Гавайи аралдары, Сандвич аралдары Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү архипелаг; АКШнын Гавайи штаты.
Аянты 16,7 миң км2. Калкы 1183 миң (1996). Административдик борбору Гонолулу (Оаху аралында). 3600 км аралыктагы 24 жанартоо жана шуру (коралл) аралдарынан (ирилери Гавайи, Мауи, Молокаи, Оаху) турат. Эң бийик жери 4205 м (Мауна-Кеа аракеттеги жанартоосу). Гавайи аралында Мауна-Лоа жана Килауэа аракеттеги жанартоолору жайгашкан. Климаты тропиктик пассаттык. Жылдык орт. температурасы 18°Сден (февраль) 25°Сге (август) жетет. Жаан-чачыны 3500-4000 ммден 12500 ммге чейин. Нымдуу тропик токою, саванна өсөт. Өсүмдүк түрүнүн 90%тейи эндемик. Балкамыш, ананас, кофе жана башкатропик өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Гүл өстүрүү, туризм өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гавайи аралдары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.