Будапешт — Венгрия Республиканын борбору.
Пешт медьесинин администрациялык борбору. Дунай дарыянын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Өзүнчө администрациялык-аймактык бирдик. Калкы 1,7 млн (2012). Ири жолдор тоому.
Будапешт | |||
Budapest | |||
| |||
Өлкө | Венгрия | ||
---|---|---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |||
Мурунку аталышы | Буда, Пешт жана Обуда | ||
Аянты | 525,14 | ||
Бийиктиктиги | 102 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны | 1 744 665 (2014) | ||
Жыштыгы | 3305,23 адам/км2 | ||
Улуттук курамы | венгрлер — 91,2 % | ||
Этнохроним | будапешттик, будапешттиктер | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | +1 | ||
Телефон коду | +36 1 | ||
http://www.budapest.hu/ |
1148-жылдан белгилүү болуп, ал тарыхый 3 бөлүктөн (Пешт, Буда, Обуда) турат. 1872-ж. алар Будапешт болуп бир шаарга бириктирилген. 1241-ж. Буда, Обуда, Пешт моңгол баскынчылары тарабынан талкаланган. 1242-жылдан Буда венгр королдорунун туруктуу резиденциясы, 1350-жылдан Венгр королдугунун борбору. Буда, Обуда жана Пешт 1541–1686-ж. Осмон империясынын, 18-кылымдын башында Габсбургдардын бийлиги астында болгон. 1867-жылдан Венгрия королдугунун, 1918-ж. көз каранды эмес Венгр мамлекетинин борборуна айланган. 1944-ж. мартта немец аскерлери тарабынан оккупацияланып, 1945-ж. февралда советтик аскерлер бошоткон. 1918-жылдан Венгрия Республикасынын борбору. Өлкөнүн башкы саясий, илимий, экономикалык жана маданий борбору. Эл аралык аэропорту бар. Будапештте Венгриянын өнөр жайынын 30%и жайгашкан. Машина куруу (прибор, трактор кураштыруу, транспорттук, электр-техникалык), текстиль жана химиялык өнөр жайы өнүккөн. Тамак-аш, фармацевтика, резина, кийим тигүү, полиграфия ишканалары иштейт. Венгрия ИА, университет, Ф. Лист атындагы музыкалык академия, Улуттук галерея, Сүрөт искусство музейи, Улуттук искусство, этнографиялык жана тарых, Чыгыш-Азия музейлери, театрлар бар. Будапештин негизги бөлүгү тоолуу Буда (оң жээк) жана түзөңдүү Пештте (сол жээк) жайгашкан. Буда Будапештин тарыхый очогу, анда 13–19-кылымдын архитектура эстеликтери басымдуу келип, алар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаарды бошоткон Советтик жоокерлерге Боштондук эстелиги тургузулган (1947). Пештте соңку жана азыркы курулмалар бар. Негизги өнөр жайлуу райондору Дунайга жанаша жайгашкан (Чепель, Уйиешт жана башка). Метрополитен иштейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Будапешт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.