот«Манасчылар»Түгөлбай СыдыкбековКүндөрдүн аталышыНарын облусуПрозаКыргыз ашканасыЖылкыДмитрий ШостаковичАлгоритмЖеңиш чокусуБанкБурана (мунара)Кокон хандыгыЭнесай кыргыздарыПолот ханМифМанап бийТөрт бурчтукАлай тоо кыркасыКыргыз аттарыСтамов АсанбекАтом физикасыАбанын булганышыШатман СадыбакасовИскактын көтөрүлүшү (1873–75)Тоголок Молдонун чыгармаларыСөз🡆 More